ИРАН
ИРА́Н , И р а н И с л а м Р е с п у б л и к ас ы (Жомхурийе Исламийе Иран) (1935-ж. чейинки расмий аталышы – Персия) – Түш.-Батыш Азиядагы мамлекет. Түн.-батышынан Армения, Азербайжан, түн.-чыгышынан Түркмөнстан, чыгышынан Афганстан, Пакистан, батышынан Ирак, Түркия м-н чектешип, түндүгүнөн

Каспий деңизи, түштүгүнөн Оман ж-а Перс булуңдары (андагы Кешм, Харк ж. б. аралдар И-га карайт) м-н чулганат. Аянты 1648 миң км2. Калкы 70,5 млн (2006). Борбору – Тегеран ш. Расмий тили – фарсы тили. Акча бирдиги – риал. Адм.-айм. жактан 30 останга (провинцияга), остан өз ичинен 324 шахрстанга (облуска), шахрстан 740тан ашык бахшка (районго) бөлүнөт; Тегеран м-н Кум ш. да остан статусуна ээ.

И. – БУУнун (1945), ЭВФтин (1945), Эл аралык реконструкция ж-а өнүгүү банкынын (1945), Нефть экспорттоочу өлкөлөр уюмунун (1960), Ислам конф-ясы уюмунун (1969) мүчөсү; СААРКта ж-а Шанхай кызматташтык уюмунда байкоочу статусуна ээ.
Мамлекеттик түзүлүшү
. И. – унитардык мамлекет. Конституциясы 1979-ж. кабыл алынган. Башкаруу формасы – Ислам республикасы. 1979-жылдагы Ислам рев-ясынан кийин мамл. бийлик бири-бирине көз карандысыз мыйзам чыгаруу, аткаруу ж-а сот бийлиги аркылуу жүргүзүлөт. Бийликтин бул үч бутагын өлкө башчысы – Ислам рев-ясынын башкы жетекчиси көзөмөлдөйт. Аны Аксакалдар кеңеши (дин кызматкерлери) тарабынан өмүрүнүн акырына чейин шайланат. Аткаруу бийлигинин башында президент турат, ал министрлер кабинетин жетектейт. Жогорку мыйзам чыгаруу органы – Ислам кеңешинин жыйыны (межлис). И-да европ. типтеги расмий саясий партиялар жок, партия деп атаган саясий кыймылдар бар, алар дээрлик ислам идеологиясына таянат. Негизгилери: «Абадгарян» («Жаратмандар»), «Күрөшчүл динаятчылар коому», «Күрөшчүл молдолор жыйыны».
Табияты
. И-дын көп бөлүгү Иран тайпак тоосунун аймагында жайгашкан; анын ички бөлүгүн – бөксө тоолор ж-а Деште-Кевир, Деште- Лут ж. б. чөлдөр жайгашкан бийик түздүктөр ээлейт. Түндүгүндө Каспий деңизинен ойдуңдуу кууш тилке аркылуу бөлүнгөн Эльбурс кырка

тоосу (бийикт. 5671 мге чейин, Демавенд жанартоосу – И-дын эң бийик жери), түн.-батышында Армян тайпак т оосунун чыгыш бөлүгү, түш.-батышы м-н түштүгүндө И-дын ички аймактарын Месопотамия ойдуңунан ж-а Араб деңизинен бөлүп турган Загрос тоо системасы (бийикт. 4548 мге чейин, Зерд-Кух чокусу) ж-а Түш. Иран тоолору, Перс ж-а Оман булуңдарын бойлой Гермсир чөлү жайгашкан.
Өлкөнүн түндүгү м-н чыгышын Түркмөн-Хорасан ж-а Чыгыш Иран тоолору ээлейт. И-дын аймагы Альп-Гималай геосинклиналь (кыймылдуу) алкагында жайгашкан. Борб. бөлүгүндө кембрийге чейин пайда болгон айрым тоо массивдери (Борб. Иран, Борб. Чыгыш Иран, Лут) биригип, Борб. И. плитасын түзөт. Өлкөнүн басымдуу бөлүгүнүн климаты субтропиктик кон-

тиненттик; Перс ж-а Оман булуңдарын жээктей ысык тропиктик. Кышы түндүгүндө ж-а ички аймактарында серүүн (январдын орт. темп-расы түндүгүндө 0°Сден төмөн, Тегеранда 2°Сге чейин), түштүгүндө жылуу (Перс булуңунун жээгинде январдын орт. темп-расы 22–25°С). Кышында И-дын түндүгүнө О. Азия ж-а Сибирден соккон муздак аба абанын темп-расын –25°Сге
чейин төмөндөтөт. Жайында бардык жеринде
ысык; июлдун орт. темп-расы 29– 32°С. Өлкөнүн ички аймактарында ж-а түштүгүндө аба 40– 50°Сге чейин ысыйт; абс. макс. (54°С) Хузстан
өрөөнүндө катталган. Жылдык жаан-чачындын
өлчөмү өлкөнүн көп бөлүгүндө 500 ммге, Эльбурстун түн. капталында 2000 ммге чейин, Систан чөлүндө 50 ммден аз жаайт. Дарыяларынын көбү суудан өксү. Карун, Шатт-эль-Араб д-нда кеме жүрөт; ири дарыясы – Сефидруд (Каспий деңизине куят). Ири көлдөрү – Урмия ж-а Хамун. Чөлдүн боз топурагы басымдуу; о. эле коңур ж-а күрөң тоо топурактары кездешет. Тайпак тоо ксерофиттери, чөл ж-а жарым чөл
өсүмдүктөрү басымдуу; Эльбурстун нымдуу түн. капталында нымдуу жазы жалбырактуу токой
өсөт. Өлкөнүн аймагынын 4%ин токой ээлейт.
