ИНД-ГАНГ ТҮЗДҮГҮ
ИНД-ГАНГ ТҮЗДҮГҮ түндүгүнөн Гималай тоолору, түштүгүнөн Декан бөксө тоосу м-н чектешет. Индия, Пакистан ж-а Бангладеш өлкөлөрүнүн аймагында. Араб деңизинин жээгинен Бенгал булуңуна чейин 3000 кмге созулат. Туурасы 250–350 км. Тоо этегиндеги альп бүктөм аймагында жайгашып, негизинен аллювий тектеринен турат. Инд ж-а Ганг д-нын суу бөлгүчүнөн (270 м бийикте) алардын дельталарын карай эңкейиштейт. Жеринин бети негизинен жайпак, айрым жерлерде аңдар, дарыя тектирлери кездешет. Климаты субэкватордук муссондук, батышында тропиктик. Январдын орт. темп-расы 12–20°С, июлдуку 30–36°С. Жылдык жаан-чачыны түш.-чыгышында 1500 мм, түш.- батышында 100–150 ммге чейин, көбүнчө жайында жаайт. Негизги дарыялары – Инд ж-а Ганг, алардын көптөгөн куймалары жайында ташкындайт. Чыгышында Ганг м-н Брахмапутранын саздуу дельтасын чытырман мангр токою, борб. бөлүгүн жалбырагы күбүлмө токой ж-а саванна, батышын шор баскан жерлер, кумдуу чөл ээлейт. Көп жери айдалган (шалы, буудай, гозо ж. б. өстүрүлөт), сугат каналдары арбын. Калк жыш отурукташкан. Ири шаарлары: Дели, Калькутта (Индия), Карачи, Лахор (Пакистан), Дакка (Бангладеш).