ИНДИ ОКЕАНЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНДИ ОКЕАНЫ Жер шарындагы океандардын ичинен чоңдугу б-ча Тынч, Атлантика океанда­рынан кийинки 3-орунда. Аянты (деңиздери м-н) 76,17 млн км2. Басымдуу бөлүгү Түш. жа­рым шарда жайгашкан; түндүгүнөн Азия, ба­тышынан Африка, чыгышынан Австралия, түштүгүнөн Антарктида м-н чектешет. Түш.-ба­тышынан Атлантика, чыгышынан ж-а түш.- чыгышынан Тынч океандары м-н туташат. Орт. тереңдиги 3711 м, суусунун орт. көлөмү 282,7 млн км3. Түн. ж-а түн.-чыгыш жактарында гана И. о-нын деңиздери (Кызыл, Андаман, Араб, Тимор, Арафура) ж-а ири булуңдары (Аден, Оман, Перс, Бенгал); түш. бөлүгүндө Карпента­рия, Чоң Австралия, Спенсер, Сент-Винсент ж. б. булуңдар, эң түштүгүндө антарктикалык деңиз­дер (Рисер-Ларсен, Космонавттар, Ынтымак, Дейвис, Моусон, Дюрвиль) жайгашкан. Мате­риктен бөлүнүп калган эң ири а р а л д а р ы (Мадагаскар, Шри-Ланка, Сокотра) жээкке жа­кын орун алган. Океандын ачык бөлүгүндө жа­нартоо аралдары – Маскарен, Комор, Андаман, Никобар, Сейшель ж. б. орун алган. Тропиктик кеңдиктердеги жанартоо конустарында шуру аралдары – Мальдив, Лаккадив, Чагос, Кокос­туу ж. б. көтөрүлүп жатат.
Т а м а н ы н ы н р е л ь е ф и. И. о-н жээктей материктик тайыздыктын кууш тил­кеси (100 мге чейин) жайгашкан. Анын сырткы чети 200 м, Антарктидага жакын ж-а Австра­лиянын түн.-батышында 300–500 мге чейин те­реңдикте жатат. Материктик каптал Инд, Ганг ж. б. дарыялардын каньондору ж-а өрөөндөрү м-н тилмеленген. Океандын түн.-чыгыш бө­лүгүндө Зонд аралдар догоосу, ага туташ терең­диги 7729 м келген Зонд кобулу (И. о-нын эң терең жери) жатат. Океан таманы кырка тоо­лор ж-а жалдар аркылуу чуңкурдуктарга (Борб., Батыш Австралия, Африка-Антарктида ж. б.) бөлүнгөн. Суу асты кырка тоолордон Чыгыш Инди кырка тоосу меридиан багытында созу­луп (уз. 5000 кмден ашык), түндүгүндө кеңдик багыттагы Батыш Австралия кырка тоосу м-н туташат. Океан ортолук кырка тоосу океандын борб. бөлүгүнөн үч тармакка – түн. (Араб-Инди кырка тоосу), түш.-батыш (Батыш-Инди ж-а Африка-Антарктика кырка тоолору) ж-а түш.- чыгышка (Борб. Инди ж-а Австралия-Антарк­тика кырка тоолору) ажырайт. Океан таманын­да жанартоонун атылышынан пайда болгон ай­рым тоолор (Бардин, Щербаков, Лена ж. б.) бар. Фораминиферлер (материктик капталдарда, кырка тоолордо ж-а чуңкурдуктардын таманын-


да), диатом (50° түш. кеңдиктен түштүгүрөөктө) ж-а шуру (коралл) чөкмөлөрү басымдуу. Кен бай лыктары: шельфтерде нефть ж-а газ (к. Перс булуңу нефть жана газ бассейни), монациттүү кумдар, рифт зоналарында – хром, темир, мар­ганец, жез ж. б. кенташтар. Таманында темир­марганецтүү конкрециянын зор запасы бар.
И. о-нын түн. бөлүгүнүн к л и м а т ы н а Азиядагы жогорку ж-а төмөнкү атм. басымдын мезгил б-ча алмашуусунун негизинде түзүлгөн муссондук циркуляция мүнөздүү. Жайында, Азия­да төмөнкү атм. басым күчөгөндө, мында түш.- батыштан келген экватордук аба, кышында түн.- чыгыштан соккон тропиктик аба үстөмдүк кы­лат. 8–10°түш. кеңдиктерден түштүктө циркуля­ция көпкө кармалгандыгы м-н айырмаланат (30° кеңдиктерде жогорку басымдын туруктуу облусу өкүм сүрөт). И. о-нын түш. бөлүгүндөгү тропик ж-а субтропик кеңдиктеринде түш.-чыгыш пас­сат шамалы, мелүүн кеңдиктерде циклондор м-н коштолгон батыш шамалы үстөмдүк кылат. Тро­пиктик кеңдиктерде жайкысын ж-а күзүндө бо­роон-чапкын (тайфун) тез-тез болуп турат.
Океандын түн. бөлүгүндө абанын жайкы орт. темп-расы 25–27°С, Африканын жээктеринде 23°Сге чейин. Түш. бөлүгүндө жайында 30° түш. кеңдикте 20–25°Сге, 50° түш. кеңдикте 5–6°Сге, 60° түш. кеңдиктен түштүгүрөөктө 0°Сге чейин ж-а андан да төмөн болот. Кышында абанын темп-расы экватордо 27,5°Сден түн. бөлүгүндө 20°Сге, 30° түш. кеңдикте 15°Сге, 50° түш. кең­дикте 0–5°Сге чейин, 55–60° түш. кеңдиктерден түштүгүрөөктө 0°Сден төмөн болот. Ошол эле убакта түш. субтропиктик кеңдиктерде жыл бою абанын темп-расы Мадагаскар жылуу агымы­нын таасиринен батышында чыгышына кара­ганда (Батыш Австралия муздак агымынын таасиринен) 3–6°Сге жылуу болот.