И-нда 130дан ашык улуттук парк, улуттук табият эстеликтери, заказник режиминдеги резерватт ар ую шул ган; ал ардын жалпы аянты
өлкөнүн аймагынын 6,5%ин ээлейт. Ири улуттук парктары: Баму, Кевир, Урмия, Борб. Эльбурс ж. б. ЮНЕСКОнун биосфералык резерват-

Загрос тоолору. Самолёттон көрүнүшү.

тар тармагына 9 объект киргизилген: Арасбаран, Эржан, Гено, Гүлстан, Хара, Кевир, Урмия көлү, Мианкале ж. а., Туран. Эл аралык маанидеги 21 суу-саздуу жер (жалпы аянты 1,5 млн га), коргоого алынган 6 деңиз объектиси бар.
Калкы
. И-дын калкынын көбү иран тилдеринде сүйлөгөндөр: 38,5%и перстер, 6,9%и күрддөр, 5,6%и мазендерандыктар, 5,6%и гиляндар, 3,7%и лурлар ж. б. Ал эми 30%ке жакыны түрк элдери (азербайжандар 20,3%, түркмөндөр 3,2%, кашкайлар 2,4 ж. б.). О. эле арабдар (2,2%), цыгандар, армяндар, ассириялыктар ж. б. да жашайт. Калкынын жылдык орт. табигый

өсүшү 1,55%. Төрөлүү 1000 адамга 16,6 бала, өлүм-житим 5,7 киши. 15 жашка чейинки балдар 23,2%ти, эмгекке жарамдуу курактагылар (15–64 жаштагылар) 71,4%ти, 65тен ашкандар 5,4%ти түзөт. Орт. жыштыгы: 1 км2 жерге 43 киши; эң жыш жайгашкан жерлери: Тегеран останы (12 км2 жерге 713 адам туура келет), Кум (90), о. эле Каспийдин жээгин бойлой (Гильян останында –172 адам, Мазендаранда – 123, Голстанда – 80). Өлкөнүн калкынын 1/ и 7 шаарда отурукташкан: Тегеран (калкы 7186 миң, агломерациясы м-н 13 000 млндон ашык), Мешхед (2,5 млн), Исфахан (1,6 млн, агломерациясы м-н 2,9 млндон ашык), Кереж (1,6 млн, Тегерандын агломерациясына кирет), Тебриз (1,5 млндой), Шираз (1,3 млн), Кум (1,1 млн). И-дын калкынын 98%тейи мусулмандар; а. и. шииттер 89%, сунниттер 9%.
Тарыхы
. И-дын аймагында адам төмөнкү палеолиттин аягында эле жашай баштаган.
Б. з. ч. 4–3-к-дын башында шаар-мамлекеттер пайда боло баштаган. Б. з. ч. 2-миң жылдыкта И. жергесине иран тобундагы (диалектилерде сүйлөгөн) көчмөн инди-европ. уруулар келген. Кийин алар жерг. калкты өзүнө сиңирип алган. Б. з. ч. 670-жылдарда Мидия падышалыгы келип чыккан. 550-ж. Мидия Ахемениддер династиясына кирип калган. Б. з. ч. 550–330-ж. И-дын аймагын Ахемениддер династиясы бийлеп турган. Ахемениддер мамлекетин б. з. ч. 330-ж. Александр Македонский басып алган. Ал
өлгөндөн кийин И. аймагы Селевкиддер мамлекетинин курамына кирген. Б. з. ч. 3-к-дын ортосунда аймакта Парфия падышалыгы түзүлүп, ал б. з. ч. 2-к-да бүткүл И-ды, Месопотамияны, Арменияны баш ийдирген. Б. з. 3-к-да бүлүнгөн Парфиянын негизинде Сасаниддер мамлекети түзүлгөн. Ал мезгилде (3–7-к.) кул ээлөөчүлүк түзүлүш начарлап, алгачкы феодалдык мамлекет пайда болгон. 651-ж. Сасаниддер мамлекетин арабдар басып алып, Араб халифатына кошкон. Өлкөдө ислам дини тарай баштап, 10- к-да калктын көпчүлүгү ислам динин кабыл алган. 7-к-дын аягынан араб үстөмдүгүнө каршы көтөрүлүштөр (Абу Муслим, Сумбад Маг, Бабек ж. б.) чыккан. 11-к-да сельжуктар каратып алып, бүткүл И. ж-а ага чектеш өлкөлөрдүн аймагында Селжуктар мамлекетин түзгөн. 1220-ж. моңголдор басып кирген. 13-к-дын ортосунан – 14-к-да Хулагулар мамлекетине, 1380–93-ж. Тимурдун империясына караган. Кичи Азиядан чыккан көчмөн түрк уруулары (кызыл баштар) 1501–10-ж. И-ды каратып, Сефевилер мамлекетинин түзүлүшүнө негиз салган. Алардын шахы Аббас Iнин реформалары борб. бийликти чыңдап, И-дын абалын жакшырткан. 17-к-дын аягынан Севефиддер мамлекетинин саясий-экон. жактан начарлашы афгандардын 1722-ж. өлкөнүн борбор калаасы Исфаханды басып алышына алып келген. 1723-ж. И-дын, түн.-батыш ж-а борб. аймактарына түрктөр басып кирген. Баскынчыларга каршы согушту жетектеп, 20-жылдардын аягы – 30-жылдардын башында афгандар м-н түрктөрдү өлкөдөн кууп
