ИСТАМБЕКОВА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИСТАМБЕКОВА Жийдеш Ногойбаевна (10. 5. 1923-ж. т., Ысык-Көл обл., Ак-Суу р-ну, Ша­пак айылы) – терапевт, медицина илимд. док­тору (1973), проф. (1974). Кыргыз ССРинин эмг. сиң. врачы (1973). КММИни бүтүргөн (1946). Талас ш-нда участкалык врач (1947–51), Жалал- Абад обл. ооруканада терапия бөлүмүнүн баш­чысы (1951–53). 1961-жылдан КММИнин ф-ттик терапия кафедрасынын проф. 80ден ашык ил. эмгеги, а. и. 1 монография, 1 окуу китеби бар. Негизги эмгектери Кырг-ндын бийик тоолуу шартында өпкөнүн өнөкөт сезгенишинин кли­никалык-функциялык өзгөчөлүктөрүн ж-а би­йик тоолуу Жети-Өгүз курортунун минералдуу сууларынын жүрөк-кан тамыр системасына тий­гизген таасирин изилдөөгө арналган.




Эмг.: Гипертоническая болезнь. Ф., 1968; Хрони­ческая пневмония в горных условиях. Л., 1979; Актуальные вопросы пульмонологии. Б., 1990.