ИСПАНИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИСПА́НИЯ (Еspana), И с п а н и я К о р о л­д у г у (Reino de Espana) – Европанын түш.- батышындагы өлкө; негизинен Пиреней ж. а-н, о. эле Жер Ортолук деңиздеги Балеар ж-а Пи­тиус, Атлантика океанындагы Канария а-н ээлейт. Түндүгүнөн Биская булуңу, түн.-батышы-

нан ж-а түш.-батышынан Атлантика океаны, чыгышынан ж-а түштүгүнөн Жер Ортолук де­ңиз м-н чулганат. Түн.-чыгышында Пиреней тоо­лору аркылуу Франция ж-а Андорра, батышын­да Португалия, түштүгүндө Гибралтар м-н чекте­шет. Аянты 505,99 миң км2 (Сеута м-н Мелильяны кошкондо – 506,03 миң км2). Калкы 44,9 млн (2007). Борбору – Мадрид ш. Расмий тили – ис­пан тили; автономия облустарында расмий тил укугуна о. эле баск (Басктар өлкөсү, Наварра), галисия (Галисия), каталония (Каталония, Ба­леар а-дары, Валенсия) тилдери ээ. Акча бир­диги – евро (2002-ж. чейин песета). Адм.-айм. жактан 50 провинцияга ажыраган 17 автоно­мия облуска бөлүнөт (к. таблицаны). Африка­нын түн. жээгиндеги 2 шаар – Сеута ж-а Мели­лья автономия облус катары И-га түз баш иет. И. – БУУнун (1955), Европа советинин (1977), ЕККУнун (1973), НАТОнун (1982), ЭВФтин (1958), Эл аралык реконструкция ж-а өнүктүрүү банкынын (1958), Бүткүл дүйнөлүк соода уюму­нун (1995), Европа союзунун (1986) мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү

. И – унитардык өлкө.
Башкаруу формасы – парламенттик монархия. Конституциясы 1978-ж. күчүнө кирген. Мамле­кет башчысы – король. Мыйзам чыгаруу мил­детин ж-а өкмөттүн иш-чараларын контролдо­ону Башкы кортес (парламент) ишке ашырат. Кортес эки палатадан: Сенаттан ж-а Депутат­тар конгрессинен турат. Аткаруу бийлиги пре­мьер-министр башында турган өкмөткө таан­дык. Саясий партиялары: И. соц. жумушчу партиясы, Элдик партия, Баск улуттук партия­сы, Конвергенция ж-а Союз каталон партиясы, Бириккен солчулдар.

Табияты

. И-нын аймагынын 5/ бөлүгүнөн ашыгын Пиреней жарым аралы, Жер Ортолук деңиздеги Балеар аралдары ж-а Атлантика океа­нынын африкалык жээгине жакын жайгашкан Канария аралдары ээлейт. И. Батыш Европада­гы көтөрүңкү жайгашкан өлкө. Басымдуу бө­лүгүн тоолор ж-а бөксө тоолор ээлейт; жеринин бетинин 1/ инен ашыгы деңиз деңг. 1000 мден жогору. Өлкөнүн ички бөлүгүн рельефи татаал, жазы бөксө тоо – Месета ээлейт. Ал туш тара­бынан ири кырка тоолор м-н курчалган. Месе­танын түндүгүндө Бискайя булуңун жээктей Кан­табрия тоолору (бийикт. 2648 м, Серредо чо-

Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2006)

кус у), т үн.-чыгышында Иберия тоолору, Жер Ор­толук деңизди бойлой Ка­талон тоолору, Андалу­сия тоолору (Муласен чо­кусу, бийикт. 3482 м, Пи­реней ж. а-нын эң бийик жери), түн.-чыгыш чет­жакасынан Пиреней тоо­лору (эң бийик жери 3404 м; Ането чокусу) ж-а Кантабрия тоолору орун алган. Ойдуңдар (Андалу­сия, Арагон, Валенсия, Мур­сия) негизинен деңиз жээк­теринде жайгашкан. И-нын басымдуу бөлүгү негизин герцин бүктөлүшү түзгөн жаш платформа болуп са­налат. Жери кен байлык­тарга бай, анын маанилүү­лөрү: жез, коргошун, цинк, алтын, күмүш, ни кель, нефть, газ, таш ж-а күрөң көмүр.
Климаты негизинен суб­тропиктик жер ортолук деңиздик, ички аймактары кургак, Атлантика океа­ны жак жээктери мелүүн

Кантабрия тоолору.

океандык. Климатынын түзүлүшүнө тоолуу ж-а көтөрүңкү рельеф, Атлантика океаны ж-а Африканын жакын жайгашкандыгы таасир тийгизет. Январдын орт. темп-расы 4–12°С, июл­дуку 23–29°С. И-нын көп бөлүгүндө жылдык жаан-чачыны 300–500 мм (эң көбү кышында), тоолордо ж-а батыш жээктеринин айрым жер­леринде 1000 ммден ашык. Дарыяларынын суу-

Андалусия ойдуңу, Гвадалквивир дарыясы.

су кышкысын мол болуп, жайында өтө тарты­лат. Ири дарыялары: – Тахо, Дуэро (И-да жо­горку ж-а ортоңку агымдары), Эбро, Гвадалк­вивир, Гвадиана; негизинен сугатка пайдаланы­лат. Жер ортолук деңиз бадалы ж-а токой, тоо-

Мальорка аралындагы бухта.
Жаңы Кастилия бөксө тоосундагы ландшафт.

лорун жазы ж-а ийне жалбырактуу токой, би­йик тоолору м-н дарыя өрөөндөрүн шалбаа ээлейт. И-нын аймагынын 45%инде токой ж-а бадал өсөт. 550дөн ашык аймак (өлкөнүн аян­тынын 8%и) коргоого алынган; анын 30дан ашы­гы – улуттук парктар ж-а коруктар. Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине Гарахонай, Тейде (экөө тең Канария а-нда), Доньяна (Андалусия ойдуңунда), табигый-маданий мурас жерлерге Пиреней тоолорундагы Монте-Пердидо тоосу (Франция м-н бирдикте), Пальмераль – курма пальмасы токою (Эльче ш-на жакын), о. эле Иви­са а. кирет.