чыккан кол башчы Надир-хан (Надир шах Афшар; 1736–47) такка көтөрүлөт. Ал өлтүрүлгөндөн кийин ал түзгөн держава хандыктарга бөлүнүп кеткен. 19-к-да орус-иран согуштарынын жыйынтыгында, Закавказье Россиянын курамына кошулган. 19-к-дын аягынан – 20-к-дын башында И. Улуу Британия м-н Россиянын колониялык экспансиясынын негизги объектисине айланып, көп узабай эле жарым колонияга айланган. Элдин нааразылыгы күч алып, И. рев-ясынын (1905–11) башталышына өбөлгө түзүлгөн. Анын жүрүшүндө конституция жарыяланып, межлис (парламент) чакырылган. Бирок россиялык, англ. бириккен күчтөр аркылуу рев-я басылган. 1921-ж. РСФСР м-н И-дын
ортосунда дипл. мамилелер түзүлөт.2-дүйнөлүк согушта ермания И-дын аймагына кирип, СССРге каршы аракеттерди жүргүзө баштаган. Буга каршы англ. ж-а сов. аскерлер И-га киргизилген (1945–46-ж. чыгарылган). Согуштан кийин Мохаммед Реза-шах Пехлевинин (1941- жылдан шах) жүргүзгөн батышка багытталган саясаты калк ичинде нааразылык туудуруп, И-да Ислам рев-ясы башталган (1979). Реза-шах Пехлеви өлкөнү таштап кетүүгө аргасыз болгон. 1979-ж. Референдум өткөрүлүп, И. Ислам Респ. жарыяланган. Аятолла Хомейни И-дын башкы жетекчиси болуп калган. Жылдын аяк
ченинде Ирак м-н мамилелер курчуп, 1980-ж. Перс булуңундагы үстөмдүк үчүн согуштук конфликттер жаралат. 1989-ж. тынчтык макулдашууларга кол коюлат. Ошол эле жылы, Хомейни өлгөндөн кийин өлкөнүн башына аятолла Сейед Али Хаменеи, президент А. А. Хашема-
Рафсанжаникке 1997-, 2001-жылдардагы президенттик шайлоодо Сейед Мохаммед Хатами жеңген. 2005-ж. М. Ахмдинежад президенттикке келип, 2009-ж. 2-мөөнөткө шайланган.
И-дын тышкы саясатындагы негизги көйгөйлүү маселелердин бири – И. ядролук программасы б-ча талаш-тартыштарды жөнгө салуу.
Өлкөдө уран кендеринин ачылышы тынчтык максатта атом энергетикасын өнүктүрүү, о. эле ядролук куралданууга да мүмкүнчүлүк түзгөн. АКШ ж-а анын союздаштары БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясына таянып, И-дан атом энергетика ж-а уранды иштетүүчү объектилердин курулушун токтотууну талап кылууда. Бирок, И. ядролук программанын тынчтык мүнөздө экенин көрсөтүп, бул талаптарды аткаруудан баш тартууда.
Чарбасы
. И. – экономикасы тез өнүгүп жаткан өлкө. Нефть казып алуу б-ча дүйнөдөгү ал-
дыңкы өлкөлөрдүн бири. ИДП көлөмү 852,6 млрд доллар, аны киши башына бөлүштүргөндө 12 300 доллардан туура келет (2007). Жаңы Азадеган ж-а Ядаверан нефть-газ кендери ачылгандан кийин И-дын дүйнөлүк нефтинин запасындагы үлүшү 11,1%ти, газдыкы 15,4%ти түздү (2005). Нефть ж-а газды казып алуу мамлекеттин көзөмөлүндө. Нефть казып алуу б-ча (194,6 млрд т) дүйнөдө 3-орунда (Россия ж-а Сауд Арабиясы-

нан кийин). Нефть казып алуучу негизги аймактары: өлкөнүн түш.-батышы (Хузстан, Бушир остандары) ж-а Перс булуңунун шельфи. Нефть экспорттоо б-ча И. дүйнөдө 3-орунда. Нефть экспорттоочу ири терминалдары Перс булуңунун аралдарында (Харк, Лаван, Сирри, Ларек ж. б.) жайгашкан. Газ өндүрүү б-ча (110,8 млрд м3; 2005) Россиядан кийинки 2-орунда. Газ
өндүрүүчү негизги аймагы – Перс булуңунун шельфи; эң ири кени – Түш. Парс. Көмүр жылына 2 млн тдан ашык казылып алынат. Электр энергетикасы тез темп м-н өнүгүүдө; 2006-ж.
