ИНДОНЕЗИЯ
ИНДОНЕ́ЗИЯ , И н д о н е з и я Р е сп у б л и к а с ы – Түш.-Чыгыш Азиядагы мамлекет. Малайя архипелагында (Чоң ж-а Кичи Зонд а-дары, Молукка а.) ж-а Жаңы Гвинея а-нын батыш бөлүгүндө (Батыш Ириан) жайгашкан. Аралдары түндүгүнөн ж-а борб. бөлүгүнөн Тынч океан ж-а анын деңиздери (Бали, Банда, Молукка, Саву, Серам, Сулавеси, Флорес, Түш. Кытай, Ява), түн.-батышынан, батышынан ж-а түштүгүнөн Инди океаны ж-а анын деңиздери (Андаман, Арафура, Тимор) м-н чулганат. Кургактык аркылуу Малайзия (Калимантан а-нда), Папуа–Жаңы Гвинея (Жаңы Гвинея а-нда) ж-а Чыгыш Тимор (Тимор а-нда) өлкөлөрү м-н чектешет. Аянты 1,9 млн км2. Батыштан чыгышты карай (экваторду бойлой) 5,1 миң кмге (3 саат алкагы), түндүктөн түштүктү карай 1,8 миң кмге созулат. Калкы 224,9 млн (2007).
Борбору – Жакарта ш. (Ява а-нда). Расмий тили – индонезия тили (бахаса индонесиа). Акча бирдиги – И. рупийи. Адм.-айм. жактан 31 провинцияга (2 автономия кошо) ж-а 2 өзгөчө адм. округга (Чоң Жакарта борб. округуна ж-а Жокьякарта округуна) бөлүнөт (к. таблицаны).
И.– БУУнун (1950), ЭВФтин (1954), Эл аралык реконструкция ж-а өнүгүү банкынын (1954), Нефть экспорттоочу өлкөлөр уюмунун (1962), АСЕАНдын (1967), Ислам конф-я уюмунун (1969), Азия-Тынч океан регионунун коопсуздугу б-ча кызматташуу кеңешинин (1993), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995) мүчөсү.
Мамлекеттик түзүлүшү
. И. – унитардык республика. Азыркы конституциясы 1945-ж. кабыл алынган. Мамлекеттин ж-а өкмөттүн башчысы – президент, ал өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн да башкы командачысы. Мыйзам чыгаруу бийлиги Элдик кеңеш конгрессине таандык. Ал эки палатадан – Эл өкүлдөр кеңешинен ж-а Аймактык өкүлдөр кеңешинен турат.
Саясий партиялары: Голкар, И. Демокр. партиясы, Бириккен өнүгүү партиясы, Улуттук ойгонуу партиясы ж. б. 50гө жакын партия катталган.
Табияты
. И. экватордук кеңдиктерде, атмосферанын муссондук циркуляция зонасында жайгашкан. Экватор аймагында ж-а аралдарда жайгашк андыгы дай ыма жыл у у режи мди н түзүлүшүнө шарт түзөт. Чулгаган деңиздерге суусунун жылуулугу (27°Сден жогору), агымынын сезон б-ча өзгөрүлмөлүүлүгү ж-а деңиз жаныбарларынын көптүгү мүнөздүү. И. 3 миңден ашык аралда жайгашкан (ирилери – Ява, Суматра, Калимантан м-н Сулавесинин басымдуу бөлүгү, Жаңы Гвинеянын батыш бөлүгү). Түздүктөр м-н тоолор (бийикт. 5029 мге чейин, Жая чокусу; Жаңы Гвинея а-нда) болжол м-н бирдей аянтты ээлейт; жанартоолор көп (400дөй жанартоо бар, анын аракеттегиси 100дөн ашык). Аракеттеги ири жанартоолору: Керинчи (бийикт. 3800 м, Суматра а-нда), Ринжани (3726 м, Ломбок а-нда), Семеру (3676 м, Явада) ж. б. И-нын басымдуу бөлүгү кайнозой тектогенезине, Суматранын түн.-чыгышы ж-а Калимантандын түш.- батышы мезозой, Жаңы Гвинеянын түш. бөлүгү ж-а Ару а-дары мезозойго чейинки бүктөлүштөргө кирет. Ургаалдуу вулканизм, өтө сейсмдүүлүк ж-а оордук күчүнүн ири аномалиясы аймактын тектон. активдүүлүгүн тастыктайт. И. кен байлыктарга бай; алардын ирилери: нефть, газ, жез, алтын, күмүш, калай, никель, темир, алюминий (боксит), күкүрт, көмүр ж. б. Климаты экватордук ж-а субэкватордук, түздүктөрдө абанын темп-расы жыл бою 26–28°С, тоолордо салкыныраак. Жылдык жаан-чачыны 2000–4000 мм
(өлкөнүн көп бөлүгүндө текши жаайт). Жаанчачын эң көп жааган (6000 ммге чейин) жери – Суматра а-нын батышындагы тоолор. Субэкватор алкагында жайгашкан аймактарында (Яванын басымдуу бөлүгү, Кичи Зонд а.) климаттын сезондуулугу байкалат: декабрь–март жаанчыл, июнь–сентябрь кургакчыл болот; жылдык жаан-чачындын өлчөмү 2000 ммге, өлкөнүн
четки түш.-чыгышында 600–700 ммге чейин азаят. Дарыяларынын суусу мол ж-а жыш, негизинен кыска; эң узун дарыясы – Капуас (уз. 1000 кмден ашык), Калимантан а-нда. Көлдөрү көп, алар негизинен тектон. кыймылдан ж-а жанартоодон пайда болгон. И. жыл сайын калыбына келип туруучу суу ресурстарынын зор запасына (2838 км3) ээ. Чарбада агын суунун 3%и гана пайдаланылат, анын 90%и а. ч-нда, 8%и коммуналык-тиричиликте, 1%и ө. ж-нда керектелет. Дарыяларынын гидроэнергиялык потенциалы өтө зор (15,5 млн кВт), бирок ал аз гана өздөштүрүрүлгөн. Негизинен кызыл-сары ферралит топурактары басымдуу; орто бийик тоолордун капталдарында күрөң тоо топурактары ж-а тоо-шалбаа, жанартоолуу аралдарга күрдүү жанартоо (андосолдор), түздүктөргө тропиктик аллювий ж-а саз топурактары мүнөздүү. Кылымдар бою шалы өстүрүлгөн түздүктөрдө ж-а тектирленген тоо боорлорунда өзгөчө «күрүч» топурагы пайда болгон. Жапыз жээктерде өтө кычкыл мангр топурагы өөрчүгөн.