Калкы

. Калкынын 90,7%и – испандар. И-да 4,14 млндон ашык чет өлкөлүктөр жашайт; а. и. марокколуктар, эквадордуктар, англистер, ко­лумбиялыктар, немистер басымдуу. Калктын табигый өсүүсү 0,18% (2006). И-да 15 жашка чейинки балдар 14,3%ти, эмгекке жарамдуу курактагылар (15–64 жаштагылар) 64%ти, 65 жаштан ашкандар 16,7%ти түзөт. Калкынын орт. жыштыгы: 1 км2 жерге 88,7 киши (2007). Жер ортолук деңиз жээгинде, Андалусия ойду­ңунда, Галисиянын батыш жээктеринде ж-а аралдарында калк өтө жыш (1 км2 жерге 200 адамдан ашуун), борб. тоолуу бөлүктөрүндө сей­рек (1 км2 жерге 10 кишидей) отурукташкан. Шаар калкы –76,6%тей (2004). Ири шаарлары: Мадрид (калкы 3,2 млн, агломерациясы м-н 6,1 млн; 2007), Барселона (1,6 млн; 4,9 млн), Ва­ленсия (815,3 миң; 1759,4), Севилья (705,2 миң; 1,3 млн), Сарагоса (665,4 миң), Малага (558,8

Деңиз жээгиндеги турак жайлар.
Кадистин мүнөздүү ландшафты.

миң), Мурсия (423,7 миң). И-нын калкынын 95%ке жакыны католиктер; 5%тейи башка кон­фециялардын (негизинен протестанттар) ж-а ди­ний топтордун өкүлдөрү. Экон. активдүү калкы 21,58 млн (2006). Экономикада иштегендердин (19,75 млн) 65,6%и тейлөө чөйрөсүндө, 16,7%и ө. ж-нда, 12,9%и курулушта, 4,8%и а. ч-нда, токойчулукта, аңчылык ж-а балык уулоодо эм­гектенет.

Тарыхы

. И. аймагында адам төмөнкү палео­литте (б. з. ч. 400–100-миң жылдыктарда) эле жашап, темир дооруна өтүү мезгилинде (б. з. ч. 700–500-жылдар аралыгы) Ибер мад-ты калып­танып, ал Жер Ортолук деңиз жээгине тараган. Б. з. ч. 7-к-дан И-нын түш. ж-а чыгыш жээкте­ри финикийлер м-н гректердин колониясына айланып, б. з. ч. 3-к-дын аягынан И-нын көп жери Карфагенге, б. з. ч. 2-к-дын башынан Рим­ге караган. Узакка созулган (б. з. ч. 2-к. – б. з. 5-к-нын ортосу) Рим бийлиги И-ны романдаш­тырууну жүргүзгөн. 409-ж. И-га вандал, алан (429-ж. Африкага сүрүлгөн) ж-а свевдер басып кирип, өлкөнүн түн.-батышында свевдер корол­дугун түзгөн. Пиреней ж. а-нын көп бөлүгү Ба­тыш Рим империясынын үстөмдүгүн формалдуу түрдө гана тааныган испан-рим ак сөөктөрүнүн бийлигинде калган. 5-к-дын орто ченинен И-нын дээрлик бардык аймагын вестготтор басып алып, 6-к-дын ба­шында Галлиядан И-нын Иоледо ш-на Вестгот королдугунун борборун көчүрүп келген. 6-к-дын аягында Рим-католик чиркөөсү королдуктун мамл. чиркөөсүнө айланган. 711–718-ж. Түн.

