ИТ СЫМАЛДАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИТ СЫМАЛДАР (Canidae) – жырткычтар түр­күмүндөгү сүт эмүүчүлөр тукуму. Дене уз. 40 смден (майда түлкүлөр) 160 смге (карышкыр) жетип, башы сүйрү, тумшугу кууш, кулагы тик, куй­ругу узун. Алдыңкы буттары 5, арткысы 4 ман­жалуу; тырмагы мокок, жүнү жыш. Түсү ар кыл. Антрактидадан башка бардык материкте 14 (же 12) уруусу, 35 түрү таралган. КМШ өлкөлөрүндө 5 уруусунун 8 түрү, Кырг-нда карышкыр, түлкү, ак түлкү, кызыл карышкыр, жанат сымал ит, чөө кездешет. Узак убакыт түгөй куруп жаша­ган моногамдар. Түрдүү ландшафттарды мекен­деп, ийин же үңкүрдө жашайт. И. с. көбүнчө күүгүмдө ж-а түнкүсүн активдүү. Жылына 1 жолу 3–4, кээде 13–16 алсыз күчүк тууйт. Азыгын аңдып жүрүп кармап жейт, жыт сезүүсү жакшы өөрчүгөн. И. с-дын көбү териси баалуу айбанат­тар. Баалуу тери алуу үчүн түлкүнүн айрым түрү капаста багылат. Алар а. ч-га зыян келтирүүчү кемирүүчүлөрдү кырат; куштарга, пайдалуу сүт эмүүчүлөргө, малга кол салып, зыян келтирет. И. с. кутурманын козгогучун алып жүрүп, аны таратышы ыктымал. ТКЭСтин кызыл китеби­не 8 түрү, 2 түрчөсү катталган.