ИСАКОВСКИЙ
ИСАКО́ВСКИЙ Михаил Васильевич [7 (19). 1. 1900, азыркы Смоленск обл., Глотовка кыш. – 20. 7. 1973, Москва] – орус акыны, Соц. Эмг. Баатыры (1970). Чыгармалары 1924-жылдан

жарыялана баштаган. «Самандагы зымдар» деген туңгуч китебин (1927) М. Горький жогору баалаган. Кийин «Чет жака» (1930),
«Жер устаттары» (1931) ж. б. жыйнактары чыккан. И-дин ырларынын негизги темасы – коллективдештирүү. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде элдин майдандагы, ооруктагы эрдигин даңазалаган, аларды патриоттуулукка шыктандырган («Кош болгула, шаарлар менен үйлөр», «Учкун», «Россия жөнүндө сөз» ж. б.) чыгармаларды жазган. Мекен, эл достугу темасы И-дин согуштан кийинки поэзиясынын негизги лейтмотивин түзөт. Анын поэзиясы турмушка жакындыгы, музыкалуулугу, лирикалуулугу м-н өзгөчөлөнөт. «Узатуу», «Аны ким билет», «Чек арачы кайтканда», «Катюша» ж. б. ыр жыйнактардын автору. И-дин бир нече ыры кыргыз тилине которулган. СССР мамл. сыйл. лауреаты (1943, 1949). Төрт Ленин, 2 Эмгек Кызыл Туу ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.
Чыг.: Собр. соч., Т. 1–4. М., 1968–69.
Ад.: Александров В. М. Исаковский. Критикобиографический очерк. М., 1950.