Африкадан кол салган арабдар Пиреней ж. а-н (түндүктөн башкасын) бүт дээрлик басып алып, Омейяд халифатынын курамында эмирлик тү­зүшкөн. 718-ж. арабдарга каршылык көрсөтүү борбору – Астурия королдугу түзүлүп, Реконкис­тага (Пиреней ж. а-нан арабдар басып алган жер­ди жерг. калктын кайра тартып алуу күрөшү) жол ачылган. И-дагы араб мамлекети (Кордова халифаты) Абдаррахман IIIнүн тушунда (912– 961-ж. сураган) бир топ күч алган. 10-к-дын ая­гында борб. бийликтин күчү начарлап, 1031-ж. Кордова халифаты майда көп эмирликтерге бөлүнгөн. Бул Реконкистанын ийгиликтүү жүрүшүнө шарт түзүп, көз карандысыз И. мам­лекеттеринин (Леон, Кастилия, Наварра, Ара­гон ж. б. королдуктар) биригишин тездетип, 1479-ж. бирдиктүү И. мамлекети түзүлгөн. Ре­конкиста 1492-ж. Пиреней ж. а-ндагы арабдар­дын акыркы таянычын – Гранаданы алуу м-н аяктаган. И-да абс. монархия калыптана баш­таган. Еретиктерди катуу куугунтуктаган инк­визиция киргизилген (1480). Реконкиста аяк­таган соң, бийлик кирешенин жаңы булактары үчүн күрөшкөн. Х. Колумб Американы ачкан­дан (1492) кийин, испандар 16-к-дын 1-жары­мында Борб. ж-а Түш. Американын Мексика, Боливия, Перу сыяктуу бир топ жерин кара­тып, колониялык империясын түзгөн. Амери­кадан талап алынган ж-а кулдардын арзан эмгеги м-н табылган алтын м-н күмүш И-га та­шылган. И. Европадагы ээликтерин (Неаполи­тан королдугун, Сицилияны ж. б. каратуунун эсебинен) кыйла кеңейтип, дүйнөлүк ири дер­жавага айланган. Американы колонияга айлан­дыруу И-нын экономикасына адегенде оң таа­сир тийгизген. Бирок 16-к-дын ортосунда И-нын экономикасы начарлап, тышкы саясаты да кри­зиске учураган. Англия м-н болгон согушта (1588) «Жеңилбес армада» деп аталган испан флоту талкаланган; 16-к-дын аягында Франция­дагы диний согушта көздөгөнү ордунан чыккан эмес. 1566-ж. Нидерландда бурж. рев-я чыгып, Түн. Нидерланд И-дан 1581-ж. бөлүнгөн. Ан­глия м-н болгон согуштарда (16–17-к.) деңизге үстөмдүк кылуу укугунан ажыраган. -к-дын башынан И. ж-а ага караштуу жер­лер Франция, Улуу Британия, Австрия ж. б. державалардын күрөш объектисине айланган. Карл II өлгөндөн кийин (1700), Испан мурасы үчүн жалпы европ. согуш (1701–11) башталып, ал Бурбондор династиясынын негиздөөчүсү Фи­липп Vнин (француз королу Людовик XIVнүн небереси) бийлигинин орношу ж-а И-нын Евро­падагы ээликтерин бөлүштүрүү м-н бүткөн. 18- к-дын 60–80-жылдарында Карл IIIнүн (1759– 88-ж. башкарган) тушунда агартуучул абсолю­тизм багытында реформа жүргүзүлүп, И-дан иезуиттер куулган (1767); протекционисттик ба­жылар киргизилген; Местанын артыкчылыгы бир аз чектелген. И. эл аралык мамилелер жаа­тында Францияга ыктап, Улуу Британияга кар­шы согушкан (1739–48, 1762–63, 1779–83). 18- к-дын 80-жылдарынын аягында И-дагы агар­туучулук абсолютизм саясаты аяктаган. 1789-ж. Францияда башталган рев-я И-нын башкаруу­чу чөйрөлөрүн феод. клерикалдык реакция по­зициясына түрткөн. Карл IVнүн тушунда (1788– 1808-ж. башкарган) И. адегенде рев-ячыл Фран­ция Респ-на (1793–95) каршы согушта жеңилип, тышкы саясатта француздардын позициясын колдоого мажбур болгон. Наполеон Iнин эрки­не көнүп, И-нын башкаруучулары Улуу Брита­ния (1796–1802, 1804–08) ж-а Португалия м-н (1901) бүлгүндүү согуштарды жүргүзгөн. Фран­цуз-испан флоту Трафальгардагы салгылашуу­да (1805) талкалангандан кийин, И-нын амер. колониялары м-н байланышы өтө эле начар­лап, өлкөдө нааразылык күчөгөн. Португалия­ны каратып бөлүп алуу ж-дө Наполеон I м-н Годой келишими (1807, октябрь) түзүлүп, анын негизинде француз-испан аскерлери 1807-ж. ноябрда Португалияны басып алган. Бирок 1808-ж. мартта Франция И-га кол салган. Фран­ция жапырыгы И-да азатчыл согушту пайда кы­лып, испан рев-ясынын (1808–14) чыгышына түрткү берген. И-да партизан кыймылы (ге­рилья) кеңири кулач жайып, азатчыл согуш ий­гиликтүү аяктаганы м-н (1814, май), абс. баш­каруу калыбына келтирилген. Король Ферди­нанд VII (1808, 1814–33-ж. башкарган) 1812-жыл­дагы конституцияны, кортестердин бардык дек­реттерин жокко чыгарган. И-нын Америкадагы колонияларындагы боштондук кыймылын ба­сууга аскер жиберген. И-нын өзүндөгү абс. ре­жимге каршы күрөштө армия башкы роль ой­ногон. 1820–23-ж. рев-янын жүрүшүндө Ферди­нанд VII конституцияны (1812) орундоо үчүн ант берүүгө аргасыз болгон (1820, 9-март). Ыйык союз чечими б-ча рев-я фр. куралдуу интервенция­нын (1823, апрель – сентябрь) жардамы м-н ба­сылып, И-да абс. режим кайра орногон. Ферди­нанд VIIнин декрети (1823, 1-октябрь) б-ча кон­ституциялык өкмөттүн бардык мыйзамдары жокко чыгарылган. Америкадагы испан коло­нияларынын азатчыл күрөшүнүн натыйжасында испан аскерлери Америкадан куулган (И. бий­лигин Куба м-н Пуэрто-Рикодо гана сактап кал­ган). И-да 1833-ж. 1-карлчылар согушу (1833– 40) деп аталган гражд. согуш башталып, анын жүрүшүндө испан коомунун либералчыл, анти­феод. күчтөрү Карл IVнүн улуу баласы Дон Кар­лосту такка отургузууну жактаган абсолютизм­ге каршы күрөшкөн. 1834–43-ж. революция өлкөдө алгач туруктуу кайра курууларды ишке ашырган: инквизиция, майорат, помещиктер­дин сеньордук укуктары жоюлган, конститу­циялык монархия режими орнотулган. Бирок аскер төңкөрүшүнүн (1843, июль) натыйжасын­да жер ак сөөктөрүнүн абалы кайрадан чың­далган. 19-к-дын 40–50-жылдары И-да металлургия­лык з-ддор, машина куруу ишканалары, тоо­кен ө. ж. тез өнүгүп, т. ж. салынган. Банктар м-н камсыздандыруу компаниялары түзүлгөн. Бурж. кайра куруулардын аяктабагандыгы ки­йинки рев-ялардын (1854–56; 1868–74) чыгышы­на себеп болгон. 1868-ж. королева Изабелла II И-дан куулуп, бийлик прогрессчилер м-н унион­чуларга (либералдык союздун мүчөлөрү) өткөн. Алар жалпыга бирдей шайлоо укугун (эркектер үчүн), динге табынуу, чогулуш, басма сөз эркин­дигин жарыялашкан. Испан тактысы Амадей Савойскийге өткөн. Нааразычылык күчөгөнүнөн улам Амадей Савойский бийликтен баш тарт­кан (1873, февраль). И. респ. (1873–74) болуп жарыяланып, бийлик республикачылардын ко­луна өткөн. Бирок мамл. төңкөрүштүн (1874, декабрь) натыйжасында И-да борб. монархия калыбына келтирилген. Испан буржуазиясынын төбөлдөрү жер ак сөөктөрү м-н блок түзгөн. Бул келишим 1876-жылдагы конституцияда белги­ленип, Пакто эль Пардо деп аталып, Консерва­тор партия м-н Либерал партия (1875-ж. негиз­делген) мамлекетти кезектешип башкаруу ж-дө 1885-ж. макулдашкан. 1898-ж. апрелде АКШ Кубаны бошотууну шылтоолоп, И-га согуш ачкан. Анда жеңилген И. тынчтык келишими (1898, 10-декабрь) б-ча АКШга Куба, Пуэрто-Рико, Гуам а-дары м-н Филиппин архипелагын аргасыздан берген. 1899-ж. Германия И-ны Каролина ж-а Мариана а-н сатууга мажбурлаган. Натыйжада И-нын Африкада гана азыноолак колониясы калган. 20-к-дын башында И. колониялык саясатын жандандырып, Мароккону бөлүп алуу ж-дө Франция м-н келишим түзүп (1904, 1912), анын аз бөлүгүнө ээ болгон.
Биринчи дүйнөлүк согуш мезгилинде (1914– 18) И. бейтараптыгын жарыялаган. Согуш аяктагандан кийин, И-нын абалы начарлап, ө. ж-нын айрым тармактары кыскарып, жумуш­суздук көбөйгөн. Мароккону каратууну тездетүү үчүн болгон Анвалдагы салгылашууда испан ас­керлеринин талкаланышы (И-нын 10 миңден ашык солдаты м-н офицери кырылган ж-а жа­радар болгон) монархияга каршы турган бар­дык партиялар колдогон нааразылык кыймы­лын пайда кылган. 1923-ж. 13-сентябрда гене­рал М. Примо де Ривера мамл. төңкөрүш жа­сап, И-да аскердик-монархия диктатурасын ор­ноткон. Анын өкмөтү кортестер м-н муниципа­литеттерди таратып, бардык саясий партияларга тыюу салган. 1927-жылдан бул диктатурага ж-а монархияга каршы жалпы улуттук кый­мылдын күчөшүнөн улам генерал М. Примо де Ривера отставкага кеткен (1930-ж. 28-ян­варь). Респ-чылар м-н социалисттерден курал­ган рев-ячыл к-т И-ны респ. деп жарыялаган. Король Альфонс XIII эмиграцияга кеткен.
Фашисттик коркунучтун күчөшү (1933-ж. фа­шисттик партиянын Испан фалангасы негиздел­ген) бардык күчтөрдүн биригишине алып кел­ген. 1936-ж. 15-январда Элдик фронт түзүлүп, 1936-ж. 16-февралдагы кортестерге шайлоодо жеңип чыккан. 1936-ж. 17–18-июлда чыккан ас­кердик-фашисттик козголоң И-да 32 айга созул­ган гражд. согушка айланган. Козголоңчулар ба­сып алган Бургос ш-нда түзүлгөн мамлекет м-н өкмөт башчысы болуп генерал Франко дайын­далган. Согушта республикачылар жеңилип калган. И-да Франко башында турган автори­тардык режим орногон.
И. бейтараптык саясатын жарыяласа да, экинчи дүйнөлүк согушта фашисттик Германия м-н Италияга жардамдашкан. 1947-ж. И. ко­ролдугу түзүлүп, Франко мамлекеттин түбөлүк башчысы болуп жарыяланган.
И. 1952-ж. ЮНЕСКОго ж-а 1955-ж. БУУга ка­был алынган. 1953-ж. 26-сентябрдагы амер.-ис­паниялык келишимге ылайык (1963-, 1970-ж. узартылган), И-да амер. аскер базаларынын тар­магы курулган. 60-жылдардын 2-жарымы – 70-жылдардын 1- жарымында жаңы конституциялык мыйзамдар кабыл алынган. 1931-ж. кулатылган король Альфонс XIIIнүн небереси Хуан Карлос 1969-ж. Бурбон Франконун сунушу б-ча Франконун ишин улантуучу болуп бекитилген. 1975-ж. ноябрда диктатор Франко өлүп, 22-ноябрда Хуан Кар­лос Бурбон И-нын королу болуп жарыяланган. 1976-ж. түзүлгөн жаңы өкмөттү А. Суарес Гон­салес жетектеген. Өлкөдө демокр. жаңылануу­лар жүрүп. 1978-ж. жаңы конституция күчүнө кирген. 2004- ж-а 2008-жылдардагы парламент­тик шайлоолордо И. соц. жумушчу партиясы жеңишке жеткен. Х. Л. Родригес Сапатеро пре­мьер-министр болуп калган.