Флорасы өтө ар түрдүүлүгү м-н өзгөчөлөнөт, анда татаал өсүмдүктөрдүн 27,5 миңден ашык (а. и. дарактардын 17,5 миң) түрү бар. Токой
өлкөнүн аймагынын 60%ин, саванна м-н бадал
8%ин ээлейт. Түздүктөрүндө ж-а тоо капталдарында 1300–1500 м бийиктикке чейин нымдуу дайыма жашыл экватордук токой (гилея) басымдуулук кылат; андагы негизги дарак түрлөрү: диптереокарпустар, фикустар, расамала, панданустар, нан дарагы, о. эле пальмалар, дарак сымал папоротниктер, бамбуктар. Лиандар, эпифиттер көп. Тоо капталдарын андан жогору дайыма жашыл ж-а аралаш токой, жазы жалбырактуу (эмен, каштан, бук) ж-а ийне жал-
бырактуу токой (подокарпус), ийри-буйру өскөн
өсүмдүктөр токою, бадалдар ж-а шалбаа ээлейт.
Өлкөнүн түш.-чыгышына жалбырагын күбүүчү токой (тик, зараң, казуарина), саванна (бийик
өскөн аланг-аланг, жапайы бал камыш) таралган. Жапыз жээктерге ж-а дарыя чаттарына мангр токою мүнөздүү. Токой аянты жыгач иштетүүдөн, өрттөн, айдоо аянттарын кеңейтүүдөн, кен байлыктарын казып алуудан өтө азайган (1990–2000-ж. токойдун 14%и жок кылынган). Сүт эмүүчүлөр м-н куштардын жарымына жакыны – И-нын эндемиктери. И-нын батыш бөлүгүнүн фаунасына орангутан (Калимантан, Суматра), гиббон, кындыгый маймыл, ява ж-а суматра кериги, индия пили, бантенг бодосу, тапир (Суматра), малайя аюусу (Калимантан, Суматра), суматра жолборсу ж. б. мүнөздүү. Орнитофаунага бай; сойлоочулардан крокодилдер (а. и. таракчан крокодилдердин уз. 9 мге
чейин жетет), чаар питон; Комодо а-нда эң ири комодо эчки эмээри корголот. Өлкөнүн чыгыш бөлүгүнө баштыкчандар (кускустар, даракчыл бөрсө мүнөздүү. И-ны чулгаган деңиздер биол. ресурстарга өтө бай: суу астындагы шалбаа, ихтиофауна; чыгышында – кораллдар, коралл рифи. Деңиздин ири айбанаттарынан – кашалот, дюгонь, дельфин, деңиз таш бакасы, акула ж-а көөкөрчөк кездешет; жыландар көп; балыкка бай.
И-нын биол. көп түрдүү бөтөнчө экосистемасын коргоо максатында жалпы аянты 23,7 млн га коргоого алынган 956 аймак, о. эле аянты 13,5 млн га коргоого алынган 122 деңиз акваториясы уюшулган. Гунуне-Геде-Пангранго (Ява а-нда), Гунунг-Лесер (Суматра), Лоре-Линду, Танжунг-Путинг (Сулавеси), Комодо, Сиберут (аты окшош аралдарда) улуттук парктары биосфералык резерват статусуна ээ. Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине Комодо, Ужунг-Кулон (Ява а-нда), Лоренц улуттук парктары (Жаңы Гвинея а-нда), о. эле Суматрадагы тропикалык жамгыр токою кирген. Дүйнөдөгү эң ири ботан. бактардын бири – Богор ш-нда (Ява а-нда) жайгашкан. Ява а-ндагы «Жанар тоо парктары» дүйнөгө белгилүү; Калимантан а-нда корук ж-а орангутандарды изилдөө борбору бар.
