ИСАЕВ 6

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИСАЕВ Рустамбек (26. 6. 1951-ж. т., Ош обл., Ноокат р-ну, Жал кыш.) – юстициянын гене­рал-майору (1997), юстициянын 3-класстагы мамл. кеңешчиси (2001), прокуратуранын ардак­туу кызматкери (2001). 1997-ж. КМУну бүткөн. 1968–70-ж. «Чүй өнөр жай курулуш» трестинде жумушчу, 1977–81-ж. Аламүдүн р-ндук проку­ратурасында стажёр, тергөөчү, прокурордун орун


басары, 1981–88-ж. Кали­нин, Кант р-ндук прокура­ту раларында проку рор, 1988–91-ж. Кыргыз ССРи­нин башкы прокуратурасын­да бөлүм начальниги, 1991– 97-ж. Бишкек шаардык, Ысык-Көл обл. прокуратура­ларында прокурор, 1997– 2004-ж. КРдин башкы про­курорунун орун басары –

аскер прокурору, 2004-жылдан Нарын обл. про­куратурасында прокурор.