ИНДИЙ
И́НДИЙ (лат. Indium), In – элементтердин мезгилдик системасынын III тобундагы хим. элемент, катар н. 49, ат. м. 114,82. Табиятта 2 изотобу кездешет: 113In ж-а 115In. 1863-ж. немис илимпоздору Ф. Райх ж-а Т. Рихтер ачышкан.
Чачыранды элементтерге кирет. Жер кыртышында таралышы 1,4 10–5% түзөт. Негизги минералдары: CuInS – рокезит, FeIn2S4 – индит, In(OH)3 – жалиндит ж. б. И. – күмүштөй ак түстөгү, өтө жалтырак, жумшак металл, тыгыздыгы 7,31 г/см3, б. эрүү t 156,78°С, кайноо
t 2024°С. Бирикмелеринде +1, +2, +3 окистенүү даражасын көрсөтөт. Бөлмө темп-расында абада туруктуу, HCl, H2SO4, HF, CH3COOH ж-а
H2C2O4 к-талары м-н жай, ал эми HNO3 м-н
тез аракеттенет. Жегичтер м-н аракеттенишпейт.
Кадимки темп-рада же бир аз жылытканда хлор, бром м-н, ысытканда йод, кычкылтек м-н реакцияга кирет. Суутек ж-а азот м-н реакцияга кирбейт. И. табиятта түстүү металлдардын кен таштарынан (рудаларынан), таза И. анын хлорид, сульфат туздарын же гидроксидинин суудагы эритмелерин электролиздөөдөн алынат: 2InCl3=2In+3Cl2. Анын спектринин индиго боё-
гундай көк түстө болгондугуна байланыштуу
«И.» деп аталган. Күзгү, зергер буюмдарын жасоодо, рефлекторлордо, прожекторлордо, электроника ө. ж-нда, коррозияга туруктуу материал ж-а прибор чыгарууда колдонулат.