Калкы
. И. калкынын саны б-ча дүйнөдө 4- орунда (Кытай, Индия, АКШдан кийин). Калкынын 96%и индонезиялыктар, тили, мад-ты ж-а турмуш-тиричилиги окшош 150дөн ашык эл ж-а этностук топ (явалыктар, сундан, мадура, батак, малайя, балиликтер ж. б.), о. эле кытай, араб, Түш. Азиядан келгендер, голланддар да жашайт. Төрөлүү 1000 адамга 19,7 бала, өлүм-житим 6,25 (2007). Өлкөнүн калкынын 28,7%ин 15 жашка чейинки балдар, 65,6%ин эмгек курагындагылар (15–64 жаштагылар), 5,7%ин улгайгандар (65 ж-а андан өткөндөр) түзөт. Калктын жашынын күтүлгөн орт. узактыгы 70,2 (эркектер – 67,7; аялдар – 72,8). Көбү ислам динин (87%), калгандары христиан, индуизм, буддизм, конфуцийчилик, жерг. диндерди тутат. Калктын орт. жыштыгы: 1 км2 жерге 120 адам (2007). И-нын калкынын 60%и Ява, Мадура ж-а Бали а-нда жашайт. Шаар калкы – 48,5% (2006). Ири шаарлары: Жакарта (18,3 млн), Бандунг (6,0 млн), Медан (4,1 млн), Сурабая (4 млн), Палембан (2,1 млн), Макасар (1,7 млн), Чиребон (1,6 млн), Жокьякарта (1,6 млн), Семаранг (1,5 млн), Бандар-Лампунг (1,4 млн) ж. б. Экон. активдүү калкы 106,3 млн; анын 44%и а.ч-нда ж-а балык уулоодо, 38%и тейлөө чөйрөсүндө, 13%и ө. ж-нда, 5%и курулушта иштейт.
Тарыхы
. И-нын аймагы – азыркы типтеги адам (питекантроп, явантроп, кийин вадьяк) пайда болгон борборлордун бири. Анда төмөнкү палеолиттин эстеликтери (патжитан индустриясы) табылган. Жогорку палеолитте ж-а мезолитте И-нын басымдуу бөлүгүндө континенттик бакшон-хоабинь мад-тынын түш. варианты тараган. Б. з-дын башталышында Ява, Суматра ж-а Калимантан а-нда класстык коом түзүлө баштаган; ал болсо Индиядан эмигранттардын массалык киришине туура келип, алар м-н кошо брахманизм дини жайылган. И-да пайда болгон алгачкы мамлекеттер: Ява а-нда – Тарума ж-а Калинга; Чыгыш Калимантанда – Мулавармажа, Суматрада – Малойю, Шривижайя. И. жеринде 6-к-дан брахманизмден сырткары, индуизм ж-а буддизм диндери жайыла баштаган. 7-к-дын аяк ченинде Суматранын чыгышын, Яванын батышын, Батыш Калимантанды, о. эле Малакканы камтыган Шривижайя мамлекети пайда болгон. Борб. Явада 8-к-да Матарам мамлекети түзүлгөн. Бул эки мамлекеттин ортосундагы бийлик үчүн тынымсыз күрөш алардын алсырашына ж-а кыйроосуна алып келген. 13-к-дын аяк ченинде Яванын чыгышында И. тарыхында маанилүү роль ойногон Мажапахит мамлекети пайда болгон. 11– 12-к-да мусулман соодагерлери ж-а миссионерлери келе баштап, 300 жыл ичинде ислам дини аймакка тараган. 14-к-да Мажапахит империясы гүлдөп өскөн. Бирок, бул мезгил узакка созулбастан, 15-к-дын аяк ченинде өлкөнүн абалы начарлап, Ява, Суматра ж. б. аймактарда бир катар мусулман шаар-мамлекеттеринин пайда болушуна алып келген.
11509-ж. И. жээктерине келе баштаган португалиялыктар соода жолдорун колго алууга аракеттенип, 1511-ж. Малакканы, 1512-ж. Молукка ж. а-н ээлеп алган. 1596-жылдан И-га нидерланддар келе баштаган. 1602-ж. Нидерланддын Ост-Индия компаниясы негизделип, португалиялыктардын ж-а 17-к-дын башында бул жерлерде бекемделүүгө аракеттенген англистердин ордуна алардын үстөмдүгү орногон. Аймак Нидерланддык Ост-Индия деп аталып, борбору Батавия ш. (азыркы Жакарта) болгон. 1800-ж. компаниянын жоюлушу м-н колония Нидерланддын карамагына өтөт. 1926–27-ж. Ява ж-а Суматра а-нда көтөрүлүштөр чыгат. Сукарно ж-а интеллигенция өкүлдөрү тарабынан 1927-ж. И. улуттук партиясы түзүлгөн. 1942–45-ж. И-ны япон аскерлери басып алган. 1945-ж. Япония капитуляцияланган соң, И-нын көз каранды эместиги жарыяланып, Сукарно өлкөнүн президенти болуп калган. Голланддардын 1947-ж. кайрадан бийлигин калыбына келтирүү аракети ийгиликсиз аяктап, Нидерланд 1949-ж. И-нын көз каранды эместигин таанууга аргасыз болот. 1950-ж. август айында И. унитардык республика болуп жарыяланган. Өлкө ичиндеги оң ж-а сол күчтөрдүн тирешүүсү «1965- жыл 30-сентябрдагы окуяларга», б. а. терең кризиске алып келген. Анын жүрүшүндө мамл. төңкөрүш жасоо аракети болуп, натыйжада партиянын мүчөлөрүн ж-а жактоочуларын куугунтуктоо башталган. 1967-ж. Сукарно бийликтен четтетилип, генерал Сухарто президенттин милдетин аткаруучу, 1968-жылдан президент болуп калат. Өлкөдө авторитардык режим орногон. Саясий кризистин натыйжасында, 1998-ж. Сухарто отставкага кетүүгө аргасыз болуп, президенттик кызматты мурдагы вице-президент Б. Ю. Хабиби ээлеп калат. 1999-ж. өлкөнүн президенти болуп, көрүнүктүү мусулман ишмери Вахид Абдрахман, вице-президенттикке Сукарнонун кызы – Сукарнопутри Мегавати шайланат (2001-жылдан президент). 2004-жылдан өлкөнү жалпы элдик добуш берүү м-н шайланган президент – Юдхойоно Сусило Бамбанг башкарат.