173,3 млрд кВт.с электр энергиясы өндүрүлгөн, анын 91,6%и ЖЭСке, 8,3%и ГЭСке, 0,1%и калгандарына (негизинен шамал энергия курулмасына) туура келет. Уран казылып алынып (Сагенд кени), байытылат. АЭС (Буширде) ж-а геотермия (Мешгиншехрде) станцияларынын курулушу аяктоодо (2008). И-дын электр линиялары Азербайжандын, Армениянын, Түркмөнстандын ж-а Түркиянын электр системалары м-н туташкан. Жалпы кубаттуулугу 70 млн тдан ашкан нефть ажыратуучу 9 з-д иштейт. И-дын кара металлургиясы – Жакынкы ж-а Ортоңку
Чыгыш өлкөлөрүнүн ичиндеги эң ири өндүрүш.
2005-ж. жылына 5 млн т темир кенташы, 9 млн тдан ашык болот, 2,3 млн т чоюн өндүрүлгөн. Бул тармактын негизги продукциялары: каңылтыр прокат, труба, зым, жеңил ж-а оор профиль, курулуш арматуралары ж. б. Түстүү металлургияда жез ж-а алюминий өндүрүшүнүн мааниси зор. Серчешме жез кенташ кени – дүйнөдөгү ири кендердин бири; кенташтын курамында о. эле молибден, күмүш, алтын да бар. Мейдук жез кени да маанилүү. 2005-ж. 365 миң т боксит казылып алынган. Алюминий өндүрүүчү ишканалары Эрак, Бендер-Аббас ш-нда жайгашкан. Коргошун-цинк, алтын кендери казып алына баштады. Химия ө. ж-нда башкы орунду – нефть-химия ээлейт; анын негизги продукциялары: этилен, полиэтилен, полипропилен, поливинил-хлорид, аммоний, күкүрт, күкүрт к-тасы, автомобиль шинасы, резина-тех. буюмдар ж. б. Ө. ж-нын маанилүү тармактарынын бири – машина куруу; 21-к-дан баштап автомобиль куруу тез темп м-н өнүгүүдө (ИДПнин 4%тен ашыгын түзөт). Анда негизинен жеңил автомобиль («Peikan» ж. б.) куруу, автомобиль кураштыруу ж-а анын тетиктерин чыгаруу иштери жүргүзүлөт. Жалпы автотранспорт каражаттарынын өлчөмү – 1 млн бирдикке жакын (2006). Авиация ж-а кеме куруу ө. ж. гражд. ж-а аскердик продукцияларды чыгарат. «Иран- 140» самолёту өлкө ичиндеги каттамдарды тейлейт. Аскердик продукцияларды чыгаруучу 40 з-д иштеп, алар азыркы куралдын ж-а аскер техникасынын бардык түрүн (артиллерия куралы ж-а ракетасы, курал, ок-дары, танк, зоттолгон транспортёр, аскер кемеси, вертолёт ж. б.) чыгарат. Курулуш материалдар ө. ж-нын башкы тармагы – цемент өндүрүшү (2006–07-ж. 40 млн т даярдаган). Өлкө цементти Ирак, Кувейт, Бириккен Араб Эмирликтери, Афганстанга сатат. Жеңил ө. ж-нын өнүккөн тармагы – текстиль
ө. ж.; кебез ж-а жүн кездеме 100дөн ашык фабрикада чыгарылат. О. эле булгаары-бут кийим, тигилүү кийим, трикотаж буюмдарын чыгаруучу ишканалары да бар. Тамак-аш ө. ж-нда кант, күрүч актоочу, ун тартуучу, мөмө-жемиш, жашылча консервалоочу, балык иштетүүчү ишканалары кеңейүүдө. И-дын экономикасында майда кол өнөрчүлүк промыселдеринин мааниси зор; айрыкча кол м-н токулган иран килеми дүйнөгө белгилүү (килемдин бир жылдык экспорттук баасы 500–600 млн долларды түзөт).
