ИРАН РЕВОЛЮЦИЯСЫ
ИРА́Н РЕВОЛЮЦИЯСЫ (1905–11) – Ирандагы феодализмге ж-а империализмге каршы бурж. рев-я. Кажарлар династиясы башында турган феодалдык төбөлдөр ж-а аларды колдогон империалисттер м-н жаңыдан курала баштаган улуттук буржуазия, о. эле дыйкандар, кол өнөрчүлөр, жумушчулар ортосундагы карама-каршылыктардын күчөшүнөн чыккан. 20-к-дын башында Ирандын Улуу Британия м-н падышалык Россиянын чала колониясына айланышы ал карама-каршылыктарды ырбатып, ал эми 1905-ж. башталган Россиядагы бурж.-демокр. рев-я И. р-нын чыгышын бөтөнчө тездеткен. Рев-я 1905-ж. декабрда Тегеран, Шираз, Мешхедде башталган. Рев-ядан чочулаган шах 1906-ж. 5-августта конституциялык түзүлүш киргизүүгө аргасыз болгон. 7-октябрда Ирандын 1- межилиси ачылган. Анда шах бийлигин чектеген Негизги закон кабыл алынып, ал 1906-ж. декабрда бекитилген. Ушуну м-н рев-янын биринчи этабы аяктаган. 1907-ж. рев-янын экинчи этабы башталып, ага катышуучулар арасында либералдык ж-а демокр. багыттар пайда болгон. Бул мезгилде дыйкандар, кол өнөрчүлөр, шаардык майда буржуазия активдүүлүк көрсөтүп, өз талаптарын коё баштаган. Империализмге каршы күрөш күчөп, бурж. рев-ячыл уюмдар (энжомендер) ж-а туңгуч жумушчу уюмдары түзүлгөн. Негизги законго кошумчалар киргизилип, өлкөдө бурж. эркиндик жарыяланган. Бирок И. р-нын тереңдешинен корккон Улуу Британия м-н Россия 1907-ж. августта келишим түзүп, рев-ячыл кыймылга каршы аракеттерин күчөткөн. Ошондон пайдаланган Мухаммед- Али-шах 1908-ж. 23-июнда Тегеранда контррев-ячыл төңкөрүш жасап, межилисти ж-а энжоменди тараткан. Мындан соң күрөш борбору Иран азербайжандарына ооп, 1908–09-ж. Тебриз көтөрүлүшү чыккан. Ошону м-н И. р-нын жаңы мезгили башталган. Бул кезде рев-ячыл Тебриз кавказдык революционерлерден ыктыярдуу аскер, курал жагынан чоң жардам алып турган. Конституция тарапкерлери 1909-ж. январда Исфахан, Бишур ж. б. шаарларда ж-а райондордо бийликке келген. 1909-ж. Тегеранда Мухаммед-Али-шах тактан кулап, уулу Ахмед шах болгон. Конституция калыбына келтирилип, рев-янын акыркы этабы башталган. Демокр. кыймылдын ийгилигин өз максатына пайдаланган феодал-помещикчил чөйрөлөр, компрадордук соода буржуазиясы рев-яны андан ары өөрчүткүсү келген эмес. Өкмөт аны басуу үчүн реакциячыл чөйрөлөр ж-а империалисттик державалар м-н келишип кеткен. Империалисттик державалардын ж-а иран реакциясынын биргелешкен күчү м-н 1911-жылдын аягында И. р. басылган. И. р-нын жеңилиши Ирандын Улуу Британия м-н падышалык Россияга андан ары күнкор болушуна жардам берген. Ошентсе да И. р. Ирандын феодалдык түзүлүшүнө сокку уруп, коңшу өлкөлөргө чоң таасир тийгизген.