ИТИЙ
ИТИЙ – жаш балдардын организмде Д витамини жетишпегенде фосфор-кальций алмашуунун бузулушу м-н мүнөздөлгөн оорусу. Көбүнчө 2–3 айдан 2–3 жашка чейинки балдар ооруйт. И-ге демейде ара төрөлгөн, начар, тежемел багылган балдар учурайт. Баланы туура эмес тамактандыруу, таза абада ж-а күндө аз болуу ага түрткү болот. О. эле баланын түрдүү оорулар м-н көп оорушу, кош бойлуу эненин туура эмес эс алышы ж-а туура эмес тамактануусу да себеп болушу мүмкүн. Бул учурда фосфор ж-а кальций минерал туздарынын алмашуусу абдан бузулат. Кальций ичегиде сиңбей, сөөктө чогулушу бузулуп, сөөк тканынын ичкеришине ж-а жумшарышына, нерв системасынын, ички органдардын ишинин бузулушуна алып келет. И. м-н ооруган бала коркок болуп, чыргоолонот, начар уктайт, көп тердейт, тердеген жери кычышып, башын жаздыкка сүргүлөйт, желкесинин чачы түшүп, такыраят. Курсагы чоңоёт, ичи катат же өтөт. Булчуң күчү начарлайт, кеч отуруп, кеч басат. Сөөктүн жумшарышынан ж-а булчуң ишинин бузулушунан көкүрөгүнүн формасы өзгөрөт. Тиши кеч жарылып, туура эмес чыгат. Отура баштаганда омуртка тутуму кыйшаят. Ал омуртка тутумунун ж-а буттун кыйшайышына, тамандын жал пайышына, жамбаш сөөгүнүн бузулушуна алып келет. И. болгон балдарга түрдүү жугуштуу оорулар тез жугат. Ошондуктан оорунун белгиси билинери м-н врачка кайрылуу зарыл. И-ди алдын алууну бала курсакта кезде эле баштоо сунуш кылынат. Болочок эне таза абада көп болуп, туура эс алышы ж-а тамактануусу талапка ылайык. Дарылоодо Д витаминин башка дарылар м-н кошо берүү, туура тамактандыруу чоң мааниге ээ.
Д. К. Кудаяров.