ИТАЛИЯ 2-бөлүк
ИТАЛИЯ 2-бөлүк

Тейлөө чөйрөсүндө ИДПнин 69,3%и жаралат (2006). Рекреациялык жактан тейлөө – И-нын эл аралык адистешүүсүнүн маанилүү тармагы (дүйнөлүк туристтик сектордогу И-нын үлүшү 6%). Туристтерди тейлөөдө 2 млндон ашык адам иштейт. Туризм индустриясынын өнүгүүсүнө – түрдүү маданий-тарыхый (музейлердин ж-а сүрөт галереяларынын, түрдүү замандагы арх-ралык ж-а тарыхый эстеликтердин көптүгү) ж-а табият ресурстары өбөлгө түзөт. Адатта алардын эң белгилүүлөрү: деңиз жээктериндеги курорттор (Генуя Ривьерасы, Адрия деңизинин жээгиндеги кумдуу пляждар, Амальфитанын кооз жээктери), Альп тоолорундагы көлдөр (Лаго-Мажоре, Гарда), кооз жерлер, минералдуу булактардын тегереги, археол. эстеликтер зоналары, аралдардагы курорттор. И. чет элдик туристтердин саны б-ча дүйнөдө Франция, Испания, АКШ, Кытайдан кийинки 5-орунду ээлейт. 2006-ж. өлкөгө 42,1 млн турист келген. Мейманкананын саны (33,5 миң) б-ча Европада Германия, Улуу Британиядан кийинки 3-, андагы орундун саны (2,0 млн; кемпинг ж. б. эс алуу жайларын кошкондо 4,2 млн) б-ча 1-орунду ээлейт. И-нын финансы системасына 87 банк тобу (793 банк, а. и. 245 акционердик, 474 кооперативдик банктар,
74 чет элдик банктардын бөлүмдөрү) ж-а 749 банк эмес финансы далдалчылыгы кирет. И-да ири биржалар, камсыздоо компаниялары иштейт. Соода – тейлөө чөйрөсүнүн маанилүү секторлорунун бири. Чекене соодада 1,5 млндон
ашык адам иштеп, 600 миңден ашык ишканасы бар. Соода ишканалары негизинен чакан, жекече же үй-бүлөлүк; басымдуу бөлүгү (айрыкча кийим, азык-түлүк ж-а суусундук сатууга)
адистешкен. О. эле ири тармактуу соода ишканалары да иштейт.
И-да темир ж-а автомобиль жол тармактары
жыш. Альп тоолорунун ашуулары (Симплон, Мон-Сени, Сен-Готард, Бреннер ж. б.) аркылуу тешкен тоолор (тоннелдер) м-н өткөн темир ж-а автомобиль жолдорунун эл аралык мааниси өтө зор. Жүргүнчүлөрдүн 90%тен, жүктүн 80%тен ашыгы автомобиль м-н ташылат. Автомобиль жолунун уз. 484,7 миң км. Т. ж-нун уз. 19,46 миң км (анын 70%и электрлештирилген). Сырткы жүктөрдүн басымдуу бөлүгүн деңиз транспорту (импорттун 80–90%ин, экспорттун 60–70%ин) ташыйт. И-нын соода флотун 1,5 миң кеме түзөт (жалпы тоннажы б-ча дүйнөдө 10-орунда). Башкы деңиз порттору: Торонто, Ге-

нуя, Триест, Аугуста, Венеция, Жоя-Тауро, Равенна, Неаполь, Мессина, Режо-ди-Калабрия, Капри ж. б. Деңиз парому аркылуу катташуунун да мааниси зор. Ички суу жолунун уз. 2,4 миң км. Эл аралык маанидеги ири аэропорттору: Рим-Фьюмичино, Милан-Мальпенса, Милан- Линате, Венеция-Тессера, Рим-Чампино ж. б. Магистралдык нефть куурунун уз. 1136 км, газ куурунуку 17 589 км. И-га дүйнөлүк экспорттун 3,4%и, импорттун 3,4%и туура келет (2006). Экспортко негизинен машина куруу продукциялары, ө. ж. жабдуу-

лары, транспорт каражаттары, хим. ж-а нефтьхимия продукциялары, металл ж-а андан жасалган бюмдар, азык-түлүк (ичимдик ж-а тамеки кошо), текстиль ж-а кийим тигүү ө. ж. продукциялары, булгаары товарлары, эмерек, а. ч. ж-а балыкчылык продукциялары. Сырттан нефть, көмүр, темир рудасын, түстүү ж-а кара металлдарды, пахта, машиналарды, жыгач, азык-түлүк сатып алат. Негизги сырткы соода шериктери: Германия, Франция, Испания, АКШ, Нидерланд, Кытай.
