ИСТОРИОГРАФИЯ
ИСТОРИОГРА́ФИЯ (гр. historia – тарых ж-а ...графия) – 1) бүтүндөй тарых илимдеринин тарыхы, о. эле белгилүү бир доорго, темага арналган изилдөөлөрдүн же тарыхый эмгектердин жыйындысы; 2) тарых илиминин тармагы катары анын тарыхын изилдөөчү илим (тарых материалдарынын топтолушун, тарыхый окуяларды түшүндүрүүдөгү талаштарды, тарых илиминдеги методол. багыттардын алмашышын, тарыхый көз караштардын, коомдук-саясий ойлордун түзүлүшүнүн тарыхын ж. б. изилдейт). И. архив булактары, китепкана иштери, тарыхый библиографиялар, тарыхый булактар, китеп булактары сыяктуу тармактар м-н тыгыз байланышта өнүгүп келе жатат. И. конкреттүү тарыхый эмгектердин материалдары б-ча тарыхый концепциялардын өнүгүшүн, өзгөрүшүн байкап турат. И. окуу дисциплинасы катары биринчи иретте тарыхый концепцияларды түшүндүрүү максатын коёт. И. тарыхый булактарды ж-а историогр. эмгектерди анализдөө м-н катар, тарыхый изилдөөлөрдүн ыкмаларын ачып берүү, тарыхый булактарды түшүндүрүүнүн жолдору м-н методдорунун өнүгүү тарыхын чагылдырат.