ИСЛАМОВ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ИСЛА́МОВ Юрий Верикович [1968, Ош (азыркы Жалал-Абад) обл., Базар-Коргон р-ну, Арстанбаб айылы – 31. 10. 1987, Афганистан, сөөгү

РФтин, Свердлов обл-ндагы, Талица ш-на коюлган] – жоокер-интернационалист, кенже сержант, Сов. Союз. Баатыры (1988). 5-класска
чейин Мичурин атн. мектепте (Арстанбаб айылы) окуган, кийин Свердлов обл-нун Талица ш-ндагы ¹ 55 орто мектепти бүткөн. 1985-ж. Урал токой-тех. ин-туна өтүп, анын 2-курсунан Сов. Армиянын катарына чакырылып, Афганстанда кызмат өтөгөн. Буктурмага кабылган жолдошторунун кутулуп кетишине шарт түзүп, акыркы огу калганча атышып, курчап алган душмандарды өзү м-н кошо жок кылган. Ленин ордени, «Каармандыгы үчүн» медалы м-н сыйланган. Талица ш-на эстелик тургузулган.