ИСПИД-БУЛАН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИСПИД-БУЛАН , С а ф е д- Б у л а н – орто кы­лымга таандык шаар калдыгы. Фергана өрөө­нүнүн түндүк-чыгыш бөлүгүндө Ала-Бука районунда­гы Сафед-Булан (Гүлстан) кыштагынын жанында жайгашкан. Арабдар Фергананы басып алып, калкын мусулмандаштыруу жөнүндөгү Жамал Кар­шинин (XIII кылым) жана жергиликтүү көрүстөндөрдөн табыл­ган таш (кайрак) бетиндеги XII–XV кылымдарга таандык жазууларда «Испид-Булан» деген аталыш менен эскерилип, XVI кылымдан Сафед-Булан аталат. Сафед- Булан тарыхый булактарда, эл оозунда жана сан­жыралардагы маалыматтар боюнча арабдар кел­ген кезде, алар менен согушкан жергиликтүү бийлик ээле­рине каршы арабдарга жардам берип жүргөн касандык кыз катары эскерилет да, анын бейи­тине күмбөз курулгандан кийин ошол жер, ки­йинчерээк анын жанындагы кыштак да Сафед- Булан аталып калган. Болжол менен X–XII кылымдарда Сафед-Буландын күмбөзүнүн жанына ушул чөлкөмдө курман болгон араб кол башчылары­нын бири Шах Фазилдин күмбөзү тургузулган. Бул эстелик Гүлстан кыштагынын чыгыш жагын­дагы дөңсөөдө жайгашкан. Сафед-Буландын бе­йити ушул мавзолейдин короосунун түндүк-батыш тарабынан орун алган. Испид-Булан – Аксы чөлкөмүндөгү ири мазарлардын бири. Кезегин­де бул мазарда олуттуу саясий окуялар болуп өткөн. 1842-жылы ушул жерде Кокон ханы Ше­ралы миң башы Нүзүп Эсенбай уулунун жарда­мы менен ак кийизге салынып хан көтөрүлсө, 1873-жылы жаз айларында Кокон хандыгынын акыркы ханы Искак Асан уулу Полот хан де­ген ат менен хан көтөрүлгөн.

Шах-Фазилдин күмбөзү.
Сафед-Булан күмбөзү.