ИСАКОВ 1
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ИСАКОВ Бектур Сыдыкович (12. 5. 1942-ж. т.,

Талас р-ну, Арал айылы) – педагог, КРдин эл мугалими, Кыргыз ССР эл агартуусунун отличниги (1974), СССР эл агартуусунун отличниги (1980). КМУнун филология
ф-тин бүтүргөндөн (1965) К. Нанаев атн. Арал орто мектебинде мугалим. И. кыргыз тилинин вариативдүү окуу программасын (5-кл.), Манас сабагын окутуу чежиресин (3–11-кл.), Ыйман сабагы б-ча окуу программасын түзүүгө катышкан. О. эле «Биздин адабият» (5-кл.), «Кыргыз адабияты» (8-кл.), «Кыргыз тили» (7–9-кл.), «Манас сабагы» (3– 11-кл.) окуу китептерин жазган. Респ-да биринчи жолу өзүнүн алдыңкы тажрыйба мектебин уюштурган (1980). «Ардак Белгиси» ордени, Даңк медалы м-н сыйланган.