ИТУРУП

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИТУРУ́П – Курил аралдары тобундагы эң ири арал. Сахалин облусунун курамында. Аянты 6,7 миң км2, уз. 200 км, туурасы 27 кмге чейин. Жанартоо массивдери, токол тоолор (бийикт. 1634 мге чейин) бар. Бамбук, карагай-көк кара­гайлуу токой, жапалак арча өсөт. Аралда Ку­рильск ш. жайгашкан. Цунамини алдын-ала билдирүүчү станция иштейт.