Чарбасы

. И. – дүйнөдөгү экономикасы өнүккөн постиндустриялык өлкөгө кирет. ИДПнин көлөмү (1232 млрд доллар, 2006) б-ча дүйнөдө 11-, Европа союзуна (ЕС) кирген өлкөлөрдүн ичи­нен 5-орунда (Германия, Улуу Британия, Фран­ция ж-а Италиядан кийин) турат. Аны киши башына бөлүштүргөндө 27,9 миң доллардан туу­ра келет. ИДПнин 67,2%ин тейлөө чөйрөсү, 27,9%ин ө. ж. ж-а курулуш, 3,1%ин а. ч., то­койчулук ж-а балык уулоо түзөт.
Ө. ж-нын структурасында алдыңкы орунду – машина куруу, тамак-аш ө. ж., нефтини кайра иштетүү ж-а нефть-химия, кара ж-а түстүү ме­таллургия, минералдык (металл эмес) сырьёлор­ду казып алуу, целлюлоза-кагаз ж-а полигра­фия, энергетика, орг. химия продукцияларын өндүрүү, текстиль, тигүү ж-а булгаары-бут ки­йим тармактары ээлейт. Экономикасынын өнү­гүүсүндөгү негизги проблемалардын бири – отун-энергетикалык ресурстардын таңкыстыгы.
Өлкөдө энергияга болгон муктаждык тыным­сыз өсүүдө. Энергияны керектөөнүн 50,6%ин нефть ж-а нефть продуктулары, 21,4%ин газ, 13%ин көмүр, 1,6%ин гидроэнергия, 11,2%ин атом энергиясы, 2,2%ин башка булактар (ша­мал, күн энергиясы) түзөт (2006). 2006-ж. 164 миң т нефть казылып алынган, ал ички ке­ректөөнүн 0,2%ин гана канааттандырат, сырт­тан 70,9 млн т нефть ж-а нефть продуктуларын сатып алат. 2005-ж. 216 млн м3 газ өндүрүлгөн, керектөөсү 33,4 млрд м3ди түзөт. Казып алын-

«Trillo» АЭСи.

ган көмүр (16,1 млн т) өлкөнүн ага болгон мук­таждыгын канааттандыра албайт. Өндүрүлгөн 229,6 млрд кВт.с электр энергиясынын 126,9 млрд кВт.сы өлкө ичинде керектелет. Атом энер­гетикасы өзүнүн уран кенташтарынын базасын­да өнүккөн; 6 АЭС иштейт, 800гө жакын чакан ГЭС бар. Шамал энергиясын пайдалануу б-ча дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдүн катарына

Шамал энергетикалык курулмаларынын паркы.

