ИТ-ТИШ МӨҢГҮЛӨРҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИТ-ТИШ МӨҢГҮЛӨРҮ Тескей Ала-Тоонун түш. капталында. Чоң Нарын суусунун оң курамы – Тарагайдын алабынан орун алган өрөөн тибин­деги үч мөңгү (Чыгыш, Ортоңку ж-а Батыш И.-Т. м.). Ч ы г ы ш И т - Т и ш м ө ң г ү с ү­н ү н уз. 2,9 км, аянты 3,5 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4600 м, этеги 4000 м бийикте жа­тат. Төр тибиндеги мөңгүлөрдүн тобуна кирет. О р т о ң к у И т - Т и ш м ө ң г ү с ү н ү н уз. 3,8 км, аянты 4,5 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4680 м, этеги 4020 м бийикте жатат. Б а­т ы ш И т - Т и ш м ө ң г ү с ү н ү н уз. 4,0 км, аянты 4,1 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4580 м, этеги 3920 м бийикте. Мөңгүлөрдөн Ит- Тиш суусу башталып, Ара-Белге (Тарагайдын жогорку агымы) сол жактан куят.