ИНДИ ЖАЗУУСУ
ИНДИ ЖАЗУУСУ – теги ж-а алфавиттеринин түзүлүш тартиби б-ча жалпылыгы бар жазмалардын кеңири тобу. Индия, Бангладеш, Пакистан, Непал ж-а Шри-Ланкада, о. эле Тибетте, Борб. Азияда, Бирмада, Инди-Кытай ж. а-нда ж-а Индонезияда колдонулат. Будда дини ж-а ад-ты м-н кошо таралган. И. ж-нун байыркы түрү – иероглиф жазуу б. з. ч. 3–2-миң жылдыкта эле Индияда пайдаланылган. Бирок аны окуп түшүнүү кыйын. И. ж-ндагы эстеликтерден (б. з. ч. 3-к.) окулганы муун жазуусу – брахми гана. Брахминин негизинде И. ж-нун үч бутагы калыптанган: түн., түш., түш.-чыгыш. Түн. бутакка г у п т (6–10-к-да колдонулган), т и б е т (7-к-дан тартып), н а г а р и (7–8-к., соңку формасы – д е в а н а г а р и), ш а р а д а, н е в ар и (12-к-дан тартып) жазмалары кирет. Түш. бутак жалгыз гана г р а н т х а жазмасынан турат. Ал 5–6-к-дан тартып өрчүгөн, аны Түш. Индиянын азыркы к а н н а д а, т е л у г у, м а л а я л, т а м и л деген адабий тилдери колдонот. Түш.-чыгыш бутак – көбүнчө байыркы палий графикасынын негизиндеги жазмалар: сингал, бирма, кхмер, лаос, тай, инди-кытай байыркы жазмалары ж. б.