Өлкөнүн азык-түлүккө болгон муктаждыгын а. ч. толук канааттандыра албайт; ошондуктан азык-түлүктүн 10%тен ашыгын (а. и. өсүмдүк майынын 90%ин, күрүчтүн 30%ин) сырттан сатып алат. А. ч-на жарактуу жери 51 млнго жакын, анын 17,1 млн гасы иштетилип, анын 15,3 млн гасы айдалат, 1,8 млн гасы бак-дарак


ж-а питомниктер. Чарбасынын 70%тен ашыгын 5 гага чейин жери бар (22%) майда чарбалар түзөт; 5–10 га жери барлар 21,5%, 10–50 га жердүүлөр 44%, 50 гадан ашык жери барлар 12,5% жерди ээлейт. Дыйкан чарбалары 7000ден ашык түрдүү кооперативдерге биригип, а. ч-нда иштегендердин 80%ин камтыйт. Кооперативдер дыйкандарды жеңилдетилген банк кредиттери, өсүмдүк уруктары, а. ч. техникасы, отун, керектелүүчү товарлар м-н камсыз кылып, о. эле продукцияны сатууну уюштуруп берет. Өлкөнүн а. ч-нын негизги тармагы – өсүмдүк өстүрүүчүлүк. Негизги азык-түлүк өсүмдүктөрү – дан эгиндери: буудай (2006–07-ж. 12 млн тдан ашык түшүм жыйналган; экспортко да чыгарат), шалы (1,6 млн т; Каспий боюнда), арпа (жылына 3 млн т);

тех. өсүмдүктөрү: кант кызылча (5 млн т) ж-а балкамыш (5,9 млн; негизги плантациялары Хузстан останында), тамеки (22 миң т), чай (көк
чай; 134 миң т; негизинен Каспий бою), пахта
аянты кескин кыскарууда, аны негизинен сырттан сатып алат. Бакчылык (анар, өрүк, алма, алмурут, цитрус өсүмдүктөрү, шабдаалы, кайналы, анжир, курма) ж-а жүзүмчүлүк (айрыкча Ширазда) өнүккөн. Картөшкө, жашылча (пияз, баклажан, томат, бадыраң, капуста, сарымсак, калемпир ж. б.), бакча (коон, дарбыз) өсүмдүктөрү өстүрүлөт. Маанилүү экспорттук а. ч. товарлары: анар, курма, мейиз, кактар, мисте, шафран ж. б. Куш чарбалары тез темп м-н
өнүгүүдө. Мал чарбасы негизинен эт багытында; 2002-ж. 54 млн кой, 26 млн эчки, 9 млн бодо мал, 0,4 млн төө, 0,55 млн буйвол, 0,3 млн жылкы болгон. Каспий боюнда жибекчилик
өнүккөн. Каспий деңизинен ж-а Ормуз булуңунан балык кармалат.
Тейлөө чөйрөсүнүн негизги тармагы – банкфинансы системасы; И. Борбордук банкы, 6 коммерциялык, 4 адистешкен банк иштейт; алар негизинен мамлекетке карайт. Майда соодагерлер ж-а кол өнөрчүлөр синфке (гильдияга) бириккен. Чекене ж-а дүң сооданын негизги борборлору – үстү жабык базарлар. Тарыхый эстеликтеринин көптүгүнө карабай чет өлкөлүк туризм анча өнүккөн эмес. Эс алуу туризминин
өнүгүүсүнө исламдык чектөөлөр кыйла тоскоолдук кылат. Жыл сайын И-га 1,7 млн чет элдик турист келет (алардын 40%и О. Азия ж-а Закавказье өлкөлөрүнөн келгендер). Туризмдин негизги түрлөрү: диний-зыяратчылык (борборлору: Мешхед, Кум), маданий-таанып билүү (Исфахан, Шираз, Йезд, Тебриз, Тегеран ж. б.). Эң белгилүү деңиздик ден соолук чыңдоо, эс алуу борбору – Киш а.
Транспорттун негизги түрү – автомобиль жолу,
анын жалпы уз. 179,4 миң км (а. и. 120,8 миң кми асфальтталган); негизги автомагистралдары: Түркия м-н чек арасы /Базерган – Тебриз – Тегеран – Мешхед – Догхарон/Афганстан м-н
чек арасы; Пакистан м-н чек арасы/Захедан – Керман – Йезд – Кум – Хамадан – Хосрови/ Ирак м-н чек арасы; Тегеран – Кум – Исфахан – Шираз. Кийин жогорку ылдамдыкта жүрүүгө ыңгайлуу көптөгөн магистралдар салынган. Т. ж-нун уз. 8,4 миң км (анын 146 кми электрлештирилген). И-ндын негизги т. ж. магистралдары: Каспий деңизинин жээгин Перс булуңу м-н туташтырган Трансиран (Бендер-Торкемен – Тегеран – Бендер-Имам-Хомейни) магистралы: Тегеран – Тебриз – Жульфа, Тегеран – Мешхед – Кум – Бад – Исфахан, Бад – Йезд – Бафк – Керман – Бам, Бафк – Бендер-Аббас, Мешхед – Серахс/Түркия м-н чек ара. 2005-ж. Бафк – Мешхед т. ж. курулгандан баштап Борб. Азия өлкөлөрүнө Перс булуңунун жээгиндеги Бендер-Аббас порту м-н түз байланышууга шарт түзүлдү. О. эле көптөгөн т. ж. линиялары курулууда. Сыртка кетчү жүктүн 80%и (негизинен нефть ж-а нефть продуктулары, кенташ, металл) деңиз транспорту аркылуу ташылат. И-дын желеги м-н башка өлкөлөрдүн 130 соода кемеси, ал эми Мальта, Панама, Кипр, Боливия ж. б. өлкөлөрдүн желеги м-н И-дын 33 соо-
да кемеси жүрөт (2007). Негизги порттору: Перс булуңунда – Бендер-Аббас, Бендер-Имам-Хомейни, Харк; Каспий деңизинде – Бендер-Энзели, Амир-Абад. Урмия көлүндө кеме жүрөт. Карун д. м-н кеме каттап, Шатт-эль-Араб аркылуу Перс булуңуна чыгат. 321 коммерциялык аэропорту бар. Эл аралык аэропорттору Тегеран, Исфахан, Мешхед, Абадан, Бендер-Аббас, Шираз, Тебриз ш-нда жайгашкан. Мамл. ири авиакомпаниясы – «Iran Air». Жер бети ж-а суу асты м-н өткөн куурларынын жалпы уз. 34,4 миң км; анын 17,1 миң кми газ кууру, 8,5 миң кми нефть кууру. Негизги нефть куурлары: Ахваз – Эрак – Тегеран, Гечсаран – Шираз, Агажари – Исфахан – Тегеран, Саркан – Керманшах, Нефт-Шехр – Керманшах, Тегеран – Тебриз, Тегеран – Мешхед, Нека – Тегеран. Перс булуңунун шельфиндеги кендерден нефтини порт терминалдарына жеткирүүчү куурлар иштейт. Түркияга кеткен экспорттук газ кууру (Тебриз – Базерган – Анкара) бар; Арменияга газ кууру (Тебриз – Мегри – Хажаран – Арарат) курулууда (2008). Тегеранда метрополитен иштейт; Шираз, Исфахан ш-нда курулууда (2008).
