ИНДИГИРКА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНДИГИ́РКА – Россиядагы дарыя. Якутиянын чыгышында. Уз. 1790 км, алабынын аянты 362 миң км2. Хастах ж-а Тарын-Юрях д-нын ко­шулушунан түзүлөт. Жогорку бөлүгү Оймякон тайпак тоосу, андан ары кууш капчыгай аркы­луу Черский кырка тоосун кесип өтүп, босого­лорду пайда кылат; төмөн жагында Яна-Инди­гирка ойдуңу м-н агып, Чыгыш Сибирь деңизи­не куят (дельтасынын аянты 5,5 миң км2). Не­гизги куймалары: Селеннях, Уяндина, Аллаи­ха, Бёрёлёх (сол), Мома, Бадяриха (оң). Орт. чы­гымы 1850 м3/сек (эң чоң чыгымы 11 500 м3/сек, эң азы 3,2 м3/сек). Жылына 13,7 млн т шилен­ди агызып келет. Октябрдан майдын аягы – июндун башына чейин тоңот. Айрым жери (Чо­курдах ж. б.) тоңуп, суу акпай калат; чоң та­рындар пайда болот. Мома д-нын чатына чейин (1154 км) кеме жүрөт. Негизги пристандары: Хонуу, Дружина, Чокурдах, Табор. Чатында балык промысели (ряпушка, чир ж. б.) бар.