Чарбасы
. И. – көп тармактуу ж-а көп укладдуу чарбасы бар, өнүгүп жаткан ири өлкөлөрдүн бири. ИДПнин көлөмү (сатып алуу мүмкүнчүлүгү б-ча 935 млрд доллар) б-ча дүйнөдөгү өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн ичинен (Кытай, Индия, Бразилия ж-а Мексикадан кийин) 5-орунду, Түш.-Чыгыш Азияда 1-орунду ээлейт. ИДПни киши башына бөлүштүргөндө 3800 доллардан туура келет. Көз карандысыздыкка жеткенден кийин колониялык калдыктарды жоюу, чет
өлкөлүк капиталга күнкорлуктан арылуу багытындагы чаралар (голл. жеке менчик объектилерин мамлекеттештирүү, мамл. секторду түзүү ж. у. с.) ишке ашырылган. Бирок мамлекеттештирилген же мамлекеттин көзөмөлүнө алынган ишканалар м-н плантациялар 1965-жылдан кийин мурдагы ээлерине кайтарылып берилип, И-нын чет өлкөлүк (негизинен АКШ) капиталга болгон көз карандылыгы кайра артып, чарбанын өнүгүшүндө диспропорция күчөгөн.
Ошондой болсо да И-нын экономикасы
1997-ж. чейин бир кыйла өнүгүп, И. агр.-индустриялуу өлкөлөрдүн деңгээлине жакындаган. 1997-жылдын 2-жарымында Азия өлкөлөрүнүн көбү дуушарланган финансылык кризис И-га өтө оор таасирин тийгизген. 1998-ж. ИДП 15–20%ке кыскарган; рупийдин курсу кескин (6 эсе) төмөндөп, инфляция процесси күчөгөн (100%ке
чейин); Жакарта фонд биржасында баалуу кагаздын курсу кыйла төмөндөгөн; чакан ж-а орто ишканалар банкрот болгон; жакырчылык чегинен төмөн жашаган адамдардын саны 40%ке жеткен (ал 1997-жылдын башталышында 6% гана болгон); алтын-валюта запасы (1997-жыл-
дын аягында 18 млрд доллардан 1998-ж. мартта 16,3 млрд долларга чейин) азайган. Азыркы учурда көпкө созулган стагнацияны (узакка созулган экон. депрессия) жеңип, акырындык м-н негизги макроэкон. көрсөткүчтөрү көтөрүлө баштады.
И. запасы мол отун (нефть, табигый газ, суббитуминоз көмүрү) ж-а кенташ (жез-никель, калай, боксит, алтын ж. б.) сырьёлоруна бай болгондуктан, 21-к-дын башында суюлтулган табигый газды, калай, көмүр, жез ж-а алтынды экспортко чыгаруу б-ча дүйнөдөгү ири өлкөлөрдүн бири болуп калды. И. тропиктик а. ч. продукциясын (накта каучук, какаонун мөмөсүн, кофе, пальма майын, копра ж. б.), о. эле текстиль буюмдарын тигүү, кийимди дүйнөлүк рынокко чыгаруу б-ча башкы өлкөлөрдүн бирине айланды. Өлкөнүн экон. өнүгүүсүнүн негизин сырьёлук ресурстарга байлыгы, жумушчу күчүнүн арзандыгы ж-а толук пайдаланылбаган ички рыногунун зор потенциалы түзөт. ИДПнин структурасынын 45%ин ө. ж. ж-а курулуш, 42%ин тейлөө чөйрөсү, 13%ин а. ч. ж-а балыкчылык, 11%ин нефть-газ сектору (мамл. бюджетке түшкөн кирешенин 24%ин) түзөт (2005). Чарбанын стратегиялык маанилүү тармактарын (нефть ажыратуу ө. ж., электр-энергетика, күрүч сатуу ж. б.) негизин мамл. сектордун ишканалары түзүп, улуттук жеке менчик капиталынын мааниси өсүүдө.
