ИНДИВИД

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНДИВИ́Д (лат. individuum – бөлүнбөс, особь, гр. атом) – 1) особь, ар бир өзүнчө жашаган орга­низм; 2) жеке адам; инсан. Топтон, массадан айрым тирүү жандыктын, особдун бөтөнчөлүгүн, айрым адамдын жамааттан, социал. топтон, а түгүл бүтүндөй коомдон айырмачылыгын бел­гилөө үчүн колдонулат. И. м-н коом индиви­дуализмдин ар түркүн концепцияларынын баш­тапкы пункттарын түзүшөт. И. – индивидуал­дуулуктун синоними.