ИСТАХРИ
ИСТАХРИ Абу Исхак ибн Мухаммед ал-Фариси ал-Истахри – (болжол м-н 850, Иран – 934) – араб географы. Эмгегинин белгилүүсү «Сууар алакалим« («Аймактардын чет жакалары») деп аталып, анда түшүнүктөр м-н кошо карталар ж-а атластардын жыйнагы берилген. Ал түзгөн «Китаб ал-масалик ва-л-мамалик» («Өлкөлөр м-н жолдордун китеби») деген эмгеги араб географиясынын классикалык үлгүсү болуп саналат. Ал китептин өзөгүн 920-ж. жазылган Абу Зайд Балхинин геогр. эмгегинен алып, аны өзү көргөн маалыматтар м-н толуктаган. И. мусулман өлкөлөрүн гана жазууну максат кылып, аларды кеңири 20 аймакка бөлүп, «климат» деп атаган. Арабиядан баштап Мавераннахрга тийиштүү жерлердин (Согд, Усрушан, Фергана, Шаш, Илак ж. б.) толук маалыматын, а. и. аларга караган ар бир аймакты (мис., Миан- Рудан же Кара-Дарыя м-н Нарын д-нын аралыгы; Жигил же Чаткал), шаар-кыштактарды (мис., Аксикент, Ош, Өзгөн, Мадва, Хайлам ж. б.) алардын аралыгы, кен байлыктары, жолдору тууралуу кенен баян кылган. Мындан тышкары ал жерлерде жашаган элдер (тогузгуз, хырхыз, кимак, гузз, хазладж ж. б.), алардын тили, чарбасы ж-а соодасы ж-дө да кенен маалыматтарды берген. Бизге анын араб тексти м-н 930–33-ж. кыскача редакцияланган эмгеги жеткен. Мындан башка толук редакцияланып, Ибн Хаукал пайдаланган экинчи эмгеги болгон. Анын эмгегин М. де Гуе басып чыгарган.
Ад.: Материалы по истории кыргызов и Кыргызстана. Т. 1. Б., 2002.
Т. Жуманалиев.