кирет. Шамал энергетика курулмаларынын аныкталган кубаттуулугу 11,7 миң МВт чама­сында.
Ө. ж-нын маанилүү тармактарынын бири – металлургия. 2006-ж. 265 миң т темир кента­шы, 5 млн т чоюн, 18,4 млн т болот өндүрүл­гөн. Металлургия өндүрүшүнүн ири борборлору: Барселона, Авилес, Хихон, Бильбао, Сантандер, Сагунто, Сестао, Кадис. Түстүү металлургия азыр негизинен импорттук сырьёлорго байланыштуу; сымап өндүрүү кыскарууда, дүйнөдөгү эң ири сы­мап кени – Альмаден; ал жайгашкан региондо­гу экол. кооптуу кырдаалга байланыштуу аны казып алууну 2011-ж. биротоло токтотуу кара­лууда. О. эле цинк, коргошун, жез, глинозём өндүрүлөт. Машина куруу – өлкөнүн экономи­касынын маанилүү тармагы. Машина куруу ком­плексинде автомобиль ө. ж. – И-нын эл аралык адистешүүгө кирген бир тармагы. Чыгарган ав­томобилдеринин жалпы саны (2777,4 миң; а. и. жеңил автомашина 2078,6 миң) б-ча дүйнөдө Япония, АКШ, Кытай, Германия, Түш. Корея ж-а Франциядан кийинки 7-орунда. Негизги продукциялары: оор ж-а жеңил жүк ташуучу автомашиналар, автобус, жеңил автомобиль, кеме, о. эле металл иштетүүчү түрдүү станоктор, металлургия, курулуш үчүн ж-а электр-тех. ө. ж. жабдуулары, желдетүү техникасы, а. ч. техникасы ж. б. Химия ө. ж. орг. синтез про­дукциясын, синтез чайыры, пластмасса, сыр ж. б. продукцияларды чыгарат. Целлюлоза-ка­газ ө. ж. продукциясынын 50%и экспорттолот. И. целлюлозаны экспорттоо б-ча ЕСке кирген өлкөлөрдүн ичинен 4-, дүйнөдө 7-орунда турат.
Эмерек ө. ж. ашкана, уктоо бөлмөлөрү ж-а ван­на үчүн жогорку сапаттагы гарнитурларды чы­гарууга адистешкен. Курулуш ж-а жасалга ма­териалдар ө. ж. жерг. курулуш сырьёлорун пай­даланат; мрамор, акиташ теги, жогорку сапат­туу бор, доломит, каолин казып алат. Цемент­ти импорттоо б-ча дүйнөдө АКШдан кийинки 2-орунду ээлейт. Карапа ж-а фарфор-фаянс өндүрүшүнүн өлкөнүн экспорттук продукциясын­да үлүшү зор. Текстиль ө. ж. ж-а кийим тигүү өндүрүшү б-ча ЕС өлкөлөрүндө 3-орунда турат. Булгаары-бут кийим ө. ж. эзелтен эле экспорт­ко адистешкен тармак болуп саналат. Бут ки­йим чыгаруу б-ча (2005-ж. 126,7 млн жуп) Ев­ропада Италиядан кийинки 2-орунда. Тамак-аш ж-а тамеки ө. ж. ЕСке кирген өлкөлөрүнүн ичи­нен Германия, Франция, Улуу Британия ж-а Италиядан кийинки 5-орунду ээлейт. Тамак-аш, шарап, угуту күчтүү спирт ичимдиктерин, эт ж-а сүт продукцияларын, май, мөмө-жемиш кон­серваларын, алкоголсуз ичимдиктерди ж. б. чы­гарат. Негизги экспорттук продукциялары: зай­тун майы, шарап, сүрсүтүлгөн эт, балык ж-а мөмө жемиш-жашылча консервалары. Шарап даярдоо б-ча Европада Италия, Франциядан кийинки 3-орунда. Испандардын чүйгүн эт азы­гы – хамонду чыгаруу б-ча дүйнөгө белгилүү. Тамеки чыгаруу б-ча дүйнөдө 10 ири өлкөнүн ичинде.
Өлкөнүн ИДПсиндеги а. ч. өндүрүшүнүн (то­кой чарбасы, аңчылык, балык уулоо ж-а өстүрүү м-н кошо) үлүшү 3,1% (2006). И. а. ч. продукту­ларын өндүрүү б-а Европа союзуна кирген өлкөлөрдүн ичинен Франция, Италия ж-а Гер­маниядан кийинки 4-орунда. Өлкө азык-түлүккө болгон муктаждыгын өзү камсыз кыла албаган­дыктан, дан, эт, сүт ж. б. азыктарды сырттан сатып алат. Үй-бүлөлүк чакан фермалар басым­дуу. Жер фондусунун (33,1млн га) 24,86 млн гасы а. ч-га жарактуу жер, анын 65%и айдалат, 35%и шалбаа ж-а жайыт. Сугат жерлеринин аянты (4 млн га чамасында) б-ча Батыш Евро­пада алдыңкы орунда. Италиядай эле И. да цитрус өсүмдүктөрүн, жемиш, жашылча, жүзүм,

Испания акчасы.