Сырткы сооданын көлөмү 108,7 млрд долларды түзөт; анын 63,2 млрды экспортко, 45,5 млрды импортко таандык. Экспорттун негизин (80%тейин) чийки нефть түзөт; о. эле сыртка – нефть-химия, химия, автомобиль ө. ж. продуктулары, газ, килем, жыгач мисте, кара икра ж. б. сатат. Сырттан сырьё ж-а материалдарды, ө. ж. үчүн чала фабрикат, машина, жабдуу, керектөө товарларын, азык-түлүк, дары-дармек сатып алат. Негизги соода шериктери: Япония, Кытай, Түркия, Германия, Италия, Түш. Корея, Бириккен Араб Эмираттары, Франция, Нидерланд, Россия.
Маданияты
. Өлкөдө билим берүү мектептен тартып, ЖОЖдоруна чейин акысыз жүргүзүлөт. Ири ЖОЖдору Исфахан, Мешхед, Шираз, Тебриз ж-а Тегеран ш-ларында жайгашкан. 1983-ж. алгачкы жеке менчик ун-т (Эркин ислам ун-ти) ачылган. Ири китепканалары: Улуттук китепкана (1935-ж. негизделген), Пехлеви китепканасы (1965) ж-а ЖОЖдордогу китепканалар ж. б. Булардан тышкары, ири мечит, медреселерде китепканалар бар, а. и. айрыкча Мешхеддеги Реза имам мечитинин китепканасында
10 миңге жакын байыркы кол жазмалар сакталган. Тегерандагы Улуттук китепканада И. тарыхы б-ча бай материал (Кажар династиясынын учуруна таандык мамл. документтер) топтолгон. Ири музейлери: көркөм (1894-жылдан, Голстан сарайында), улуттук (1937; 1987-ж. чейин И-дын байыркылык музейи), улуттук искво (1930), килем (1978) музейлери ж. б.
И-да табият илимдери исламга чейин Сасаниддер (3–7-к.) мезгилинде жогору өнүккөн. Бул мезгилге таандык математика, астрономия, медицина, а. ч., ветеринария б-ча сирия, пехлеви тилдериндеги китептер сакталган. Илимдин (айрыкча географиянын) өнүгүшүнө И. Аббасиддер халифатына карап турганда (8–11-к.) жакшы шарттар түзүлүп, аль-Бахи, аль-Истахринин география б-ча эмгектери белгилүү болгон. Бул мезгилде медицинада (ар-Рази ж-а Ибн Сина), математикада (Омар Хайям) да кыйла ийгиликтер жаралган. Байыркы филос. ой-пикир диний жазма булактарда сакталган. 3–7-к-да И-да байыркы грек окуусу, асыресе неоплатонизм философиясы кеңири тараган. Тил илими бай лексикогр. салтка эгедер. Фарсча жазылган түшүндүрмө сөздүктөр 11-к-дан эле белгилүү. 1940-ж.
чыккан «Фарс энциклопедиясынын» кириш
сөзүндө 202 сөздүк болгону эскерилет. Байыркы ар.-фарсча сөздүктөрдүн бирин («Мугаддадимад аль-адаб») хорезмдик Абдулкасим-Мухаммед аз- Замахшари 12-к-да түзгөн.
19-к-да илимдин өнүгүшүнө Эмир Незамдын реформасы (1859–51), Тегеранда политех. мектептин ачылышы, И-га чет элдик илимпоздордун чакырылышы, жаштардын чет өлкөлөргө окууга жиберилиши өбөлгө түзгөн. 20-к-дан тартып ил.-из. жакшы жолго коюлган.
