ИСПАНИЯ-АМЕРИКА СОГУШУ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ИСПАНИЯ-АМЕРИКА СОГУШУ (1898) – Испаниянын Вест-Индия (Куба а-дары, Пуэрто-Рико) ж-а Филиппиндеги колониялык ээликтерин басып алуу максатында жүргүзгөн АКШнын согуштук агрессиясы. Кубада ж-а Филиппинде испан баскынчылыгына каршы чыккан көтөрүлүштөн пайдаланып, АКШ өкмөтү Испанияга доомат коюп, Кубадан испан аскерлерин алып кетүүнү талап кылган. Испания бул талапты аткаруудан баш тарткан күнү (1898, 21-апрель) АКШ Испанияга каршы согуш ачкан. АКШ Куба ж-а Филиппин а-нда согуш жүргүзгөн. Согушта амер. флот испан флотун талкалаган. 1898-ж. 10-декабрдагы Париж тынчтык келишими б-ча Куба, Пуэрто-Рико, Гуам ж-а Филиппин АКШга өткөн. И.-А. с-нан улам АКШ келечектеги баскынчылык саясаты үчүн стратегиялык маанидеги аймактарга ээ болгон.