ИТ КӨЙНӨК
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ИТ КӨЙНӨК – жаңы төрөлгөн наристеге биринчи ирет кийгизилүүчү кийим. Ит көйнөк улгайган адамдардын кийиминен же жыртыла элек эски көйнөктөн тигилген. Көбүнчө ак түстө болгон. Аны алгач ырымдап итке, анан балага кийгизген. Ал баланы оору-сыркоодон сактайт деген ишенимге байланыштуу.