И-дын байыркы, айрыкча о. кылымдагы адты иран (фарсы, пушту, күрд ж. б.) ж-а түрк (өзбек, түркмөн, азербайжан ж. б.) тилдеринде, о. эле айрым инди тилдеринде өнүккөн. Араб халифатына кошулгандан кийин (7-к.), араб тили И. ад-тынын негизги тилине айланган. 9- к-дан араб тилиндеги ад-т м-н катар фарсы тилиндеги ад-т өнүккөн. Фарсы-дари адабий тили ж-а И. классикалык поэзиясынын негизги жанрдык формалары (рубаи, казал, касыйда, месневи, кыта) айрыкча Рудакинин чыг-лыгында биротоло калыптанган. 10-к-дын 1-жарымынан башталган ыр түрүндө эпикалык жыйнак жазуу Фирдоусинин айтылуу «Шах-намеси» м-н аяктаган. Фарсы тилиндеги гуманисттик ад-ттын өсүп жеткен чеги – Омар Хайямдын рубаилери, Хаканинин касыйдалары, азербайжан акыны Низаминин чыгармалары болгон. Моңгол баскынчылыгынан (1220–56) бошонгондон кийин, 13-к-дын 2-жарымы ж-а 14-к-да И-дын классикалык ад-ты кайрадан өнүгүп, Амир Хосров Дехлеви, Саади, Хафиз ж. б. акындар чыгармаларын жараткан. 15-к-да өзбек акыны Алишер Навоинин окутуучусу ж-а досу Жаминин фарс тилинде жазган чыгармалары классикалык жеткилеңдиктин жогорку чегине жеткен. Мурда фарс ад-тынын чегинде бир нукта өнүгүп келген И. ад-ты 16-к-да экиге бөлүнө баштаган: азербайжан, өзбек, түрк ж. б. элдер ад-тын өз тилинде жазууга өткөн. 20-к-дын 20-жылдары Тегеранда Иран адабий коому (Акылман Низами коому) түзүлгөн. 1979-ж. И. рев-ясынан кийин жазуучулардын бир бөлүгү эмиграцияга кеткен. Өлкөдө ислам дөөлөттөрүн тастыктаган
патриоттук ад-т өнүгүүдө (М. Солеймана, М. Михмалбаор ж. б.). Чет жактагы фарсы тилдүү ад-т улуттук салттар м-н тыгыз байланышын сактап, И-дагы ад-тка да таасир тийгизүүдө (Исмаил Фасиха, Х. Шакани).
Б. з. ч. 5–4-миң тургун жайлардан адамдардын, жаныбарлардын чоподон жасалган сөлөкөттөрү, оймо-чийме түшүрүлгөн карапа, чебер иштелген металл буюмдар табылган. И-дын аймагындагы иск-во эстеликтери байыркы доорго таандык. Түш.-Батыш И-дан б. з. ч. 3–2-миң жылдыкта Элам падышалыгынын иск-восунда Вавилон-Ассирия мад-тына жакын болгон.


Мидия падышалыгынын тушунда (б. з. ч. 1-миң жылдыктын 1-жарымы) мыкты имараттар курулуп, фасаддары оймолонгон таш күмбөздөр, Ахемениддер доорунда (б. з. ч. 6–4-к.) кедр м-н жабылган ападана – салтанат залдары (Пасаргады, Персеполь), түбү коңгуроо сымал негизге орнотулган өгүз, жолборс баш түркүктүү имараттар (Персеполь, Сузы) арбын салынган. Сасаниддер доорунда шаар куруу маанилүү орун ээлеген. Айрыкча көркөм сүрөт өнөрү жогорку деңгээлге жетип, падыша аңчылыгы ж-а тойтамаша сүрөттөрү м-н кооздолгон алтын, күмүш идиштер кеңири тараган. Арабдар басып алгандан кийин (7-к.), И-да көп чеп шаарлар, мечиттер, мунаралар, медреселер, күмбөздөр, мон-

чолор, кербен сарайлар курулган. 8–13-к-да аңчылык ж-а ак сарай кызматчыларынын турмушун чагылдырган дубал оймо-чиймелеринен фрагменттер, о. эле миниатюралар сакталган.
15–16-к-да көркөм сүрөт өнөрүндө миниатюра негизги орун ээлейт (Султан Мухаммед), кийинчерээк европ. сүрөт тартуу ыкмаларынын таасири байкалат. Севефиддер доорунда (16–18-к.) ири шаар ансамблдери курулат (Исфахан, Мешхед, Тебриз). 17-к-дын 2-жарымында Тебриз, Кашан, Исфахан ж. б. эски кол өнөрчүлүк борборлорунда түр түшүрүлгөн кездеме (жибек, баркыт, парча, атлас) токуу, килем согуу, металлды көркөм иштөө улантылган; көркөм сүрөт
өнөрүндө акварель м-н май боёк живописи пайда болгон. 20-к-да арх-ра ж-а сүрөт өнөрүндө бир кыйла илгерилөө башталган: жаңы типтеги мекемелер, турак жай ж-а колдонмо өнөрүнүн салттуу түрлөрү ары өнүгө баштады.
И-дын профессионалдык (классикалык) ж-а
элдик музыкасынын эзелтен келаткан салты бар. Элдик музыканын тесниф (баллада), теране (жерг. ыр), касыйда (ода),казал (лирикалык ыр) сыяктуу түрлөрү кеңири тараган. Элдик муз. аспаптары – саз, тар (чертме кыл аспап), кеманча (жаалуу кыл аспап), карнай, зурна (үйлөмө), зарб (урма). И. музыкасында 15-к-дан нота ж-дө маалымат кездешет.
