ИРОНИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИРО́НИЯ (грекче eironeia – анткорлонуу, тымызын какшыктоо) – белгилүү бир турмуш көрүнүшүн, адамдын кулк-мүнөзүн тымызын, жашыруун шылдыңдоо, келекелөө. Анын өзгөчөлүгү – жум­шактыгы, акырын чымчуу максатын көздөгөн­дүгү жана каймана, жашыруун боло турганды­гы. Ошондуктан айрымдар иронияны түшүнбөй да калат, анткени анда «керегем сага айтам – ке­линим сен ук» мааниси берилет. Ирония кеңири маа­нилүү турмуш көрүнүштөрү жөнүндө да, жекече адам мүнөзү жөнүндө да болот. К. Баялинов каарманы­на «Чоңмурун» деп, ирониялык ат берсе, Ч. Айтма­тов «Кылым карытар бир күн» романында лей­тенант Таңсыкбаевди Айзаданын ичкич күйөөсү «Сенден көрө базардагы милийса адам»,– деген бир ооз сөзү менен шылдыңдап өтөт.