Маданияты
. И-нын билим берүү системасы
мамлекеттин көзөмөлүндө турат. Алты жашка
чейинки балдар мектепке чейинки мекемелерде тарбияланат. 6–14 жаштагы балдар сөзсүз ж-а акысыз билим алат. Мектепти аяктаган соң, жалпы билим берүүчү (академиялык) же тех. окуу жайларга, б. а. ин-ттарда окуусун улантууга мүмкүнчүлүк берилет. Булардын бирин аяктагандан кийин каалоочулар ун-ттерде билим алууну улантышат. 90-жылдардын башында И-да 41 мамл. ун-т болгон. Ири ун-ттер Рим, Неаполь, Милан, Болонья ж-а Падуя ш-нда жайгашкан. Булардан тышкары, Милан ж-а Туринде политех. ин-ттар, бир катар жеке менчик ун-ттер, а. и. ириси – Миландагы Католик
ун-ти, консерваториялар, көркөм ин-ттар бар. 11-к-да негизделген Болонья ун-ти о. кылымдардан эле белгилүү. Ун-ттердин көпчүлүк ф-ттеринде билим алуу төрт жыл, ал эми айрым химия, инж. ж-а арх-ра ф-ттеринде беш, медицина ф-тинде алты жылга созулат.
И-нын Билим берүү министрлигине 200 академия ж-а маданий мекемелер, И-нын тарыхын изилдөөчү, о. эле ил., адабий ин-ттар ж-а коомдор карайт. 1603-ж. негизделген улуттук деп Линчеи академиясынын негизги милдеттеринин бири – ил., тарыхый ж-а филология жаатындагы ийгиликтерди дүйнөгө даңазалоо, таратуу болсо, Данте Алигьери улуттук коому итальян тилин, мад-тын чет элдиктерге үйрөнүүгө жардам берүүгө умтулат. Булардан тышкары, Ад-т академиясы (1690), Болоньядагы ИА, Виргилий ИА ж. б. белгилүү. Көпчүлүк европ. ж-а амер.
өлкөлөр И-да өз академияларын ачышкан. Алардын эң белгилүүсү ж-а эзелкиси – Римдеги Француз академиясы (1666), мындан башка искво ж-а археология жаатындагы чет өлкөлүк ин-ттар Флоренция, Болонья, Неаполь, Рим, Турин, Милан ш-нда жайгашкан. И-нын бардык шаарларында китепканалар бар, а. и. ирилери: Ватикан китепканасы, Сенат ж-а Депутаттар китепканасы, Римдеги китепкана ж. б.
Өлкөдө 150дөн ашуун музей бар. Ватикан музейинде дүйнөгө белгилүү антикалык ж-а искво чыгармалары топтолгон. Капитолий музейлери, Уффици, Боргезе ж. б. галереялар, Рим улуттук музейи, Неаполь, Парма ж. б. шаарлардагы археол. ж. б. музейлер иштейт.
И-да жалпы тиражы 6 млн нуска 88 наамдагы күндөлүк гезиттер жарык көрүп турат. Алардын ичинен Миландагы «Коррьере делла Сера»,
«Нотте», «Джорнале Нуово» и «Джорно», Туриндеги «Стампа»; Римде «Мессаджеро», «Темпо», «Репубблика», Болоньядагы «Ресто дель Карлино», Флоренциядагы «Национе», Венециядагы «Гадзеттино» эркин гезиттери белгилүү. Саясий партиялардын расмий органдары катары «Пополо» (Христиан-демокр. партиясы),
«Унита» (Солчул демокр. партия), «Аванти» (Социалистик партия) ж-а «Уманита» (Социал-демокр. партия) гезиттери эсептелет. Мындан тышкары, «Эуропео», «Эпока», «Темпо», «Оджи»,
«Дженте», «Эспрессо» ж. б. журналдар жума
сайын жарык көрөт. Радио уктуруу 1924-жылдан, телекөрсөтүү 1954-жылдан иштейт.
