ИТТЕРБИЙ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ИТТЕ́РБИЙ (лат. Ytterbium), Yb – элементтердин мезгилдик системасынын III тобундагы хим. элемент. Катар н. 70, ат. м. 173,04, лантоноиддерге кирет. И-дин массалык саны 152Yb –176Yb болгон 27 изотобу белгилүү, а. и. массалык саны 168, 170, 171, 174 болгон жети изотобу жаратылышта табылган. И. жер кыртышындагы массасы б-ча 3·10–4%. 1879-ж. швейцариялык химик Жан Шарль Галиссарде Мариньяк ачкан. И. – күмүштөй ак металл; балкып эрүү t 824°С; кайноо t 1427°С. И-дин этилендиаминтетрауксус к-тасы м-н болгон комплекстик бирикмеси медицинада, изилдөө иштеринде, о. эле алюминий негизиндеги атайын куймаларды алууда колдонулат.