ИТ МУРУН
ИТ МУРУН (Rosa) – роза гүлдүүлөр тукумундагы жапайы өсүмдүк. Бадал, чанда лиана (чырмалма), кээ бири чөп сымал өсөт. Сөңгөгү, бутактары тикендүү, жалбырагы татаал, гүлү беш мүчөлүү, кош жыныстуу, желекчелери түркүн түстө, жалгыздан же топ гүлдөн турат. КМШ өлкөлөрүндө 250дөй түрү кеңири таралган.

Кырг-нда 22 түрү белгилүү. Мөмөсү майда жаңгакча, катуу түкчөлөр м-н капталган. И. м. кант, крахмал, С, В2, К, Р витаминдер ж-а азоттуу
заттарга бай. Анын мө мө с ү т амак - ашка ж-а С витами ни н ал у у да сырьё катары пайдаланылат. Элдик медицинада И. м-дун ашы демделип, боорду, өт баштыгын, ичегилерди, бөйрөктү, табарсыкты, аз кандуулукту дарылоодо ж. б-да колдонулат. И. м. жаратылышта ным ж-а суу сактагычы болуп эсептелет. Алардын тамырлары айланасындагы кыртышты бекем кармайт, селден сактайт, жер көчкүгө туруштук берет. Көп кездешүүчү түрлөрү борпоң И. м. (Rosa laxa), тикендүү И. м, жазы тикендүү И. м. ж. б.