ИСТЕМИ
ИСТЕМИ (510 – болжол м-н 576-ж.) – Түрк кагандыгынын башкаруучусу, каган (552–576), ал кагандыкты негиздеген Бумындын бир тууганы. Византия тарыхында Силзибул, Дизабул, Стембис, арабдарда Синжибу, кытай хроникаларында Шедеми, «он уруунун каганы», Батыш түрк кагандыгынын династиясына тиешелүү эң жогорку титул жабгу (ябгу) каган деп да аталган. Анын кол башчылыгы м-н түрк уруулары адегенде Борб. Азиянын Жети-Суу, Сыр-Дарыя, Арал деңизине чейинки аймакты ээлешкен. Бул баскынчылык эле эмес, түрк урууларынын жер которуулары катары да эсептелинет. 6-к-дын орто ченинде түрк тилдүү уруулар м-н жерг. көчмөндөр бир согуштук-адм. системага («он ок будун» – он жебелүү уруу) өтсө, айрымдары авар урууларына кошулуп, Европанын Түш.-Чыгыш бөлүгүнө сүрүлүп кетүүгө мажбур болушкан. Бирок, жаа же жебе деген сөз уруулук уюм эмес, аскердик-адм. түзүлүштүн формасы катары түшүндүрүлгөн. И-нин буйругу м-н ар бир жаа, жебе (ок) бир түмөн (он миң) аскерди камтып, аны шады (аскер башы) башкарган ж-а өзүлөрүнүн аскердик туусу болгон. Жыйналган он жаа, жебе чыгыш ж-а батыш кошуунга бөлүнүп, ар бири беш жаа же жебеден турган. Чыгыш бөлүгү «беш уруу дулу» деп аталып, анын башында чоро турган ж-а алар Суйаб ш-нын чыгышын жердеген. Батыш бөлүгүн «беш уруу нушиби» ээлеп, башында Иркин турган. Суйаб ш. борбор болгон. И. башындагы түрктөр 558-ж. Итиль (Волга) м-н Жайыктын (Урал) айланасындагы аймакты, 567–70-ж. Түн. Кавказды өзүнө караткан. 6-к-дын 2-жарымында И. эфталиттерге каршы күрөшүү үчүн Иран шахы Хосров Ануширван м-н аскердик союз түзүп, бул союзду бекемдөө максатында шахка кызын берген. Алардын жардамы м-н 563-ж. И. эфталиттерге согуш ачып, алардын кыйла жерин басып алган. Мындан кийин Византияга жибекти өткөрүүнү өз көзөмөлүнө алуу үчүн Хосров м-н келишим түзүүгө согдалык көпөс Маниахты элчиликке жиберген. Бирок Хосров келишим түзүүдөн баш тартып, соодагерлер алып келген жибекти өрттөп салууга буйрук кылган. Натыйжада, И. Византия м-н сүйлөшүүлөрдү баштап, ал жакка Маниахты аткарса, император Юстин II тарабынан элчиликке Земарх келген. И. анын көзүнчө ирандыктарга каршы жортуулга чыккан. 570-ж. иран шахынын Йеменди басып алышына байланыштуу деңизден Византияга өтүүчү Жибек жолу да жабылып калат. Бирок, бул учурда Византияда жибек иштетүүнүн ыкмасын билип калышкан. Ушул себептен эми түрктөр м-н Византиянын ортосунда карама-каршылык башталган. 575-ж. Картлинин падышасы Г. Баградиттин жардамы м-н Босфорду ж-а Крымды басып алгандан кийин түрктөрдүн ээлиги Византияга чектешип калган. Ошондон кийин түрктөр Кытайдан Жер Ортолук деңиз тараптагы мамлекеттерге кетүүчү Жибек жолуна кожоюн болуп, а. и. Кытайдан Пайкендге чейинки бөлүгү кыргыздардын көзөмөлүндө калган. Евразияда биринчи кеңири империяны түзгөн И. болуп эсептелинет.
Ад.: Бичурин Н. Я. Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. М.; Л., 1950, в 3-х т.; Пигулевская Н. Византия на путях в Индию. М.; Л., 1951; Гумилёв Л. Н. Древние тюрки. М., 1967.
Т. Асанов.