ИНДЕЙ ТИЛДЕРИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНДЕЙ ТИЛДЕРИ – Америка аборигендеринин (эскимос, алеуттардан башка) тили. Генетика­лык байланыштарына карай негизги уяларга бөлүнөт: 1) на-дене, тлингит ж-а хайда; 2) ал­гонкин-ритван; 3) пенут ж-а айрым илимпоз­дордун пикири б-ча, орегон-пенут; 4) хок уясы; 5) каддо-ирокез; 6) сиу уясы ж-а ага жакынкы ючи тилдери; 7) мускоги-натчез; 8) юта-ацтек; 9) майя-соке уясы ж-а ага жакын тилдер – шин­ка ж-а тотонак; 10) отоманг; 11) чибча; 12) ара­вак; 13) кариб; 14) кечуа-аймара; 15) же; 16) ту­пи-гуарани. И. т-нин көбү жазмасыз. Байыркы иероглиф жазуусун майя, сапотек, куна ж-а аймара тилинде сүйлөгөндөр колдонгон. Евро­па колониячылары басып алгандан кийин, ац­тек, кечуа сыяктуу тилдегилер латын жазма­сына өткөн. Адабий тилге айлангандары – гуа­рани, кечуа ж-а бир аз аймара тилдери.