зайтун, о. эле дан эгиндерин өстүрүүгө адистеш­кен. Негизги а. ч. өсүмдүктөрү: буудай (айдоо аянтынын 20%и), шалы, бадам, арпа, жүгөрү, тамеки, жашылча (эгин аянтынын 60%и), кар­төшкө ж. б. Зайтун майын өндүрүү б-ча дүйнөдө 1-, шарап чыгаруу б-ча Италия ж-а Франция­дан кийинки 3-орунду ээлейт. О. эле апельсин (дүйнөлүк түшүмдүн 3%и), лимон (киши башы­на бөлүштүрүү б-ча дүйнөдө 1-орунда, 11 кг) ж-а лайма, мандарин, шабдалы, нектарин, өрүк, кайналы, гилас, киви, авокадо ж. б. өстүрүлөт. Жашылча өстүрүү б-ча да дүйнөдө алдыңкы орун­дардын бирин ээлейт. Томат, пияз, сарымсак, артишок (дүйнөдө Италиядан кийинки 2-орун­да), капуста, спаржа, калемпир, бадыраң, козу карын (Европада Нидерландиядан кийинки 2- орунда), баклажан ж. б. эгилет. Негизги тех. өсүмдүктөрү: кант кызылча, күн карама, о. эле пахта, тамеки. 2005-ж. 5,9 бодо мал, 19,7 млн кой (Европада Улуу Британиядан кийинки 2- орунда), 2,5 млн эчки (Грекиядан кийинки 2- орунда), 22,8 млн чочко (Германиядан кийинки 2-орунда), 174,3 млн үй кушу (тоок, өрдөк, каз ж. б.) болгон. Токой аянты 13,9 млн га, анын негизги массивдери өлкөнүн түн. ж-а түн.-ба­тыш бөлүктөрүндө. Балык кармалат.
Тейлөө чөйрөсү – И. экономикасынын башкы ж-а динамикалуу өнүгүп жаткан сектору; анда ИДПнин 67,2%и жаралат. Эң маанилүү сектор­лору: туризм ж-а ага байланыштуу мейманка­на бизнеси ж-а коомдук тамактануу, о. эле соо­да, ишкердик тейлөөлөр, билим берүү, саламат­тык сактоо. Рекреациялык тейлөө – И-нын эл аралык адистешкен маанилүү тармактарынын бири. Анда ИДПнин 12%и түзүлөт. Жыл сайын 50–60 млн турист келет. И-га келген чет өлкөлүк туристтерин саны б-ча дүйнөдө Франциядан кийинки 2-орунду ээлейт. Туризмден түшкөн киреше (38,5 млрд евро; дүйнөдө АКШдан ки­йинки 2-орунда) ага кеткен чыгымдан 3 эсе көп. И-нын негизги туристтик зоналары – Жер ор­толук деңиз аймагы (Каталония, Валенсия, Ан­далусия), Балеар ж-а Канария а.; бул аймактар И-га келген туристтердин 83%тен ашыгын ка­был алат.
Атомобиль жолунун жалпы уз. 666,3 миң км, анын 12 миң кми жогорку ылдамдыкта жүрүүчү, көп тилкелүү автотрассалар (Европада Германия, Франциядан кийинки 3-орунда). Негизги авто­трассалары Мадридден Ла-Корунья, Ирун, Ла- Хункер, Валенсия, Севилья, Бадахос тарапка тарайт. Башка маанилүү автотрассалары: өл­көнүн түндүгүндө кеңдик багытта созулган Кан­табрия жолу – Ирун – Овьедо – Ла-Корунья – Туй; Жер ортолук деңиз жолу – Ла-Хункер – Малага; меридиандык жол – Хихон – Саламан­ка – Касерес – Кадис ж-а Миранда-де-Эбро – Витория – Сарагоса – Валенсия. Португалия м-н байланыштырган Севилья – Лисабон, Ла- Корунья – Лисабон жолдору иштейт. Т. ж-нун уз. 14,94 миң км, анын 1052 кми жогорку ыл­дамдыктагы жол. Жогорку ылдамдыктагы ири т. ж. магистралдары арбын. И-да 157 аэропорт иштейт, анын 47си эл аралык аэропорт. Эл ара­лык ири аэропорттору – Мадрид, Барселона, Пальма, Малага, Лас-Пальмас, Аликанте ш-нда. Деңиз транспорту сырткы соода жүктөрүнүн негизги бөлүгүн ташыйт. И. желеги м-н 167 де­ңиз соода кемеси (ар бири 1000 регистрдик брут­то тоннадан ашык) жүрөт. Ички суу жолунун уз. 1000 кмдей, газ куурунуку 7,2 миң км, нефть куурунуку 730 км, нефть продукт куурунуку 3,5 км (2006). Метрополитен Мадрид, Барсело­на, Бильбао, Валенсия, Пальма, Севилья ш-нда иштейт.
Өлкөнүн экспорту м-н импортунда ө. ж. про­дукциялары басымдуулук кылат. Экспортко ө. ж. жабдуулары (траспорттуку кошо), азык­түлүк, автомобиль куруу продукциялары, ө. ж. чала фабрикаттары, химия ө. ж. продукцияла­ры, керектөө товарлары чыгарылат. Экспорт­тук продукциянын дээрлик жарымынан көбү Ка­талония, Валенсия, Мурсия аймактарында өндүрүлөт. Сырттан машина куруу продукция-

Барселона порту.

лары, энергия алып жүргүчтөр (нефть, газ ж. б.), керектөө товарлары, тамак-аш, химия продук­циялары ж. б. сатылып алынат. Негизги сырт­кы соода шериктери: Франция, Германия, Ита­лия, Португалия, Улуу Британия, Нидерланд, Россия, о. эле АКШ, Кытай, Япония. И. – эл аралык туризмдин ири борбору; 2004-ж. 53,6 млн чет өлкөлүк турист келген (дүйнөдө 2-орунда).

Маданияты

. И-да 6–16 жаштагы балдарды оку­туу милдеттүү ж-а акысыз. Окуучулардын көп­чүлүгү менчик мектептерден билим алышат.
Өлкөдө 40тан ашык ун-т бар, а. и. эң ирилери Мадрид (1508-ж.) ж-а Барселона (1450), Сала­манка (13-к.) ж. б. ун-ттери. Студенттердин 96%и мамл. ЖОЖдордо билим алышат. Эң ири китепканасы – Мадриддеги Улуттук китепка­на. И-да күнүнө 3,3 млн нускада 120 гезит жа­рык көрүп турат. А. и. айрыкча белгилүүлөрү:

Испаниядагы музей.

