ИНДИКЫТАЙ
ИНДИКЫТАЙ – Азиянын түш.-чыгышындагы
жарым арал. Аянты 2 млн км2 чамасында. Батышынан Бенгал булуңу, Андаман деңизи ж-а Малакка кысыгы, чыгышынан Түш. Кытай деңизи ж-а анын булуңдары – Сиам, Бакбо м-н
чулганат. Түн. чеги Ганг ж-а Брахмапутра д-нын дельтасынан Хонгха д-нын дельтасына
чейин шарттуу жүргүзүлөт. Кра мойногунан түштүккө карай Малакка ж. а. созулуп жатат.
Чыгыш чеги тегиз келип, батышында булуңдар, жээк бойлото жаткан аралдар көп. Көп бөлүгү тоолуу, кырка тоолордун көбү меридиан ж-а субмеридиан багытта жайгашкан. Батышында Ракхайн (Аракан) тоолору (бийикт. 3053 мге чейин, Виктория чокусу), борб. бөлүгүндө Шань тайпак тоосу ж-а Танентаунжи кырка тоосу (Малакка ж. а-на чейин созулуп жатат), чыгышында Чыонгшон (Аннам) тоолору жайгашкан. Алар кеңири өрөөндөр (Иравади, Менам, Кампучия) ж-а плато (Корат) аркылуу бөлүнгөн. Ж. а-дын басымдуу бөлүгүн палеозой ж-а мезозой бүктөлүштөрү, борб. ж-а түш.-чыгыш бөлүгүн Инди-Сина ортолук массиви, батыш бөлүгүн кайнозой бүктөлүү облусу ээлейт. Калай м-н вольфрамдын ири кендери (негизинен Малакка ж. а-нда) бар. Климаты субэкватордук муссондук, Малакка ж. а-нда – экватордук. Түздүктөрдө абанын орт. темп-расы 20°Сден төмөндөбөйт, жайында 27–30°Сге чейин; тоолордо 15°Сге чейин ж-а андан да төмөн. Жылдык жаан-чачын тоолордун батыш айдарым капталдарында 2500–5000 мм (көбү жайында), ички аймактарында – айрым жерлерде 1000 ммден аз, чыгыш деңиз жээктеринде – 2000 ммге чейин (көбү кышында). Ири дарыялары: Меконг, Иравади, Салуин, Менам-Чао-Прая. Сугатка кеңири пайдаланылат. Эң ири көлү – Тонлесап. Токой басымдуу: тоолордун айдарым капталдарында аралаш нымдуу тропик, деңиз
жээгиндеги саздак жерлерде мангр токою, кургакчыл ички аймактарында бадалдар, жалбырагы күбүлмө сейрек токой өсөт. Түздүктөрү айдалган. Аймагында Малайзия, Бангладеш, Вьетнам, Лаос, Мьянма, Таиланд, Камбожа мамлекеттери жайгашкан.