-к-дын 2-жарымынан европ. музыканын таасири тие баштап, Тегеранда Империя коллежинде муз. мектеп негизделген. 20-к-дын 20- жылдары комп., тарыхчы, Тегеран ун-тинин проф. Али Наги Вазири улуттук музыканы окутууга жол ачып, муз. теория ж-дө китеп жазып, Тегеранда улуттук туңгуч музыканттарды даярдоочу мектеп негиздеген. 30-жылдардын башында Тегеранда муз. жогорку мектеп (40-жылдын акырынан консерватория) ж-а муз. мектептер иштейт. 20-к-дын белгилүү музыканттары, дирижёрлор – Фархат Мешкат, Хешмат Сенжера; пианисттер – Г. Эмир Хосрови, Э. Мелик- Эсланян; скрипачтар – Али Форуг, А. Авакян;
опера ырчылары – Хосейн Саршар, Менир Вакили ж. б. И-да Рудаки атн. Опера-балет театры (1967), телекөрсөтүү м-н филармониянын балет труппасы (1953), симф. оркестрлер ж-а камералык консерватория бар.
-к-дын 20-жылдарына чейин жер кыдырып оюн көрсөтүүчү актёр-маскарапоздор болгон. 1883-ж. Тегеранда европ. үлгүдөгү театр ачылган. 1920-жылдан кийин тазийе аталган жанрды аткаруучуларга тыюу салынып, театрлар жабылгандан кийин театр топтору ж-а союздары пайда болгон. Эң белгилүү топ Иран комедия (1921) Тегеранда биринчи театр мектебин ачкан (1939). 1940-жылдарда Тегеранда бир нече театр ачылып, 60–70-жылдар И. театрынын гүлдөгөн мезгили болду. 1979-жылкы И. рев-сынан кийин Тегерандагы варьете театры жабылган, театрда ролдорду аткарууга эркектер гана
көзөмөлдөйт. Мамл. Ислам Республикасынын маалымат агенттиги ж. б. маалымат борборлору иштейт.
Ад.: Страны и народы. Зарубежная Азия. Общий обзор. Юго-Западная Азия. М., 1979; Пустыня. М., 1986; Агеев С. Л. Иран между прошлым и будущим. События. Люди. Идеи. М., 1987; Алексеева Н. Н. Современные ландшафты зарубежной Азии. М., 2000; Арабаджян А. З. Исламская Республика Иран. Экономический потенциал. М., 2002; Деловой Иран в 1999–2002 гг. М., 2002–2004. Т. 1–3; Алиев С. М.
История Ирана. ХХ в. М., 2004; Луконин В. Г. Искусство Древнего Ирана. М., 1977; Стародуб Т. Х. Сокровища исламской архитектуры. М., 2004; Виноградов В. С. Классические традиции иранской музыки М., 1982; Сагаян Магди Хамед. Современный театр Ирана. М., 2005; Шахов А. Иранской киноренесанс. Киносенсации: фильмы, люди, события. М., 1996; Иран //Большая Российская энциклопедия. Т. 11. М., 2008.
катышса ж-а спектаклдердин мазмуну исламдын шарттарына туура келсе гана коюуга уруксат берилген. 20–21-к-дын чегинде салттык театрды жандандыруу м-н катар европ. заманбап тажрыйбаларга да көңүл бурулуп, улуттук салттарды заманбап көйгөйлөр м-н айкалыштырууга аракеттер болууда.
И-да биринчи көркөм фильм «Аби Раби» (реж. А. Эханиан) 1929-ж. коюлган. 1954-ж. И-дын мыкты фильмдеринин бири «Порт уурусу» (реж. А. Ширази) фильми экранга чыккан. 1970-жылдарда кинематографка келген Д. Мехржуи («Уй», 1870; Венеция ЭКФтин сыйл.), Б. Бейзан («Чоочун жана туман» 1974), А. Надери («Тангсир», 1973) фильмдери дүйнөгө таанылган. Ревяга чейин кино өнөрү бир топ ийгиликтерге жетишсе, 1979-жылдан кийин шариаттын жоболоруна шайкеш келбеген фильмдерди коюуга тыюу салынган. Кинофильмдердин импорту кыскартылып, жерг. киностудиялардын продукциялары цензурадан өткөрүлө баштаган. 1980-жылдардан кино өндүрүшү жанданып, И-дын фильмдери ар кандай эл аралык кинофестивалдарда көптөгөн сыйлыктарга ээ болууда: А. Кияростами, «Алчанын даамы», 1997, Канныда ЭКФтин башкы байгеси; Р. Баниэтимад, «Көгүш жоолук», 1995, Локарнодогу ЭКФтин сыйл.; С. Макмалбаф, «Мектеп доскасы», 2002, Канныдагы ЭКФтин сыйл. ж. б. көркөм фильмдери эл аралык кинофестивалда башкы байгелерге татыган.
И-да биринчи гезит 1835-ж. басылган. 2006-ж. И-да 500дөн ашык гезит-журнал чыккан. Негизгилери фарсы тилинде («Кейхан», 1942; «Эттелаат», 1925; «Жомхурийе ислами», 1979; «Абрар», 1985), бир катар гезиттер англис тилинде («Техран таймс», 1979) жарык көрөт. Радиоуктуруу 1940-ж. башталган. 2005-ж. 90го жакын радиостанция болгон. Телекөрсөтүү 1950-жылдардан иштейт, берүүнү өкмөттүк Радио ж-а теле – «Иран Ислам Республикасынын үнү» уюму
Ө. Бараталиев, А. Кубатова.