ИСАЕВ Аскар
ИСАЕВ Аскар [15. 3. 1931-жылы туулган, Кызыл-Аскер району, Кызыл-Аскер кыштагы (азыркы Бишкек ш.) – 22. 8. 2016. Бишкек] – архитектор, акын, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген архитектору (1974). Кыргыз Республикасынын архитектура жана курулуш академиясынын ардактуу академиги (2005). Москва архитектура институтун бүткөн (1955).

1956–1959-жылдары «Кыргыздолбоор» жана «Фрунзе шаардык долбоор» институттарында архитектор, 1959–1961-жылдары Кыргызстан архитекторлор союзунун башкармасынын төрагасы (1959–1961), Фрунзе шаарынын башкы архитектору (1968–1971), «Фрунзе шаардык долбоор» институтунда өнөркана жетекчиси (1972–1986). Исаевдин чет өлкөлөрдө (Сирия, Алжир, Ирак, Германия, Швейцария) өткөрүлгөн бүткүл дүйнөлүк көргөзмөлөрдөгү кыргыз павильондору алтын медалдарга татыктуу болгон. Ал жетектеген ¹ 3 өнөркананын архитекторлорунун долбоору боюнча Өкмөт Үйү курулган (1974). Исаевдин эмгектери: Бишкектеги байланыш үйү куранты менен (1980), Эркиндик бульварындагы «Сейил» рестораны (1970), Совет көчөсүндөгү 10 кабат турак үй (1973), В. И. Лениндин эстелиги (айкелчилери А.Кибальников, Т. Садыков, 1984), М. Фрунзенин эстелиги (айкелчилери А. Посядо, В. Дубиновский 1960–1970), Т. Сатылгановдун эстелиги (айкелчиси Г. Айтиев, 1960–1974), Ч. Айтматов атындагы парктагы түбөлүк от (1970) жана башкалар. Исаев лирик акын катары да

таанымал. «Таң сыры» (1980), «Жаңырык» (1984) ыр жыйнактары жарык көргөн, «Сары-Челек», «Эңсөө», «Элегия», «Жаш курак» жана башка ырларына музыка жазылган. «Ардак Белгиси» ордени жана медалдар менен сыйланган.