Г и д р о л о г и я л ы к р е ж и м и. Океандын түн. бөлүгүндөгү суунун үстүңкү катмарынын циркуляциясы муссондук мүнөздө: жайында түн.-чыгыш ж-а чыгыш, кышында түш.-батыш ж-а батыш агымдары үстөмдүк кылат. Кыш айларында 3–8° түш. кеңдикте Пассат аралык (экватордук) каршы агым күчөйт. И. о-нын түш. бөлүгүндө суунун циркуляциясы антициклон­дук айлампаны пайда кылып, ал жылуу (түн­дүктөгү Түш. Пассат, батыштагы Мадагаскар ж-а Ийне тумшук агымдары) ж-а муздак агым­дардан (түштүктөгү Батыш шамалдар ж-а чы­гыштагы Батыш Австралия агымдары) түзүлөт. Суунун эң жогорку темп-расы океандын түн. бөлүгүндөгү үстүңкү бетинде май айында 29°Сден ашат. Жайында Түн. жарым шарда суунун темп­расы 27–28°С, Африканын жээгинде гана терең­диктен чыккан муздак суунун таасиринен 22– 23°Сге чейин төмөндөйт. Экватордо суунун темп­расы 26–28°С, 30° түш. кеңдикте 16–20°Сге, 50° түш. кеңдикте 3–5°Сге чейин, ал эми 55° түш. кеңдиктен түштүгүрөөктө –1°Сден төмөн. Кы­шында Түн. Жарым шардын түндүгүндө суунун темп-расы 23–25°С, экватордо 28°С, 30° түш. кең­дикте 21–25°С, 50° түш. кеңдикте 5–9°С, 60° түш. кеңдиктен түштүктө 0°Сден төмөн. Субтропик кеңдиктеринде жыл бою суунун темп-расы чы­гышына караганда батышында 3–5°Сге жогору. Суунун т у з д у у л у г у анын балансына байланыштуу. Суу балансы орто эсеп м-н И. о-нын бетиндеги буулануудан (жылына – 1380 мм), жааган жаан-чачындан (1000 мм) ж-а материктик агымдан (70 см/жыл) түзүлөт. Туз­суз суунун көбүн Түш. Азиянын (Ганг, Брахма­путра ж. б.) ж-а Африканын (Замбези, Лимпо­по) дарыялары алып келет. Өтө туздуу жерле­ри – Перс булуңу – 37–39‰, Кызыл деңиз – 42‰, Араб деңизи – 36,5‰ден ашык. Бенгал булу­ңунда ж-а Андаман деңизинде туздуулук 32,0– 33,0‰ге, түш. тропиктерде 34,0–34,5‰ге чейин төмөндөйт. Түш. субтропик кеңдиктеринде туз­дуулук 35,5‰ден жогору (эң көбү жайында 36,5‰, кышында 36,0‰), 40° түш. кеңдиктен түштүгүрөөктө 33,0–34,3‰ге чейин төмөндөйт. Суунун тыгыздыгы антарктикалык кеңдиктер­де 1027 кг/м3, океандын түн.-чыгышы м-н Бен­гал булуңунда 1018, 1022 кг/м3. Суткада эки жолу ташкындайт; ташкындын бийиктиги жээктерде 5–7 мден 11,9 мге (Камбей булуңун­да) чейин, ачык океанда 0,5 мден 1,6 мге чейин. М у з д у к т а р ы антарктикалык кеңдик­терде пайда болуп, шамал ж-а агымдар м-н ав­густта 55°, февралда 65–68° түш. кеңдиктерге че­йин жетет. Айсбергдер айрыкча 40° ж-а 80° чы­гыш узундуктардын аралыгында арбын. И. о-нын тереңдиктеги циркуляциясы ж-а вертикалдык структурасы субтропиктик (суунун үстүңкү бе­тинин алдындагы катмары) ж-а антарктикалык (аралыктагы суу катмары) кошулуу зонала­рынын, Антарктиданын материктик капталы б-ча кеткен (түпкү), о. эле Кызыл деңизден ж-а Атлантика океанынан агып келген (тереңдик­теги) суулардан түзүлөт. Үстүңкү беттин астын­дагы катмар 100–150 мден 400–500 мге чейинки тереңдикти камтып, суусунун темп-расы 10– 18°Сди, туздуулугу 35,0–35,7‰ни түзөт. Аралык­тагы суу катмары 400–500 мден 1000–1500 мге чейинки тереңдикти камтып, суусунун темп­расы 4°Сден 10°Сге чейин, туздуулугу 34,2– 34,6‰; 1000–1500 мден 3500 мге чейинки терең­диктеги суу катмарынын темп-расы 1,6–2,8°Сди, туздуулугу 34,68–34,78‰ни түзөт. Түпкү суу кат­мары 3500 мден терең жатып, түштүгүндө суу­нун темп-расы –0,07°Сден 0,24°Сге чейин, туз­дуулугу 34,67–34,69‰, түндүгүндө суунун темп­расы 0,5°С чамасында, туздуулугу 34,69–34,77‰. Ф л о р а с ы ж-а ф а у н а с ы. И. о-нын дээрлик бүт аймагы тропик ж-а түш. мелүүн (ноталь) зоналарында жатат. Тропик зонасы­нын тайыз жерлерине алты ж-а сегиз жылдыз-