ИСМАИЛОВ 2

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИСМАИЛОВ Бактыбек Искакович (31. 1. 1947- ж. т., Ысык-Көл обл., Жети-Өгүз р-ну, Саруу айылы) – физик, техника илимд. доктору (2005), проф. (2006). Москва энергетика ин-тун (1971) ж-а анын аспирантурасын (1977) бүтүргөн. 1971– 72-ж. СССР ИАнын Фрунзедеги космостук изил­дөөлөр ин-тунун Өзгөчө конструктордук бюро­сунда инженер, ФПИде окутуучу, улук окутуу­чу, КТУда декан (1973–92); «Кыргызтехникабор­бор» АКтын генералдык директору, «Нарк» ЖЧКсынын директору (1993–96); КТУда доцент, проф. (1997), 1999-жылдан КРдин Билим берүү ж-а илим министрлигинин алдындагы Лицен­зиялоо ж-а аккредитациялоо (аттестациялоо) б-ча мамл. инспекциясынын башчысы. Радио­электрондук түзүлүштөр б-ча адис. 70тен ашуун ил. ж-а методикалык эмгеги, 1 монографиясы жарык көргөн. РФтин коомчулук к-тинин Ло­моносов ордени м-н сыйланган (2008).


Эмг.: Обобщенная структура радиоэлектронных устройств. «Управление качеством РЭА и роботех­ника». М., 1989; Автоматизация выбора оптималь­ных решений. Б., 2003.