Өлкөнүн ө. ж-на ИДПнин көлөмүнүн 39%и
туура келет. Ө. ж-нын негизги тармактары: кен байлык казып алуу (нефть ж-а табигый газ кошо), машина куруу ж-а металл иштетүү, нефть ж-а газ иштетүү, тамак-аш ж-а тамеки, жеңил (негизинен текстиль ж-а кийим тигүү), химия ж-а химия-фармацевтика, жыгач иштетүү ж-а целлюлоза, түстүү металлургия. Отун-энергетикалык баланстын структурасында нефть ж-а нефть продуктуларга 37%, негизинен калк даярдаган ж-а тиричиликте пайдаланылуучу, калыбына келүүчү энергия ресурстарына (жыгач отун, биомасса ж. б.) 27%, табигый газга 19%, көмүргө 13%, ж. б. калыбына келүүчү энергия булактарына (гидроэнергия, геотермия энергиясы ж. б.) 4% туура келет. 2005-ж. 55 млн т нефть (дүйнөлүк нефтинин 1,4%и; Калимантан, Суматра, Ява ж. б. а-да казылып алы-
нат), 77 млрд м3 табигый газ (2,7%и; Чыгыш Калимантан, Ачех, Чыгыш ж-а Батыш Ява провинцияларында), 135 млн т көмүр (2,8%и; дүйнөдө Австралиядан кийинки 2-орунда; Суматрада, Чыгыш ж-а Түш. Калимантан провинцияларында ачык жол м-н) казылып алынган. 123 млрд кВт.с электр энергиясы өндүрүлүп, анын 86%и ЖЭСке, 8%и ГЭСке, 6%и геотермия электр станцияларына таандык. Кара металлургия ө. ж. ички рыноктун муктаждыгын канааттандырууга багытталган. Темир, марганец, хромит ж. б. кенташтарды казып алып, чоюн, болот ж. б. өндүрөт. Түстүү металлургия экономиканын маанилүү экспорттук тармагы болуп саналат; анын продукциясынын негизги бөлүгү Сингапур, Япония, АКШ ж-а Кытайга чыгарылат. Калай (казып алуу б-ча Кытайдан кийинки 2-орунда), боксит, жез, алтын, күмүш, никель (дүйнөдө 4-орунда), коргошун-цинк ж. б. кенташтар казылып алынат. Машина куруу ө. ж-нын продукциясынын 1/ инен ашыгы транс-
порттук машина курууга туура келет; анда автомобиль, кеме, о. эле велосипед, мотоцикл ж-а моторикша чыгарылат. Прибор куруу, электроника, т. ж. машиналарын куруу, авиация, аскердик машина куруу ө. ж. да өнүккөн. Химия ө. ж-нда азот ж-а фосфор жер семирткичтери, накта каучук, хим. була, синтездик чайыр, пластмасса, бензол, этилен, полиэтилен, полипропилен, метанол, кир кетирүүчү каражаттар, автомобиль шинасы, резина-тех. буюмдар даярдалат. И. – кебез кездеме чыгаруу ж-а андан кийим тигүү б-ча дүйнөдө Кытай, Индиядан кийинки 3-орунда турат. Чакан кол өнөрчүлүк ишканаларында белек буюм жасоо маанилүү (батик, күмүшкө чегүү, оймо-чийме түшүрүү, карапа буюм, жыгачтан ж-а таштан жонуп буюм жасоо). Токой, жыгач иштетүү ж-а целлюлоза-кагаз ө. ж. да алдыңкы орунда. И. – материалдарды ж-а тропик дарактарынан (казуарина, камфора, эбен, тик дарактары, сейба ж. б.) тилинген тактай ж-а фанера экспорттоочу дүйнөдөгү ири мамлекет. Тамак-аш ө. ж-нын маанилүү тармактары – пальма мада), кокос пальмасы (бардык жеринде, көбүнчө дыйкан чарбаларында; дүйнөдө 2-орунда), май пальмасы (негизинен Түн. Суматранын плантацияларында), чай, кофе (Ява, Суматра), тамеки, какао, калемпир, сейба (капок), агава (сизаль), мускат жаңгагы, чеге гүл, хина дарагынын кабыгы (дүйнөдө даярдалган хина кабы-
йын (дүйнөдө Малайзиядан кийинки 2-орунда), консерваланган мөмө-жемиш ж-а кант чыгаруу. Тамеки м-н чеге гүлдүн уругун аралаштырып жасаган «кретек» сигаретин чыгаруу салтка айланган. Курулуш материалдары ө. ж-нын маанилүү тармагы – цемент өндүрүшү; о. эле гранит, мрамор, акташ теги, гипс, доломит, табигый битум, айрым жерлеринен асыл таштар, алмаз (30 миң кар) казып алынат.