«Паис», «АВС», «Вангуардия», «Диарио – 16», «Мун­до» ж. б. И-да 90го чукул музей бар. 1818-ж. негизделген Мадриддеги Прадо музейинде 19- к-дын орто ченине чейинки мезгилге таандык испан живописинин бай коллекциясы бар.
И. жергесинде табият илимдери антикалык доордо пайда болгон. Ал кезде И-да Рим импе­риясынын кубаттуу провинцияларынан келген географ Помпоний Мелла, агроном ж-а ботаник Луций Колумелла өңдүү белгилүү илимпоздор эмгектенген. И. аймагына варвар уруулар ба­сып кирип, вестготтордун алгачкы феод. мам­лекетинин орношу (5-к-дын ортосу – 8-к-дын башы) илим м-н мад-ттын кедерин кетирген. И-да илим араб жеңип алууларынан кийин кай­ра жанданып, андагы араб илимпоздору дүйнө­лүк илимдин өнүгүшүнө кыйла салым кошкон. 9–10-к-да Кордова ш-ндагы ун-т илимдин очогу болгон. 10–11-к-да араб илимпозу Маслама аль- Мадриленьо шакирттери м-н арифметика, гео­метрия, астрономия б-ча эмгектерди басып чы­гарган. 12-к-да Севилья ж-а Толедо ш. да илим очогуна айланган. Толедодо котормочулар мек­теби калыптанып, аль-Фараби, Ибн Сина, Ибн Гебирол, ибн Эзр сыяктуу араб ж-а еврей чы­гаан илимпоздорунун эмгектерин Европага таа­ныштырган. 13-к-дагы илимдин өнүгүшүнө Кас­тилия королу Альфонс Х Акылмандын кыйла салымы бар. Ал алхим. трактаттарга түшүндүр­мө жазган, анын башчылыгы м-н түзүлгөн пла­неталар кыймылынын таблицасы Европада үч кылым бою мыкты таблица катары колдонул­ган. Арабдарды сүрүп чыгарып, испандардын колонияга ээ болушу И-да жаңы илим очокто­рунун – Лерида (1300), Уэска (1334), Вальядо­лид ш-нда ун-ттердин ачылышына түрткү бер­ген. И. өз алдынча мамлекет болуп бириккенге байланыштуу соода м-н ө. ж-дын өнүгүшү кеме куруу, навигация, картография ишинин өсүшүнө жол ачып, деңиз саякатына ж-а геогр. ачылыш­тар жасоого өбөлгө түзгөн. 15-к-дын аягы И-да илим м-н мад-ттын гүлдөп турган мезгили бол­гон. 1492-ж. Колумб Американы ачкан; 15–16- к-да испан саякатчылары ж-а конкистадорлор Америка географиясын изилдешкен; Б. Лас Ка­сас, Ф. де Овьедо, Н. Монардес Американын зоо­логиясы, ботаникасы, географиясы б-ча баалуу маалыматтар берген; гуманист ж-а анатом М. Сервет кан айлануунун кичине тегерегин тап­кан. 16-к-дын 2-жарымы – 17-к-да инквизиция күч алып, И-нын саясаты м-н экономикасын начарлаткан. Бул илимдин кыйрашына алып келген. 18-к-дын орто ченинен И-нын экономи­касы м-н мад-ты кайра жанданган. Өлкөдөн иезуиттерди кууп чыккандан кийин (1767), окуу жайларды чиркөөдөн жарым-жартылай бөлүүгө мүмкүндүк болгон; Латын Америкасына, Авст­ралияга, Филиппинге ил. экспедициялар уюш­турулган; ага-ини д’Элуяр вольфрамиттен воль­фрам бөлүп алган (1783); А. М. дель Рио Мекси­канын коргошун кенташтарынан ванадий тап­кан (1801). Механиканы ж-а жылуулукту изил­дөө турмуш муктаждыгына карата жүрүп, жаңы типтеги токуу станогу, суу сордурма буу насосу ж. б. ойлоп чыгарылган. 19-к-дын 20–30-жыл­дары И-да ө. ж-дын ыкчам өсүшү ил. из. ишине көмөк берген. 1823-ж. Жарандык инженерлер мектеби, Барселонада 1850-ж. Индустрия мек­теби ачылган, ошол эле жылы И-нын геол. кар­тасын түзүү б-ча комиссия түзүлгөн. Бирок 19- к-дын 2-жарымында испан илиминин деңгээ­ли Европадагы алдыңкы өлкөлөрдөн төмөн бой­дон калган. Ошол эле учурда испан биологиясы м-н медицинасында да ийгиликтер байкалган (мис., улуу гистолог С. Рамон-и-Кахалдын эмге­ги Нобель сыйл. арзыган). 20-к-да ө. ж-дын өнү­гүшү, тех. прогресс, жаңыдан башталган ил. рев-я артта калган И-да да ил. из. ишин жак­шыртууга түрткү берген. 1900-ж. Биология изилдөө ин-ту, 1907-ж. Ил. из-лөрдү өркүндөтүү совети ж. б. уюшулган. Экинчи дүйнөлүк со­гуштан кийин машина куруу, электр-тех. ж-а электрондук ө. ж-дын ылдам өнүгүшүнө бай­ланыштуу ил. мекемелер көбөйгөн; магне­тизм, магнетохимия, спектроскопия, ядро фи­зикасы ж. б. тармактар б-ча ил. из. иштери өркүндөгөн. 1–5-к-да испандардын филос. окуусу рим фи­лософиясынын бир бөлүгүн түзгөн. И. вестгот­тордун мамлекети болуп турганда (5–8-к.), фи­лософия теологияга көз каранды болгон. Араб­дардын бийлиги тушунда (8–12-к.) арабдардын философиясы кең кулач жайып, антикалык филос. ойдун испан мад-тына өтүшүнө чоң роль ойногон. 10-к-да еврей философиясынын да очо­гуна айланган. 19-к-дын 2-жарымында немис ойчулу К. Краузенин философиясы, неокантчы­лык, неогегелчилик, позитивизм, 19-к-дын ая­гынан маркстык философия жайылган. 2-к-дын аягынан анализдик философия өнүгүүдө.
И. ад-ты испан тилинде ж-а баск, каталан сыяктуу майда элдердин тилинде өнүгүүдө. Ал о. кылымда фольклордун, антикалык ж-а араб мад-тынын таасиринде калыптанса, реконкис­та мезгилинде элдик лирика м-н баатырдык эпос («Менин Сидим жөнүндө ыр», 1140-ж. ченде жазылган), о. кылымда клерикалдык-рыцардык ад-т негизги орунду ээлеп, роман жазуу өнүккөн. Кайра жаралуу доорунда (15-к-дын аягы – 16- к-дын башы) Ф. де Рохастын «Селестина» ро­ман-драмасы театрдын калыптанышына себеп болсо, М. Де Сервантестин «Дон Кихот» рома­ны дүйнөлүк ад-ттын алтын казынасына кирип, ири чыгарма катары таанылган. 16-к-да Лопе Ф. де Вега Карпьо, Лопе де Руэда ж. б. чыгарма­ларында ренессанстык драма калыптанган. 17- к-да барокко ад-ты, 18-к-да классикалык ж-а реалисттик багыт, 19-к-да натурализм идеяла­ры өнүккөн. 20-к-да акын ж-а драматург Гар­сия Лорканын чыг-лыгы көрүнүктүү орун ээлейт.
Өлкөдө 1939-ж. респ. бийлик жеңилгенден ки­йин, испан ад-тынын кедери кетип, көп ад-тчы­лар чет өлкөгө кетүүгө аргасыз болгон. 50–60- жылдарда Пио Бароха (1872–1956), 1956-ж. Но­бель сыйл. лауреаты болгон. Хуан Рамон Хи­менес (1881–1958), 1977-ж. ушул эле жогорку сыйлыкка татыган Висенте Алейксандре (1898– 1984), 1980–2000-жылдарда К. Рохас, Х. Фер­нандес Сантос, М. Делибес, Х. Хименес Лосано ж. б-дын чыгармалары белгилүү.
И. аймагында аскага оюп түшүрүлгөн байыр­кы эстеликтер палеолит дооруна таандык. И-да о. эле Рим баскынчылары м-н вестготтор ту-

Ла-Кока сепили.
Мадриддеги мурунку падыша ак сарайы.