И-нын антикалык илими м-н Европадагы о. кылым илиминин (5–6-к.) өткөөл доорунда жашаган илимпоз А. Боэцийдин математика м-н музыка теориясы б-ча эмгектери о. кылымдык монастырь билимине негиз болсо, Кассиодор өз заманынын табият илиминин энциклопедиялык жыйнагын түзгөн. 9-к-да Салернодо түзүлгөн ак сөөктүк мед. мектепте практикалык иштен тышкары рецепттер («Антидотарий») м-н диагноз ыкмалары («Пассионарий») топтолуп, медицина б-ча арабча эмгектер которулган. 11–13-к-да туңгуч ун-ттер (11-к-да Парма м-н Болоньяда, 1222-ж. Падуяда, 1224-ж. Неаполдо) ачылган. Курулуш, механика, навигация, соода-сатык, кол өнөрчүлүк сыяктуу практикалык билим топтоло баштаган. 1202-ж. кечил Леонардо Пизанский «Эсеп китеп» жазса, 13-кда көз айнек ойлоп табылган. Деңиз аркылуу соода жүргүзүү 13–16-к-да навигациялык карталардын түзүлүшүнө шарт түзүп, Марко Поло 1271–95-ж. Кытайга саякаттаган.
Кайра жаралуу доорундагы геогр. улуу ачылыштар бүтүндөй илимдин өнүгүшүнө өбөлгө түзгөн. Космограф П. Тосканеллинин Индияга Атлантика океаны аркылуу (Африканы айланып) жетүүгө болорун биринчи болуп айтышы Х. Колумбдун Американы ачышына себепкер болгон. Көрүнүктүү саякатчылар Америго Веспуччи, Себастьян Кабот да И-дан чыккан. 16-кдын ортосунда Ж. Рамузио саякаттар м-н ачылыштарды «Саякат жыйнагы» деген үч томдугуна топтогон. 1540-ж. колдонмо химия б-ча В. Бирингуччонун «Пиротехника жөнүндө», 1548-ж. Ч. Пиккольпассонун «Карапачылык
өнөр жөнүндө үч китеп», 1558-ж. Ж. Делла Портанын «Нагыз сыйкырчылык» деген эмгектери пайда болгон. Р. Бомбелли «Алгебра» деген эмгегинде (1572) комплекстүү сандардын жөнөкөй амалын биринчи болуп далилдеген. Кайра жаралуу доорунда геология илими пайда болуп, кен байлыктар суу м-н кургактыктын алмашылышынан пайда болот деген Леонардо да Вин-
чинин пикирин 16-к-да Ж. Фракасторо, Ж. Кардано, А. Чезальпино ж. б. ырастаган. 16-к-дын акырында геология Жер ж-дөгү илим катары У. Альдровандинин эмгектеринде кездешет. Геогр. ачылыштар биология илиминин өнүгүшүнө өбөлгө түздү: А. Чезальпино өсүмдүктөрдү ил. классификацияласа, Б. Палисси аларга минерал азыктын керектигин биринчи болуп айткан.
16-к-дын акырынан И. илими Европада алдыга чыгат. А. Коперниктин гелиоборбор окуусун өнүктүргөн Ж. Бруно схоластикага каршы күрөшсө, Г. Галилейдин эмгектери табият таанууда, айрыкча дүйнөнүн гелиоборб. системасын аныктоодо зор роль ойногон. Ал кураган телескоп астрономияда жаңы доор ачты. Академиядагы илимпоздор да (мис., дель Чименто академиясында Ф. Реди «өмүр өзүнөн өзү жаралбасын» далилдесе, А. Стено кристаллография м-н геологияны негиздеген, Э. Торичелли атмосфера басымын ачып, сымап барометрин ойлоп тапкан) илимге кыйла жаңылыктар киргизген. 17-к-да биологияда ятро физика агымы калыптанып, С. Сантарио зат алмашуу м-н дем алууну изилдөөдө физикалык ыкманы кийирүүгө аракет жасаган. 18-к-дын биринчи жарымында Я. Риккати дифференциал теңдеме теориясы б-ча иштеп, кылымдын аяк ченинде Л. Гальвани, А. Вольта электр б-ча классикалык эмгектер жаратышкан. А. Авогадро идеалдуу газ үчүн физика законун (1881) ачып, Л. Бруньятелли италян тилинде туңгуч хим. журналдарды басып чыгарган. С. Канниццаро (19-к.) молекула ж-дө так түшүнүк берип, атом салмагына реформа жүргүзгөн. Химик-органиктер – Р. Назини, Л. Кьоцца, Ч. Бертаньини, Р. Пирия, Г. Пелиццари ж. б.; физиктер – Р. Феличи, А. Пачинотти, Г. Феррарис, А. Меуччи, Риги, Г. Маркони ж. б.; зоологдор – О. ж-а А. Косталар, Б. Грасси, Д. Роза, Ф. Пачини ж. б-дын эмгектери илимдин өнүгүшүнө өбөлгө түздү. 20-к-дын башында нерв системасынын анатомиясы м-н физиологиясы өрүш алып, 1906-ж. К. Гольжи негиздеген нейрон теориясы Нобель сыйлыгына арзыган.