А. ч-нда эмгекке жарамдуу калктын 45%ке жакыны иштейт. Анын ИДПдеги үлүшү 11% (2004). А. ч-нда ири жеке ж-а мамл. плантация
чарбалары м-н катар чакан дыйкан чарбалары
да басымдуу. «Жашыл революциянын» натыйжасында, 1980-жылдардын ортосунан И. азыктүлүккө болгон муктаждыгын өзү камсыз кылат. 21-к-дан баштап тропиктик дыйканчылык продукцияларын экспорттоочу дүйнөдөгү ири
өлкөгө айланды. Жылына 2 жолу түшүм алынат. Дыйкандардын 1/ инен ашыгы жерди ижарага алат. 30,7 млн га жер айдалып, анын 7,7 млн гасы сугарылат. Негизги азык-түлүк өсүмдүктөрү: шалы (8 млн гадан ашык жерге эгилет; бүткүл сугат жеринин 4/ үн ээлейт; 2005-ж. 54,0 млн т акталбаган күрүч жыйналган, бул б-ча дүйнөдө Кытай, Индиядан кийинки 3-орунда), жүгөрү (12 млн т), маниок же кассава (19,5 млн т, Нигерия, Бразилиядан кийинки 3-орунда), батат, жер жаңгак, соя, ямс ж. б. Экспорттолуучу негизги өсүмдүк продукциялары: накта каучук (дүйнөдө Таиланддан кийинки 2-орун-
гынын негизги бөлүгүн И. берет), пахта ж-а балкамыш. 2005-ж. 11 500 миң бодо мал (уй), 2428 миң буйвол (негизинен унаа катары пайдаланылат), 405,5 миң жылкы, 13 182 миң эчки, 8307 миң кой, 6267 миң чочко, 1300 млн үй кушу болгон. Балык, о. эле краб, креветка, крокодил кармалат, бермет алынат.
Тейлөө чөйрөсү – өлкөнүн экономикасынын маанилүү сектору. Анда дүң ж-а чекене соода, финансылык тейлөө ж-а камсыздандыруу, мамл. башкарууну тейлөө, жеке кызмат көрсөтүүлөр ж-а транспорттук тейлөө, мейманкана бизнеси ж-а коомдук тамактануу, байланыш, электр энергетикасы, суу ж-а газ м-н жалпы камсыз кылуу өзгөчөлөнөт. Банк-кредит системасына И. банкы, мамл. ж-а жеке менчик 170 банк кирет. Жакарта фонд биржасы (1977-жылдан иштейт) соода жүргүзүү б-ча Түш.-Чыгыш Азияда Сингапурдан кийинки 2-орунду ээлейт. 2005-ж. И-га 5,5 млндон ашык турист келген; туризмдин негизги түрлөрү: дарылоо-ден соолук
чыңдоо (аралдардагы кумдуу пляждар), спорткөңүл ачуу (дайвинг, виндсёрфинг), экол., тарыхый-маданий эстеликтер, элдердин жашоосу, кол өнөрү фольклору м-н таанышуу. Башкы туристтик району – Бали а.; туризмдин маанилүү борборлору – Ява а-нын шаарлары: Жакарта, Богор, Жокьякарта, Суракарта, Бандунг, Пангандаран.
Транспортунун негизги түрү – деңиз жолу.
Жалпы деңиз портторунун жүк айлануусу 524,0 млн т (2005). Деңиз портторунун ж-а гавандардын жалпы саны 3650. Ири универсал порттору: Танжунг-Приок (Джакартада), Танжунг-Перак (Сурабаяда), Палембанг (Түш. Суматра про-
винциясында), Белаван (Медандын аванпорту), Банжармасин (Түш. Калимантан), Макасар (Түш. Сулавеси), Батам (Кепулауан-Риау), Телукбаюр (Батыш Суматра) ж. б. 824 деңиз соода кемеси бар. Т. ж-нун жалпы уз. 6,5 миң км, автомобиль жолунуку 362 миң км. Магистралдык куур өткөргүчтөрүнүн жалпы уз. 19 394 км, анын 9175 кми газ куурунуку, 7684 кми нефть куурунуку, 1367 кми нефть продукция өткөргүчүнүкү ж. б. (2006). Маанилүү газ куурлары: Арун–Думай (Суматра а.), Бонтанг–Баликпапан (Калимантан а.); Трансява нефть кууру иштейт. И-да 662 аэропорт бар (2006); эл аралык ири аэропорттору: Сукарно-Хатта (Жакарта), Нгурах-Рай (Денпасар, Бали а-нда), Полония (Медан), Жуанда (Сурабая), Адисучинто (Жокьякарта), Ханг-Надим (Батам а.). Хасануддин (Макасар). Өлкөнүн экономикасында чет өлкөлүк капитал салымынын мааниси зор. 2004-ж. сырткы сооданын өлчөмү 93 млрд доллардан ашкан, анын 64 млрд долларын экспорт, 32 млрд долларын импорт түзгөн. И-нын сырткы карызы 2005-ж. 134,9 млрд доллар (дүйнөдө Бразилия, Мексикадан кийинки 3-орунда); анын 77 млрды мамл., калганы жеке менчик секторуна таандык. Экспортко табигый газ, нефть, электроника ө. ж-нын продукцияларын, жыгач, тактай ж-а кагаз, текстиль ж-а тигүү ө. ж. продукцияларын, пальма майын, көмүр, жез ж-а жез концентраттарын, накта каучук, балык ж-а деңиз продукцияларын, никель, калай ж. б. чыгарат. Сырттан нефть ж-а нефть продуктуларын, автомобиль транспорт каражаттарын, станок ж-а ө. ж. жабдууларын, болот прокат ж-а трубаларды, орг. химия продукцияларын алат. Негизги соода шериктери: Япония, АСЕНга кирген мамлекеттер, Европа союзуна кирген өлкөлөр, АКШ, Сингапур, Түш. Корея, Кытай, Таиланд, Сауд Арабиясы, Австралия.
