ИТАЛЯНДАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИТАЛЯНДАР (өздөрүн италиандар деп ата­шат) – улут, Италиянын негизги калкы. Жал­пы саны 68,5 млн, а. и. Италияда 54,9 млн киши (2007). Европа (Францияда 1,5 млн, Гер­манияда 0,8 млн, Швейцарияда 408 миң, Бель­гияда 0,2 млн, Улуу Британияда 0,2 млн киши), Америка (АКШда 17 млн, Аргентинада 1,9 млн, Канадада 1,4 млн, Бразилияда 0,5 млн, Венесу­элада 0,4 млн, Уругвайда 100 миң киши), Авст­ралияда (800,3 миң), Океания (300 миңдей), Аф­рика (100 миң киши) ж-а Азияда (10 миңдей киши) жашашат. Алар венециялыктар, лигу­риялыктар, калабриялыктар, ломбардиялык­тар, пьемонттук­тар, сицилиялык­т ар, с ардиния - лыктар ж. б. суб­этностук топторго бө лүнө т. Роман тобундагы италян т и л и нде с үй л ө - шөт . К өпчүл үгү христиан дини­нин католик тар­магын тутушат. И-дын этностук негизин б. з. ч. 1- миң жылдыкта Апеннин ж. а-нда жашаган ба­йыркы италик уруулары түзгөн. Алардын би­ри – латындар Лаций аймагын мекендеп, Римди негиздешкен. Б. з. ч. 6–2-к-да Апеннин ж. а-нын түндүгүндө этруск, лигур, венет, кельт урууларын, ал эми Корсика ж-а Сицилия а-нын түштүгүндө грек, карфагендиктерди ж-а сикул­дарды караткан. Жарым аралдын калкы б. з. 1–2-к-да элдик латын тилинде сүйлөгөн. Ита­лян урууларынын тилдери жерг. диалектилер­дин түзүлүшүнө негиз болуп, кийин ал диалек­тилер италян тилинин диалектилеринин ка­лыптанышына таасир эткен. Б. з. алгачкы кы­лымдарында Апеннин ж. а-нын романдашкан эли ар түрдүү кулдар, 5-к-да герман уруулары (остготтор, вестготтор, ланговарддар), 6–11-к-да византиялыктар, арабдар, франктар, венгрлер, норманндар м-н аралашып, италян эли, тили түзүлгөн. Бирок атайын тили – латын адабий тили бойдон кала берген. Италян улутунун түзү­лүшүнө адегенде латын тили, капиталисттик ма­милелердин пайда болушу, Кайра жаралуу мад­ты ж-а 13–14-к-да тоскана диалектиси маанилүү роль ойногон. И. 19-к-дын 2-жарымында улут болуп калыптанган. И-дын негизги кесиби – дый­канчылык, жүзүмчүлүк, бакчачылык ж-а мал чарбачылык. И. байыркы мезгилде тегерек сы­мал курулган (трулли), кийин дубалы таш ж-а кыштан тургузулган, эки же үч кабаттуу үйлөрдө жашашкан. Анын астыңкы кабаты чарбачы­лыкка, үстүңкү кабаты тиричиликке ылайык­таштырылган. Улуттук кийимдери – аялдары кенен, узун тигилген белдемчи, кыска жеңдүү кофта, алжапкыч (корсаж) кийип, жакетта ж-а жубеттону желбегей жамынып, башына жоолук салынат. Эркектер кыска ыштан (шал­бар), саймаланган жеңдүү көйнөк, кыска курт­ка, башына калпак киет. Тамак-ашы негизи­нен жер-жемиштер ж-а жашылча, ун, сүт, эт, балык азыктарынан даярдалат. Италия карна­вал өлкөсү болгондуктан, И. маскарад кийимин кийишип, бардык майрамдарды шаңдуу майрам­дашат. Элдик бийи – тарантелла, сальтарелло, ломбарда ж-а бергамаска. И. дүйнөлүк муз. мад-т м-н көркөм сүрөт өнөрүнө зор салым кош­кон.

Ш. Керимова.