шундагы арх-ра, зер өнөр чыгармалары сактал­ган. Арабдардын мад-ты испан арх-расына чоң таасирин тийгизип, бир топ ажайып арх-ралык имараттар курулган, алсак, Кордова ш-ндагы мечит (8-к.), Гранададагы Альгамбра сарайы (13–15-к.) ж. б. Реконкиста учурунда арх-ра ж-а көркөм сүрөт өнөрү өз алдынча калыптана баш­таган. 14–15-к-да И. готикасынан мавритан арх­расынын таасири көбүрөөк байкалат. 16-к-да итал. иск-вонун таасири астында маньеризм мектеби калыптанып, скульптор Алонсо Бер­ругете (1490–1561), живописчилер Луис де Мо­ралес (1510–86), Эль Греко (1541–1614) ж. б. анын көрүнүктүү өкүлдөрүнөн болгон. Көркөм сүрөт өнөрү 17-к-да жогору өнүгүп, Хусепе де Ри­бера (1591–1652), Бартоломе Эстебан Мурильо (1618–1682), Франсиско Сурбаран (1598–1664), Дьего де Сильва Веласкес сыяктуу белгилүү сү­рөтчүлөрдүн чыгармалары жаралган. 18–19-к­дагы И. иск-восунун өрүш алышы Ф. Гойянын чыг-лыгы м-н байланыштуу. 20-к-дын биринчи


Балеар аралдарындагы Альмудайна сепили.

жарымында испан иск-восунун салттары кай­радан жанданат. Бул мезгилде дүйнөлүк иск­вого «модерн генийи» деп аташкан арх. Анто­нио Гауди, жиповисте сюрреализмдин көрүнүктүү өкүлү Сальвадор Дали (1904–89), кубист Хуан Грис (1887–1927), абстракционист Хуан Миро (1893–1983) ж-а Пабло Пикассо жаңы багыттар м-н киришкен. И. муз. мад-тынын гүлдөп өскөн учуру 16-к­га таандык. Бул мезгилде Кристобаль де Мора­лес (1500–53), Томас Луис де Виктория (1548– 1611), о. эле Антонио де Кабесон (1510–66) сыяк­туу комп-лор клавесин ж-а орган үчүн музыка жаратышкан. 19-к-да улуттук музыканын жа­ралуусуна испан композитордук мектебин не­гиздеген Фелипе Педрель (1841–1922) зор салым кошкон. 20-к-дын башында Энрике Гранадос (1867–1916), Исаак Альбенис (1860–1909), Ма­нуэль де Фалья (1876–1946) ж. б. комп-лор ис­пан музыкасын Европага тааныткан чыгарма­ларды жаратышкан. Дүйнөгө таанымал Пласи­до Доминго, Хосе Каррерас ж-а Монтсеррат Ка­балье сыяктуу опера ырчылары тарбияланып чыгышкан.
И. эллинизм доорунда эле бий өнөрү м-н бел­гилүү болгон. Байыркы Римде Кадис бийчиле­ри атак алган. Исреска, сарсуэла (17-к-дан), то­надиль (18-к-дын 2-жарымынан) ж. б. бийлер кеңири таралган. 18-к-да болеро, 19-к-да танго бийлери пайда болгон. Алардын ар бири өзүнүн гана муз. аспаптары [гитара, мандолина, кас­таньета, тамбурин, флейта, чоор (свирель) ж. б.] м-н коштолгон. 1978-ж. Мадридде И. улуттук балети, 1979-ж. Классикалык балет негиздел­ген; Мадриддеги опера театрында белгилүү ба­лет труппасы, о. эле бий коллективдери иштейт. И-да театр өнөрү да өнүккөн. О. кылымдарда диний ж-а калк театрлары айкалыш өнүккөн, 16-к-дан профессионал труппалар ж-а калк театрлары (корраль) ачылган. Агартуу доорун­да испан мад-ты француздардын таасиринде бол­гон. И-да азыр көптөгөн драма, о. эле опера театрлары иштейт.
И-да биринчи көркөм фильм («Ферманын мак­танчаактары паркта», реж. Ф. Хелеберт) 1905-ж. коюлган. Эң белгилүү испан кинорежиссёрло­рунун бири – Луис Бюнюэль (1900–1983) 1928-ж. Сальвадор Дали м-н бирге сюрреалисттик «Ан­далусия ити» аттуу фильм тарткан. Ал жаран­дык согуштан кийин И-ны таштап кетүүгө ар­гасыз болуп, Мехикодо жашап, «Талкалоочу периште» (1962), «Күндүзгү сулуу «(1967) ж. б. бир нече кинофильм жараткан. Франколук ре­жимдин тушунда чет элге да таанымал болгон

Фанданго бийи.

Карлос Саура, Педро Альмодовар ж-а Фернандо Труэва сыяктуу кинорежиссёрлор чыккан. 20-к-дын аягы – 21-к-дын баш ченинде демок­ратиянын шарапаты кино жанрына да тийген. Бул мезгилде улуттук кинодо классикалык чы­гармаларды тартуу м-н катар (Л. Г. Берланга, Х. А. Бардем ж. б.) жаңы жанрдагы, алсак, пси­хол., эротикалык кинолор да (Гутьеррес Ара­гон, Х. Медем, А. Аменабар ж. б.) жаралган. Ф. Рей, Ф. Рабаль, А. Бандерас, В. А. Абреиль, П. Крус, К. Бардем ж. б. киноактёрлору бел­гилүү.


Ад.: Гарсиа Х. Испания ХХ в. М., 1967; Испания 1918–1972. Исторический очерк. М., 1975; Совре­менная Испания. М., 1983; Лагутина Е. И., Лачинин­ский В. А. Страны Пиренейского полуострова. Л., 1984; Каптерева Т. П. Искусство Испании. М., 1989; Испания и Португалия. М., 1989; Испания. М., 1993; Буторина О. В. Испания: стратегия экономического подъёма. М., 1995; Киселев А. В. Испания. География, История. СПб, 2001; Лопатникова Д. Л. Испания. М., 2001; Испанская эстетика. Ренесанс. Барокко. Просвещение. М., 1977; Каптер Т. Т. Испания. Исто­рия искусства. М., 2003; Турицын В. Н. Кино Испании. М., 1990. А. Молдомусаева, Ө. Бараталиев, А. Кубатова.