О. кылымдарда И-дан чыккан Пётр Дамиани, Ланфранк, Ансельм Кентерберийский, Фома Аквинский сыяктуу белгилүү философтор чет жерде эмгектенишкен. И. улуттук философиясы 13–14-к-да калыптана баштаган. Мында Болонья, Падуя ун-ттеринин ролу зор. Падуя аверроизмдин очогуна айланган. Кайра жаралуу мезгилинде жаңы моралдык ж-а саясий принциптердин калыптанышына Н. Макиавеллинин «мамлекеттин зарылдыгы», «сокур» тагдырды жеңген адамдын идеалы ж-дөгү пикири өбөлгө түзүп, анын идеясы жаңы доордогу социол. багыттарга да кыйла таасирин тийгизген.
И-нын адепки фольклору сакталган эмес, о. кылымдагы ад-ты Рим империясы кыйрагандан кийин (6–12-к-да латын тилинде) түзүлгөн. Адегенде диний ырлар, уламыштар жаралган. 13-к-да Тоскана ш-ндагы ич ара күрөш саясий лириканын (Гвиттоне д,Ареццо, болжол м-н 1230–94) чыгышына себеп болгон. Бул мезгилде махабат психологиясын таасын көрсөткөн филос. поэзия (Г. Кавальканти, А. Данте ж. б.) да пайда болгон. Бирдиктүү адабий тил түзгөн Дантенин «Жаңы турмуш» (1292) повестинде,
«Ажайып комедия» (1321) поэмасында доордун көкөй кести маселелери козголгон ж-а анын
чыгармалары дүйнөлүк ад-т казынасына кирген. Кайра жаралуу доорунда акын Петрарка (1304–75), Ж. Боккаччо (1313–75), П. Браччолини (1380–1459), Л. Альберти (1404–72), Л. Валланын (1407–57) чыгармалары көрүнүктүү орун ээлеген. 16-к-да Л. Ариосто (1474–1533), Н. Макиавелли (1469–1527), П. Аретино (1492–1556), философ Ж. Бруно (1548–1600) ж. б. комедия жазышкан. Проза жанрында Б. Кастильоне (1478–1529), Б. Челлини (1500–71) ж. б. эмгектенишкен. Агартуучул идеялар И-га 18-к-дын орто ченинен тарап, калктын улуттук аң-сезимин ойготкон. К. Гольдони (1707–93) жазган реалисттик комедиялар («Зөөкүр чалыштар», 1760), А. Альфьеринин трагедиялары («Саул») И. драматургиясына зор салым кошкон. А. Мандзони тарыхый роман жанрына негиз салган. 1848–49-жылдардагы рев-ядан кийин гарибальдичил акындар А. Алеарди (1821–78), Л. Меркантини (1821–72), романчылар И. Ньево (1831–61), Р. Жованьоли (1838–1915) ж. б. кеңири таанылган. 19-к-дын аягында И. адтында романтикалык ж-а символисттик багыттар, 1909-ж. футуризм агымы жаралган. Каршылык көрсөтүү кыймылы (1943–45) учурунда неореализм негизги багытка айланып, Р. Виганонун «Анзьезе өлүмгө баратат» (1949) романында, К. Кассоланын «Эски жолдоштор» (1953) повестинде партизандык күрөш сүрөттөлгөн. 70-жылдары М. Сольдатинин «Актёр» (1970) романы, Л. Орсининин «Анестезия» (1971) аңгемелер жыйнагы коомдун социалдык мүчүлүштүктөрүн көрсөткөн. Дино Будзати, Марио Сольдати, Оттиеро Оттиери, Беппе Фенольо ж-а Пьер Паоло Пазолини сыяктуу жазуучулар 20-к-дын 60–70-жылдары роман авторлору катары таанылды ж-а ошол эле учурда журналистика жаатында да ийгиликтерди жаратышты. И. жергесиндеги байыркы көркөм эстеликтер палеолит ж-а энеолит дооруна таандык. Буга Апулиядагы аскага тартылган сүрөттөр, Лигурия ж-а Эмилиядагы аялдардын таш статуялары мисал. Байыркы грек, этрус ж. б. элдердин салттуу көркөм өнөрү б. з. ч. 5-к-дан б. з. 5-кна чейин Байыркы Рим иск-восунун өнүгүшүнө
негиз болгон.
