ИСАБАЕВА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИСАБАЕВА Валентина Абдылдаевна (27. 11. 1927, Ысык- Көл обл, Тоң р-ну, Төрт-Күл айы­лы – 2001, Бишкек) – физиолог, медицина илимд. доктору (1976), проф. (1977), Кыргыз ССР

ИАнын корр. мүчөсү (1961). Кыргыз ССРинин илимге эмг. сиң. ишмери (1977). КММИни бүтүргөн (1951). Кыргыз ССР ИАнын Край­лык медицина ин-тунун сек­тор башчысы (1955–57), Кыргыз ССР Курортология ж-а физиотерапия ИИИнин директорунун орун басары (1957–62), КММИнин рек­тору (1962–71), Кыргыз ССР

ИАнын Бийик тоо физиологиясы ж-а экспери­менттик патология ин-тунун директору (1971– 82), 1983-жылдан ушул эле ин-тта лабор. баш­чысы, КММИде жетектөөчү адис болуп иште­ген. Кандын физиологиясы ж-а табигый адапта­ция физиологиясы б-ча адис. И-нын изилдөө­лөрү тоодо ж-а эксперименттик гипоксия шар­тында жалпы биол. мааниси бар адаптациянын физиол. негизинин бир катар олуттуу закон че­немин түшүндүрүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн. 200дөн ашык ил. эмгектин, а. и. 13 монография, 4 окуу китептин автору. Кыргыз ССР Жогорку Сове­тинин (5–8-шайланышынын) депутаты, Эмгек Кызыл Туу ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.


Эмг.: Хеморецепторы гемокоагуляции и высокогорье (в соавторстве). Ф., 1973; Система свёртывания крови и адаптация к природной гипоксии. Л., 1983; Ме­дицинская география Киргизии (в соавторстве). Ф., 1988.