ИСЛАМАБАД
ИСЛАМАБА́Д – Пакистан Ислам Респ-нын борбор шаары. Өз алдынча адм. бирдик статусуна ээ. Борб. федерация округунун адм. борбору. Ги-

малайдын этегиндеги Потвар платосунда, деңиз деңг. 550 м бийиктикте жайгашкан. И-дын климаты жагымдуу; июлдун эң жогорку темп-расы 39°С, январдын эң төмөнкүсү 3°С. Калкы 657,8 миң (2008). Өлкөнүн мурдагы убактылуу борбору – Равалпинди ш. м-н туташып, агломерацияны түзөт; калкы 3,2 млн. Эл аралык аэропорту бар. Тамак-аш, жеңил ө. ж. ишканалары иштейт. Өлкөнүн илим-билим борбору. Пакистан ИА (1953), ири улуттук китепкана, ун-т (Каид-и- Азам), Атом энергиясы б-ча Пакистан комиссиясы (бүткүл дүйнөгө белгилүү, 1956; курамында 20га жакын ИИИ бар), ин-ттар (а. и. адам укугу, тарых, маданият ж. б.) ж-а Ислам таануу окуу жайы, улуттук архив (1951), музейлер, сүрөт галереясы бар. «Шехерезада» мейманканасы, Фейсал улутук мечити, шаар грек архитектору К. А. Доксиадистин долбоору м-н борборду куруу ж-дөгү өкмөттүн 1959-жылкы чечимине ылайык (1960–70-ж.) атайын курулган.