ИСФАЙРАМ-САЙ ӨРӨӨНҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИСФАЙРАМ-САЙ ӨРӨӨНҮ Алай кырка тоо­сунун түн. капталынан агып түшкөн сууну бой­лоп жатат. Уз. 130 кмдей, таманынын жазы­лыгы баш жагында 0,3–0,6 км, ортосунда (Пум, Чабай суулары куйган бөлүгүндө) 2–2,5 км, Фергана ойдуңуна чыга беришинде 10–15 км. Таманынын деңиз деңг. бийикт. 1000 мден 3000 мге чейин. Жогору жагында Шыпы, Сүрмө- Таш ж-а Исфайрам-Cай болуп үч айрыкка бө­лүнөт. Төмөн жагы кенен келип, улам жогору­лаган сайын кууштап, капчыгайга өтөт. Мын­да шиленди конустар басымдуу. Алардын үстү тегиз, айрым жерлери жылга-жыбыттуу. Кап­чыгайдын таманы өтө кууш, суу жээктеринде­ги жайылмалар 1–2 кмден ашпайт. Жогорку бөлүгү «жылаңач» аскалардан туруп, таманы 0,3–0,6 км. Өрөөн тепши сымал. Тоо беттерин­деги куюлма шагыл таштар этегинде шиленди конустарды пайда кылат. Өрөөндүн таманы төртүнчүлүк мезгилдин чөкмө, мөңгү, шиленди тектеринен түзүлгөн. Тоо капталдары палеозой­дун кумдук, сланец, конгломерат, акиташ тек­теринен туруп, айрым жерлерин гранит, гранит­диорит интрузиялары жиреп чыккан. Өрөөндүн бийик тоолуу бөлүгүндө жалпы аянты 37,4 км2ге жеткен 39 мөңгү бар. Өрөөн аркылуу Исфайрам- Сай суусу агат. Тоо капталдарында шилби, ит­мурун, табылгы сыяктуу бадал аралаш өскөн арча токою басымдуу. Андан жогору субальп ж-а альп шалбаалуу талаа ландшафт алкакта­ры мүнөздүү. Суу жээктеринде терек, кайың, тал, чычырканак, арча, жылгын ж. б. өсөт. То­кою түрү б-ча топ-топ болуп өскөндүгү м-н өзгө­чөлөнөт; мис., терек токою, кайың токою ж. б. Жогорку бөлүгү жайыт, ортоңку ж-а төмөнкү бөлүктөрүнүн таманы чабынды, айдоо. Өрөөндө Үч-Коргон, Кара-Жыгач, Кара-Кыштак, Майран, Пум, Чакмак кыш. жайгашкан.