Рим кулап, христианчылык орногондон кийин, И-да о. кылым иск-восу калыптана баштаган. И. иск-восуна Византия иск-восунун, варварлардын (гот, лангобард, франк ж. б.) көркөм мад-тынын таасири тийген. 4–6-к-да Рим (Сан- Жованни-ин-Латерано, 313–318-ж. чен) ж. б. ш-ларда Сан-Витале базилика чиркөөлөрү, зыярат кылынчу имараттар салынган. 8–10-к-да Ломбардия арх-расы өнүгүп, базиликалардын кампанила деп аталган классикалык тиби пайда болгон (мис., Миландагы Сант-Амброжо чиркөөсүнүн түш. мунарасы, 9-к.). 8–10-к-да буюм чегелөө, зергерчилик, көркөм шөкөт өнөрү өөрчүгөн. 11–13-к-да шаар куруу иши кулач жайып, Болонья, Сан-Жиминьяно өңдүү ш-ларда чептер, мунаралуу таш үйлөр, Бергамо, Бреша

сыяктуу ш-ларда ратушалар, соборлор курулган. Эмилия м-н Ломбардияда роман скульптурасы өркүндөгөн. 13-к-да икона тартуу өнөрү өөрчүп, Проторенессанс кыймылы башталган. 13-к-дын аягы – 14-к-дын башында И. арх-расында готика стили пайда болгон. Готика Сиенадагы Палаццо Публико (1297–1310), Флоренциядагы Палаццо Веккьо (1298) сыяктуу курулуштарды жасалгалуу азем, динамизм м-н байыткан. 15–16-к-да Кайра жаралуу иск-восу жогору өнүккөн. Бул доорлордун скульпторлору


(Лоренцо Гиберти, Донателло) адам ж-а айбанат статуяларында, монументтүү кооз скульптурада ренессанстык баатыр идеалын, телегейи тегиз өнүккөн пендени чагылдырышкан. Мазаччо, Андреа Мантенья, Сандро Боттичелли өңдүү
белгилүү сүрөтчүлөр негизинен шаар турмушун,
үй-тиричилигин чагылдырган чыгармаларды жаратышкан.
Жогорку Кайра жаралуу мезгилинин (15–кдын аягы–16-к-дын 1-чейреги) иск-восунда жалпы улуттук патриоттук идеялар көтөрүлгөн. Адам жогору өнүккөн жан катары бааланып, анын классикалык образы жаратылган. Бул учурдун залкар өкүлдөрү: Рафаэль, Жоржоне, Тициан, Леонардо да Винчи, Микеланжело, Тинторенто, Тициан ж. б.
16–17-к-да И. иск-восунда барокко стили калыптанып, 17-к-дын 60-жылдарында дүркүрөп
өнүккөн. Ал стилдин туундуларында адам м-н анын чөйрөсүнүн драмалуу өзгөрүлмөлүүлүгү ж-а динамикалык биримдиги ж-дөгү түшүнүктөр
чагылдырылган. 18-к-да классицизмдин алгачкы белгилери жарала баштаган. Бу мезгилде Венеция живописи көрүнүктүү орун ээлеп, шаар пейзажы – ведута (Ж. А. Каналеттонун ж-а Б. Беллоттонун полотнолору) пайда болгон. 19- к-да классицизм кеңири тарап, Рим, Турин, Милан ш-нда көчөлөр, аянттар классицизм духунда кайра курулган. Көркөм сүрөт өнөрүндө да алдыңкы орунга чыгып, чыгармалар жарандык


.
