ИНДИКАТОР
ИНДИКА́ТОР (лат. indicаtor – көрсөтөм, аныктайм) – процессти же байкалуучу объектинин абалын ж-а анын сан ж-а сапат мүнөздөмөлөрүн адамдын кабыл алуусуна ыңгайлуу формада чагылдыруучу прибор, түзүлүш же элемент. Сигнал адамдын сезүү органдарына таасир этишине жараша: көрүү, акустикалык, тери сезимдик ж. б. болуп бөлүнөт. Информациянын 90%и адамдын көрүү сезими м-н кабыл алынат. Акустикалык И. объект начар көрүнгөндө пайдаланылат. Тери сезим И-у келген сигналга адамдын тез реакциясы керек болгон учурда көрүү сезими м-н бирге колдонулат. Жөнөкөй түзүлүштөгү сигналдык И-лорго сигналдык лампа, конгуроо ж. б. кирет. Ченелүүчү же текшерилүүчү чоңдуктардын (убакыт, аралык, багыт, ылдамдык, чыгым, темп-ра ж. б.) сан маанисин көрсөтүш үчүн жебелүү И. пайдаланылат. Сандуу И. – информациянын так санын билдирүүчү барабан түрүндөгү эсептегич же проекциялык прибор. Көрсөтмө И. объектинин мейкиндиктеги абалын аныктоочу чоңдуктардын өзгөрүшүн электрон-нур түтүгүнүн экранында график же ийри сызык түрүндө көрсөтөт. Проекциялык И. проекциялоочу түзүлүштөрдөн ж-а экрандардан турат да татаал ж-а түрдүү көп маалыматтарды чагылдырат. Айкалышкан И. калканчтын бетинен же оператордун пультунан көрүү үчүн кызмат кылат. Мындай И. самолётторду түн ичинде кондурууга жардам берет. И. ил.-из. ишинде, техникада, үй-тиричилигинде кеңири пайдаланылат.