ИСАКЕЕВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИСАКЕЕВ (мурдагы Большевик), Ү к ө к – На­рын обл-нун Кочкор р-нундагы кыштак. Кочкор айыл округуна караштуу. Деңиз деңг. 1810 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Коч­кор кыш-нан 7 км түш. тарапта. Балыкчы т. ж. бекетинен 67 км. Кыштак 1930-ж. негизделген. Калкы 1849 (2007); негизинен мал ж-а дыйкан чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, клуб, ки­тепкана бар. Мончо, медпункт иштейт. Ушул кыштакта туулган коомдук ишмер Б. Д. Иса­кеевдин ысмы ыйгарылган.