маанисин төмөндөтүп, акад. мүнөзгө өткөн. Улуттук-боштондук күрөштүн курчушу м-н живописте (Ф. Айестин портреттери ж-а тарыхый чыгармалары; бир тууган Индунолордун жанрдык композициялары) романтикалык багыт түзүлгөн. 20-к-дын башында арх-рага модерн стилинин таасири тийген. Фашисттик диктатуранын мезгилинде (1922–43) неоклассицизмдин белгилери (арх. М. Пьячентини) пайда болгон. 50–60-жылдары Римдеги Термини вокзалы (1950, арх-лор тобу, жетекчиси Э. Монтуори), Кичи спорт сарайы (Палаццетто) ж. б. салынган. Скульпторлор Альберто Жакометти, Мирко Базальделла, Джакомо Манцу ж-а Марино Марининин чыгармалары көпчүлүккө белгилүү. Арх-рада болсо Пьер Луиджи Нерви стадион, з-д, ангарларды курууда жаңы инж. принциптерди пайдалангандыгы м-н айырмаланды. И-нын музыка өнөрү Байыркы Рим мад-тынан башталат. Азыркы нотанын негиздөөчүсү – музыкант-илимпоз Гвидо д,Ареццо (990–1050) музыканын очогу Тосканада жашап, музыканы нотага түшүрүүгө көп эмгек жумшаган. И. музыкасы Европа мад-тында көрүнүктүү орун ээлеп, дүйнөлүк музыка өнөрүнүн өнүгүшүнө да кыйла таасирин тийгизген. 16-к-да Рим ж-а Венецияда полифониялык музыка мектептери (А. Вилларт, А. ж-а Ж. Габриелилер) калыптанып, көп үндүү вокалдыкаспаптык стиль өнүккөн. 16–17-к-да музыкада негизинен лирикалык ырлар – мадригалдар басымдуулук кылган (А. Вилларт, К. Жезуальдо ди Веноза, Л. Маренцио, К. Монтеверди). Ж. Кариссими, А. Страделла, Я. Пери, Ж. Каччинилер 16–17-к-да опера, оратория, кантата, канцонанын үлгүлөрүн жаратышкан. 1597-ж. Флоренцияда биринчи ирет «Дафна» операсы (комп. Я. Пери, сөзү О. Ринуччиники) коюлган. 17-кда опера бүт И-га тарап, 1637-ж. Венецияда «Сан-Кассиано» театры ачылган. 17–18-к-да Неаполь опера өнөрүнүн очогуна айланган. Бул мектепти А. Скарлатти жетектеген. 18-к-дын ортосунан Неаполдо ж-а Венецияда комедиялык жаңы жанр – буфф операсы пайда болгон. Анын алгачкы классикалык үлгүсү – Перголезинин «Кызматчы айым» операсы 1733-ж. коюлган. 18-к-да Неаполдо «Сан-Карло» (1737), Миланда «Ла Скала» (1778), Венецияда «Фениче» (1792) сыяктуу опералык жаңы театрлар ачылган. 16– 18-к-да аспаптык музыка, айрыкча лютня (кыл аспап; Франческо да Милано, В. Галилей), орган (Ж. Фрескобальди), клавишалуу аспап (Д. Скарлатти) өнөрү дүркүрөп өнүгүп, кыл кыяктардын ичинен скрипка үчүн көп музыка жазылган. Скрипка жасоочу чеберлер Н. Амати, А. Страдивари, А. Гварнеринин атагы чыккан. А. Корелли, А. Вивальди, Ж. Тартини өңдүү композитораткаруучулар ансамбль ж-а жеке соната формаларына негиз салган. Симфония жазгандардын бири – Ж. Саммартини, ал эми симфониялык ж-а камералык музыканын чебери виоленчелист ж-а комп. Л. Боккерени болгон. 1709– 11-ж. Б. Кристофори фортепьяно жасаган. 18– 19-к-да муз. романтизмди негиздөөчү Н. Паганини, классикалык фортепьяно сонатасын түзүүчү М. Клементинин ысымдары алыска тараган. 