ИСФАРА
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ИСФАРА́ – Тажикстандын түштүгүндөгү шаар (1952-жылдан). Исфара д-нын боюнда. Калкы 35,5 миң (1991). Т. ж. бекети. Гидрометаллургия, жарык берүүчү техника жабдуулары, минерал боёктор ж. б. з-ддор, консерва, курулуш материалдар комбинаты иштейт. 16-к-дан белгилүү. Тарыхый-край таануу музейи бар. И-га жакын Абдулла-хан мечити (16-к.), о. кылымга таандык Калаи-Боло чебинин калдыктары, Хазрати-Баба мавзолейи (10–12-к., Чорку кыш-нда) сакталган.