ИТАЛЯН ТИЛИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИТАЛЯ́Н ТИЛИиталяндардын тили. Ита­лия Респ-нын ж-а Сан-Марино Респ-ларынын расмий тили. И. т-нде Швейцария, АКШ, Түш. Америка мамлекеттеринде (өзгөчө Брази­лия, Аргентина), Франция, Сомали, Бельгия­да жашаган италян эмигранттары сүйлөшөт. И. т. роман тил тобуна кирет. Үч диалектиге (түн., борб., түш.) бөлүнөт. Башка роман тил­дерине караганда фонет. жагынан латынга жакын. Сөздөрү көбүнчө ачык муундан турат. И. т-нде зат атоочтун сан ж-а этиштин жак, чак, ыңгай категорияларынын маанилери флексия аркылуу берилет. Жазуусу латын гра­фикасынын негизинде. 14-к-да Данте бүткүл Ита­лия үчүн жалпы адабий тил идеясын кирги­зип, 16–17-к-да италян адабий тили нормага са­лынган.