19-к-да көп комп-лор эркиндикке умтулгандыкты чагылдырган, мис., Ж. Россининин «Вильгельм Телль» (1829, Париж) операсы. Опера реализми Ж. Вердинин чыг-лыгында жогорку деңгээлге жеткен. 16-к-дын аягында Флоренцияда опера, кантата, оратория жанрлары пайда болгон. 16-к-дын аягында алгачкы опера классиги, Венецияда иштеген – К. Монтеверди болгон. Неаполдо 17–18-к-да А. Скарлатти ж-а И. Иоммелли опера-серианы («олуттуу операны») негиздеген. 18-к-дын ортосунда ошол эле жерде жаңы ж-а чыныгы, башаты этик болгон – опера-буффа (комедиялуу опера) жанры пайда болгон (Ж. Б. Перголези, Ж. Паизиелло, Д. Гимароза, Б. Галуппи ж. б.) И. операсынын 19-к-дагы өсүп-өркүндөшү Ж. Россини м-н байланыштуу. 20-к-дын башында ири опера театрларынын арасында Неаполдогу «Сан-Карло» (1737-ж. негизделген), Миландагы «Ла Скала» (1778), Венециядагы «Ла Фениче» (1792), Рим опера театры (1880) болгон. Р. Леонкавалло, П. Масканьи. У. Жордано ж-а Ж. Пуччининин чыгармаларында веризм кеңири тараган. 19-кдагы лирикалык ырлардын чеберлери: эжесиңди Гризи, Ж. Паста, Ж. Марио, Ж. Б. Рубини, А. Бозио, А. Патти ж. б. 20-к-да – А. Барби, А. Галли-Курчи, Т. Даль Монте, Т. Скипа, Титта

Руффо ж. б. 20-к-дын башында инструментализмдин кайрадан жандануусуна дирижёр ж-а комп. Ж. Мартуччи, пианист ж-а комп. Ж. Сгамбати өбөлгө түзгөн. Дирижёр А. Тосканини, пианист ж-а комп. Ф. Бузони дүйнөлүк мад-тка зор үлүш кошкон. Артуро Тосканини ж-а Виктор де Сабата сыяктуу дирижёрлор 20-к-дын биринчи жарымында дүйнөдөгү эң белдүү дирижёрлордун катарына кошулган. 1992-ж. дүйнөдөгү алдыңкы беш дирижёрдун үчөө италиялык: Берлин филармониясынын Клаудио Аббадо, Амстердамдам филармония оркестриде Риккардо Кайли ж-а Филадельфия симфониялык оркестринин дирижёру Риккардо Мути. И-да көптөгөн муз. фестивалдар ж-а кароо-сынактар, о. эле пианисттердин Ф. Бузони атн., Паганини атн. (1954-ж.) скрипкачылардын эл аралык конкурстары өтүп турат.
И-да театр өнөрүнүн алгачкы элементтери элдик үрп-адаттар м-н оюн-зооктордон башталган. 16-к-дын ортосунан элдик театрдын негизинде импровизациялуу комедия – дель арте (бет кеп комедиясы) пайда болгон. 18-к-дан бет кеп комедиясы реалисттик образ м-н алмашылган. Венеция м-н Рим театр өнөрүнүн ири очогуна айланып, Милан, Неаполь, Генуя ж. б. ш-да театр труппалары иштеген. Куурчак театры, акробатика ярмаркасы ж-а карнавал оюндары кеңири тараган. 19-к-дын акыры – 20-к-дын башында Э. Дузэ, Э. Цаккони, Э. Новелли ж. б. актёрлордун атагы Европага тараган. Фашисттик диктатура (1922–43) мезгилинде И. театры чоң кризиске учураган. Фашизм талкалангандан кийин прогрессчил театр өнөрүнүн өнүгүшүнө реж. Л. Висконтинин чыг-лыгы, реж., актёр ж-а драматург Э. Де Филиппо башкарган Неаполдогу театр кыйла салым кошкон. Туруктуу драма труппалардын түзүлүшү (Миланда «Пикколо-театро», 1947) улуттук театр тарыхында маанилүү роль ойногон. Белгилүү театр ишмерлери: реж. Ж. Стрелер, Л. Скуарцина, Ж. Де Лулло; актёрлор: Р. Фальк, Ж. Альбертацци, Л. Бриньоне ж. б.