Маданияты
1940-жылдары Индонезиянын жергиликтүү калкынын 6%ы гана сабаттуу болгон. 1950-жылы жалпы билим берүү жөнүндө мыйзам кабыл алынган соң, мамлекет тарабынан мектептерге ири инвестициялар берилген. Натыйжада, 7–12 жаштагы балдардын 95%, 13–15 жаштагылардын
77% жана 16–18 жаштагы өспүрүмдөрдүн 48%ы билим алууда (1997). Калктын 10%ы гана сабатсыз. Билим алуу негизинен мамлекеттик тилде жүргүзүлөт. Ири жогорку, орто окуу жайлары: Индонезия, Тербука, Гажа-Мада, Пажажаран университеттери, Бандунг, технология институттары жана башкалар бар. Булардын ичинен, айрыкча Жакартадагы Индонезия илимий изилдөө иштери ар кыл тармактагы көптөгөн илимий изилдөө мекемелеринде жүргүзүлөт. Улуттук жана башка китепканалар, Улуттук тарых (1778), ваянга (куурчак) жана башка музейлер. Индонезияда 597 гезит-журнал чыгат (2007). Борбордук негизги гезиттери: Индонезия тилиндегилери – «Компас», «Суара пембаруан», «Суара карья»,«Брита буана», «Мердека»; англис тилиндегиси – «Жакарта пост». «Антара» улуттук маалымат агенттиги, көптөгөн мамлекеттик жана жеке менчик радио жана телекөрсөтүү станциялары иштейт.
Индонезиянын алгачкы жазма эстеликтери (байыркы малай жана ява тилдеринде) VII–VIII кылымдардын акырына таандык. VIII–XIII кылымдарда ява, XVI–XVIII кылымдарда сундан, мадур жана аче адабияты өнүгүп, XX кылымдын 2-жарымынан Индонезия. адабиятына кошулуп, анын калыптанышына өбөлгө түзгөн. М. Картодикромо (1878–1928), М. Русли (1889–1968), А. Муис (1886–1959) нидерланд реалисттеринин таасиринде жазса, А. Хамзах (1911–1946), Р. Эффенди, М. Ямин (1903–1963) патриоттук лирикалары менен белгилүү. 1945-жылы Индонезиянын боштондукка чыгышы акын Х. Анвар (1922–1949), Р. Апин, Идрус, В. С. Рендра, М. Боэзи сыяктуу акын-жазуучулардын чыглыгынын артышына зор түрткү болгон. 1908-жылы негизделген «Балэй Пустака» («Адабият үйү») бүгүнкү күнгө чейин ишмердүүлүгүн улантууда. 1933-жылы суматралык үч жаш жазуучу – Сутан Такдир Алишахбан, Армайн Пане жана Амир Хамзах өлкөнүн рухий дүйнөсүн чагылдырган көркөм-адабий жана коомдук-саясий «Пуджанга бару» («Жаңы жазуучу») аттуу журнал ачып, анда жаш индонезиялыктардын эркиндикке жана прогресске умтулушуна тоскоол болгон көйгөйлүү маселелер чагылдырылган чыгармалар жарыяланып турган. XX кылымдын 2-жарымында адабиятта акындар Хайрил Анвар, Ситуморанга, прозачылар Идрус, Тур Прамудья Ананта, Мохтар Лубис жана башкалар, «66-жылдын муундары» тобунун өкүлдөрү (Саматупанг Иван жана башкалар) эмгектенишкен.
Индонезиянын пластикалык өнөрү алгачкы коомдук түзүлүш доорунда пайда болгон. VII–VIII кылымдардагы диний курулмалардын калдыктары, Ява аралында XVIII–XIX кылымдардагы индус жана будда храмдары (чанди),
төмөнкү бөлүгү тепкичтүү Диенг бөксө тоосундагы чанди, Каласан чандиси, архитектуралык комплекстер, Сева чандиси менен Жонгранг чандиси, залкар жана татаал композициялуу будда храмы Боробудур курулган. XIII–XV кылымдарда Ява менен Бали аралыннда индус храмдары курулуп, алар укмуштай көркөм оймолор менен кооздолгон. XV–XVI кылымдарда мусулман архитектурасы өнүккөн. Эң алгачкы көп көп ярустуу мечит (1477–1479) Борбордук Явадагы Демак шаарында. Индуизм салттары Индонезиянын Бали аралындагы храм комплекстеринде сакталган. Индонезиянын көптөгөн аралдарында көркөм кол өнөрчүлүктүн ар кандай түрлөрү өнүккөн: колодон куюу (кудайлардын чакан бедиздери), токуучулук (батик, набойка), бамбуктан жана кокос пальмасынын жалбырактарынан эшүү (желпүүр, бойро) жана башкалар. Турак жай түрдүү типте (кепе, жыгач менен бамбуктан жасалган каркас үйлөр) салынган. XVIII–XX кылымдарда шаар курулушунда европалык салттуулуктун таасири байкалат.
