ИСТАМБЕКОВ
ИСТАМБЕКОВ Аден Бекембаевич [3. 7. 1903, Жети-Суу обл., Каракол уезди, Ичке-Жергез кыш. (азыркы Ысык-Көл обл., Ак-Суу р-ну) – 9. 1. 1939, Фрунзе] – аскердик ж-а коомдук ишмер, подполковник, респнын алгачкы аскер комиссары.

Ташкент аскер окуу жайындагы командирлерди даярдоочу атайын курсун (1922), Москвадагы Аскер пед. жогорку мектебин (1927), САГУнун тарых ф-тин, Ленинграддагы аскер тактикасын окутуучуларынын курсун, Москвадагы В. И. Ленин атн. саясий академияны (1937) бүтүргөн. Ата-энеси м-н бирге 1906– 13-ж. Иркутскиде сүргүндө болуп, кайтып келгенден кийин чиркөө мектебинен окуган. 1916-ж. Үркүндө Кытайга барып, 1917-ж. кайра келген. 1922–24-ж. 813- (өзгөчө) ротанын командиринин жардамчысы, командири, 1924–31-ж. Ташкенттеги В. И. Ленин атн. Жогорку аскер мектебинде взводдун командири, инструктор, согуш тактикасын үйрөтүү б-ча окутуучу, окуу бөлүмүнүн башчысынын жардамчысы, парткомдун жооптуу секретары, 1931–32-ж. О. Азия аскер округунун атчандар мектебинде окуу бөлүмүнүн начальнигинин жардамчысы, 1932–33-ж. парткомдун жооптуу секретары, 1933–36-ж. казак атчандар полкунун командиринин саясий иштер б-ча жардамчысы, 1936–37-ж. 53-кыргыз атчандар полкунун аскер комиссары, 1936–37-ж. Фергана тоо атчандар дивизиясынын саясий бөлүмүнүн башчысы, 1937-жылдын март айынан полктун командири болуп иштеген. Кырг-н КП(б) БКнын мүчөсү, Фрунзе шааркомунун бюро мүчөсү (1937). 1937-ж. декабрда буржуазиялык улутчул деген жалаа м-н репрессияланып, 1939-ж. атылган. 1958-ж. толук акталган.