Европ. балет өнөрүнүн башаты И-да Кайра жаралуу доорунан башталат. 14-15-к-да элдик бийлерди кайра иштеп чыгуунун негизинде түзүлгөн бал бийлерин бийлешкен. И-лык балеттин негизинде Францияда түзүлгөн жаңы балет жанры бүткүл Европага тараган. 17-к-дын аягында Милан, Рим, Неаполь, Венеция ж. б. шаарларда балет спектаклдери коюлган калк театрлары болгон. 19-к-дын аягында И-да бийдин виртуоздук стили иштелип чыккан. 20-кда өз алдынча балет труппалары («Атербалетто», 1977; «Балет Милана», «Балет Венеции») пайда болду. Римде Улуттук бий академиясы (1948) иштейт. Эл аралык балет фестивалдары («Флоренциянын музыкалуу майы», 1955-жылдан ж. б.) өткөрүлүп турат.
И-да кино 1904-ж. пайда болуп, биринчи дүйнөлүк согуштун алдында Европада алдыңкы орунда турган («Помпейдин акыркы күндөрү»,
«Кабирия» ж. б. фильмдер). Фашизмдин кыйрашы, Каршылык көрсөтүү кыймылы ж-а өлкөнүн бошотулушу м-н И. кинематографиясында неореализм багытында реж. Роберто Росселининин «Рим – ачык шаар» (1945), Витторио Де Сиканын «Шуша» (1946), «Велисипед уурдоочулар» (1948), «Умберто Д.» (1951), «Эки аял» (1961), Дино де Лаурентинин «Ачуу күрүч» (1950), Федерико Феллининин «Жол» (1954) аттуу фильмдери тартылган. 70-жылдарда тарыхый сюжеттеги кинофильмдерди тартууга көп көңүл бурула баштаган. Буга Бернардо Бертолуччинин «Конформист» (1970), Витторио де Сиканын «Финци-Контини багы» (1971), Лина Вертмюллердин «Жети сулуу» (1976) фильмдери мисал боло алат. 1980–90-жылдарда Микеланджело Антонионинин «Аялды идентификация-

лоо» (1982), Франко Дзеффиреллинин «Травиата» (1983), «Отелло» (1984), Федерико Феллининин «Кеме да келе жатат» (1983), «Джинджер и Фред» (1986), Жузеппе Торнаторенин «Кино бейиш» (1989), «Бардыгы үчүн ажайып» (1991) Жанни Амелионун «Ачык эшиктер» (1990) ж. б. фильмдер тартылган. Венецияда (1932-жылдан), Римде (2006-жылдан) эл аралык кинофестивалдар өткөрүлүп турат.
Ад.: Булавский С. К. Италия. М., 1954; Биро П., Дреш Ж. Ср едиз емномор ье. М., 196 0. Т. 1– 2; Персианва О. М. По городам Италии. Л.-М.,1960; История Италии. Т. 1–3. М., 1970–1971; Грацианский А. Н. Природа Средиземноморья. М., 1971; Галкина Т. А., Красновская Н. А. Италия. М., 1985; Рутенбург В. И. Италия и Европа накануне нового времени. Л., 1974; Добрынин Б. Ф. История литературы Италии. М., 2000. – Т. 1–2; Арган Дж. К. История итальянского искууства. М., 1990. Т. 1–2; Колодяжная В. С. Кино Италии. М., 1998; Богоявленский С. композиторы Италии //Музыка ХХ в., 1890–1945. Очерки. М., 1984. Ч. 2. Кн. 4; Физическая география Западной Европы. М., 1988; Нестеров А. Г. Итальянская Социальная Республика: история, идеология, внешняя поли-
тика. Екатеринбург, 2003; Деловая Италия. Экономика и связи с Россией. М., 2002–2004. Т. 1–3; Луцкер П. В., Сусидко И. П. Итальянская опера XVIII в. М., 1998, 2004. Ч. 1–2; Современная Италия. М., 2004; Большая Российская энциклопедия. М., 2008.
А. Молдомусаева, Ө. Бараталиев,

А. Кубатова.