Сүрөт тартуунун Европалык үлгүсүн үйрөнгөн биринчи индонезиялык сүрөтчү Реден Салех болгон. XX кылымдын башында пейзажга, натюрмортко, портретке көңүл бөлүнгөн. 2-жарымында жанрдык жана тарыхый сүрөттөрдү тартышкан. С. Сужайоно, А. Жая, К. Аффанди, М. Апин, П. Искандер жана башка сүрөтчүлөр кубизм стилинде иштешкен.
Индонезиянын музыкалык өнөрүнө эзелтен элет калкынын турмуш-тиричилигиндеги оозеки музыканын негизинде калыптанган көп үндүүлүк жана гетерофония мүнөздүү. Индонезия классикалык музыкасынын сереси – Индонезия салттык аткаруунун тиби жана оркестр гамелан (көбүнчө урма аспаптардан турат). Индонезия азаттыкка чыккан соң (1945) улуттук маданияттын өнүгүшүнө жаңы өбөлгөлөр пайда болуп, Сужасмина, А. Пасарибу жана башка композиторлордун чыгармалары элге таанымал боло баштаган. 1952-жылдан Жокьяркартада мамлекеттик музыкалык мектеп, 1960-жылы Суракартада консерватория кийин (Жогорку музыкалык мектеп) уюштурулуп, 1968-жылы Жакартада симфониялык оркестр түзүлгөн. Индонезиянын театр өнөрүнүнүн башаты элдик майрамдардан жана диний үрп-адаттардан башталат. Театрлашкан оюндардын байыртан уланган ар кыл түрлөрү бар. Эң кеңири таралганы пантомима жана бий каражаттарын пайдаланган бет кеп театры ваянг-топенг (ваянг – театр, топенг – бет кеп) жана актёр театры ваянг-оранга. Булардын драматургиялык негизи байыркы инди эпосу «Рамаяна», «Махабхарата», ошондой эле индонезиялык жомоктордон жана хроникалардан алынган. Спектаклдер гамелан оркестри менен коштолот. XIX–XX кылымдардын чегинде бий-драма театрлары – лудрук, кетопрак пайда болгон, белгилүүлөрү: «Мархаэн», «Триснокантен». 1950-жылдарда европалык үлгүдөгү спектаклдерди койгон алгачкы труппалар пайда болгон. XX кылымдын аягында улуттук жана европалык салттарды бириктирүү багыты күч алган.
Индонезиядагы алгачкы тасмаларды XX кылымдын ортосунда голливуд режиссёрлор тарткан. «Парех» (1935, реж. М. Франкен), «Ачык ай» (1937, режиссёру И. Балинк) тасмаларында элдин жашоосу чагылдырылып, индонезиялык актёрлор Р. Мохтар, Р. Картоло, Рукиях тартылган. Көз карандысыздыкка ээ болгондон кийин улуттук кинематография калыптанган.1950-жылы Жакартада көркөм жана даректүү тасмаларды чыгаруучу «Перусахан фильм Негара» мамлекеттик кинофирмасы түзүлөт. 1950-жылдарда социалдык тематикадагы тасмалар «Туранг» (1954, режиссёру Б. Сиагин), «Коменданттык сааттан кийин» (1955, реж. А. Сани), 1970-жылдары «Издегениң эмне, Палупа?» (реж. А. Сани) жана башкалар. XX кылымдын аягында 1980-жылдардын башында айылдык бала жөнүндө «Си Уньил» (режиссёру К. Сухардиман) куурчак тасмасынын сериясы чыккан. «Жаз келгенде» (1987, режиссёру Б. Сэнди), «Си Кабаян» (1989, режиссёру М. Фирмансиаха), «Акыйкаттыкты талап кылабыз» (2002, режиссёру С. Рахарджо), «Аял» (2001, режиссёру Н. Дината) жана башка кино тасмалары тартылган. Көрүнүктүү киноактёрлор: Ч. Деви, Р. Мелати, Ф. Аферо, Ф. Аррияни, М. Каршила, Б. Херманто.
Ад.: Антипов В. И. Индонезия. М., 1961; Антипов В. И. Индонезия. Экономико-географические районы. М., 1967; Страны и народы. Зарубежная Азия.
Юго-Восточная Азия. М., 1979; Индонезия. Справочник. М., 1983; Кашмадзе И. Индонезия: Острова и люди. М., 1987; Чукина Н. П. Искусство Индонезии. М., 1991; Цыганов В. А. История Индонезии. М., 1993; Алексеева Н. Н. Современные ландшафты зарубежной Азии. М., 2000; Тюрин В. А. История Индонезии. М., 2004; Иванова И. С. Социальноэкономическая география Зарубежной Азии. Юго- Восточная Азия. М., 2005; Пахомова Л. Ф. Модели процветания (Сингапур, Малайзия, Таиланд, Индонезия). М., 2007; Индонезия // Большая Российская энциклопедия. Т. 11. М., 2008. Ы. Токторова, Ө. Бараталиев, А. Кубатова.