ИРАК 2-бөлүк
ИРАК 2-бөлүк
аймактарында күрд тилинде жүргүзүлөт. И-та алты ун-т (анын үчөө Багдадда, о. эле Басра, Мосул, Эрбиль ш-нда), ин-ттар, коллеждер, тех. ин-ттар бар. Аларда 70 миңдей студент билим алууда.
Багдаддагы Ирак музейи сейрек кездешүүчү
археол. коллекциялары м-н белгилүү. Музейге таандык ири китепканасы м-н ал археол., тарыхый изилдөөлөр жүргүзүлө турган ил. борбор болуп эсептелет. Байыркы араб музейи, көркөм сүрөт, этногр. ж-а табият-тарых ж. б. музейлери, бардык ири калааларында, айыл-кыштактарында китепканалар бар.
И-та 2005-ж. араб, күрд ж. б. тилдерде 100дөй
мезгилдүү басылмалар чыккан, а. и. кеңири белгилүү борб. гезиттер: өкмөттүк гезит – жумасына чыгуучу «Ас-Сабах», көз каранды эмес гезиттер – «Аз-затур», «Аль-Фурат» ж. б., о. эле партиялардын, жарандык саясий уюмдардын гезиттери жарык көрөт. 1959-ж. Ирак маалымат агенттиги негизделген. Радио уктурууну 50дөн ашык радиостанция (2005) араб, күрд, ассирия ж-а түркмөн тилдеринде жүргүзөт. Телекөрсөтүү иши 1956-ж. башталган. 2005-ж. 23 телекөрсөтүү станциясы иштеп, берүүлөр араб, фарсы, түркмөн, ассирия тилдеринде жүзөгө ашырылган. Спутниктик ж-а кабелдик телекөрсөтүү өнүгүүдө. Багдад ш. араб мад-ты м-н илиминин очогу ж-а Халифаттын борбору болгондуктан, о. кылымдагы араб мад-ты тез өнүккөн (к. Араб маданияты). 19–20-к-да ад-т негизинен поэзия (Абд аль-Мухсин аль-Казими, 1865–1935; Жемаль

Сидки аз-Захави, 1863–1936 ж. б.) жаатында
өнүккөн. 1920–30-жылдарда публицистика, анан көркөм проза (Махмуд Ахмед ас-Сайид, Зу-н- Нун Айюбдун аңгемелери, Сафар аль-Халилинин повесттери) пайда болгон. 50-жылдардын ортосунда роман жанры калыптанат. И-та о. эле күрд тилиндеги ад-т да өнүгүүдө.
И. аймагына иск-во неолитте пайда боло баштап, б. з. ч. 4–1 миң жылдыктарда биринен сала бири Шумер, Аккад, Вавилония, Ассирия мадты калыптанып, б. з. ч. 1-к-дан – б. з. 3-к-нын башына чейин Парфиялыктардын көркөм ма-

даний очоктору гүлдөсө, 4-к-дан 7-к-дын биринчи жарымына чейин Сасаниддер мезгилинде байыркы ирак мад-ты Месопотамия иск-восу м-н бирдикте өнүккөн. Араб халифаты мезгилинде И. ислам иск-восунун маанилүү очокторунан болгон. О. кылымдагы И. арх-расына кумпалар, бийик порталдар, курулушта композициянын тактыгы, дубалга оюм-чийим салуу, кыш кыноо аркылуу кооздоо мүнөздүү. Багдад м-н Түн. И-та китеп миниатюрасы (12–13-к.)
өнүккөн. Көркөм карапа, токуучулук, айнек
ж-а металлдан кооз буюмдарды жасоо кеңири тараган. 20-к-дан заманбап арх-ра м-н көркөм сүрөт өнөрү өнүгө баштаган.
И-тын муз. мад-ты тегинде араб цивилизациясы м-н тыгыз байланыштуу. И-тын муз. мадты өлкөнүн араб жана араб эмес калкынын салттарын бириктирет. Заманбап И. музыкасы европ. музыканын үлгүлөрү м-н айкалышкан. 2003-жылдан кийин көп муз. жамааттар ишмердигин токтоткон. Багдадда Улуттук симф. оркестр (1948-жылдан Багдад филармониялык оркестри, 1959-жылдан азыркы аталышында) иштейт.
5–6-к-дан кыдырып оюн көрсөтүүчү актёрлор
болгон. 20-к-дын 20-жылдарынын аяк ченинде алгачкы театр коллективдери, 20-к-дын ортосунда Багдадда профессионал труппалар пайда болгон. 1952-ж. биринчи улуттук театр – заманбап көркөм театр (1968-жылдан Улуттук театр) негизделген. Бир нече театр бар.
Кино өндүрүшү И-та анчалык өнүккөн эмес, жылына бир гана толук метраждуу фильм коюлат. Көбүнесе египет, индия, амер., итал. фильмдерди көрүшөт.
Ад.: Гореликов С. Г. Ирак. М., 1963; Путинцева Т. А. Тысяча и один год арабского театра. М., 1977; Страны и народы. Зарубежная Азия. Юго-Западная Азия. М., 1979; Герасимов О. Г. Ирак. М., 1984; Еолян И. Р. Традиционная музыка арабского Востока. М., 1990; Алексеева Н. Н. Современные ланшафты зарубежной Азии. М., 2000; Ковалев А. А. Месопотамия до Саргона Аккадского. Древнейшие этапы истории. М., 2002; Веймарн Б. В. Классическое искусство стран ислама. М., 2002; Глущенко Ю. Н. Иракская нефть: геополитика и будущее мирового нефтяного рынка. М., 2003; Камышанов В. Н. Ирак как зеркало процессов глобализации / Мир и согласие. 2003. ¹ 4; Гуляев В. И. В стране первых цивилизаций: Ирак. М., 2006, Чуков Б. В. С веком наравне. История
литературы в Иракском королевстве и Иракской республике. М., 2006; Ирак // Большая Российская энциклопедия. Т. 11. М., 2008.
Ө. Бараталиев, А. Кубатова.