ИСХАКИЙА ТАРЫКАТЫ
ИСХАКИЙА ТАРЫКАТЫ , Ы с х а к и й й а т а р ы к а т ы – о. азиялык суфийлердин накшбандия-хожаган жамаатынын бир бутагы; 17– 18-к-да Чыгыш Түркстанда диний-теократиялык бийлик орнотуу үчүн күрөшкөн саясий топ.
Накшбандия-хожаган ордени 15-к-да эле пайда болуп, 17-к-дан өзүнүн ишмердигин Чыгыш Түркстанга жайылта баштаган. 17-к-дын башында ойроттор м-н катар накшбандия жамааты Жаркенттеги хандык бийлик үчүн болгон жерг. башкаруучулардын ички иштерине кийлигише баштаган. Жамааттын ири өкүлдөрүнүн бири Исхак Вали уулу Кожо Шади (Мухаммед Яхья)
өлкөнүн башкаруучусу Махмуд ханды бийликтен кетирүүгө кириптер кылып, аймакта өз таасирин бекемдеген. 17-к-дын 2-жарымында алар моңгол хандарынан бийликти тартып алган. Бирок, бийликке келишкен накшбандия жамаатынын өкүлдөрүнүн ортосунда бийлик үчүн өтө курч карама-каршылыктар кайрадан келип чыккан. Натыйжада, Махмуд-и Азамдын балдарынын улуусу Мухаммед Амин кожо Ишан-и Калам деген ысым алып «ак тоолук», ал эми анын бир тууганы (Махмуд-и Азамдын төртүнчү уулу) Мухаммед Исхак Вали (Кожо Исхак) тарабынан «кара тоолук» (б. а. исхакийа) деп аталган диний агым түзүлгөн. Бул диний агымдардын саясий ишмердүүлүгүнө кыргыздар да жигердүү катышкан. Негизинен кашкарлыктар «ак тоолуктарды», ал эми Жаркент ш. «кара тоолуктарды» колдоп, Кашкарга хан болгон ханы Исмаил дагы «кара тоолуктар» тарабында болуп, ал «ак тоолуктардын» (к. Ышкиййа тарыкаты) өкүлү Аппак кожону (Идаятулла) Чыгыш Түркстандан Тибетке качууга аргасыз кылган. Бирок, Аппак кожо Галдан Бошокту хандын жардамы м-н 1678-ж. кайрадан бийликке келген. Аппак кожо өлгөндөн кийин «кара тоолук» ж-а «ак тоолук» кожолордун бийлик талашуусу кайра күчөп, кезек-кезеги м-н «ак тоолуктар» атанган кашкарлыктар да, «кара тоолук» Жаркент ш. да кыргыздардан жардам сурап турушкан. 1720-ж. Цеван Рабдандын кийлигишүүсү м-н бийликке кара тоолуктардын
өкүлү Даниель кожо келип, ал калмактардын атынан Чыгыш Түркстандагы 6 шаарды башкарып турган. Ошону м-н Цин империясы Чыгыш Түркстанды басып алганга чейин бийликте кара тоолуктар болгон. 1755-ж. Цин өкмөтүнүн көмөгү м-н бийликке Бурхан ад-Дин башында турган ак тоолук кожолор келип, кыргыздардын башчысы Кубат бийдин колдоосу аркылуу кара тоолуктарды бийликтен биротоло
четтеткен.
Ад.: Кузнецов В. С. Империя Цин и мусулманский мир. Новосибрск, 1990; Материалы по истории кыргызов и Кыргызстана. Т. 1. Б., 2003.
Т. Асанов.