ИУДАИЗМ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИУДАИ́ЗМ – эң байыркы диндердин бири. Ал б. з. ч. 13-к-да еврейлердин улуттук дини ката­ры пайда болгон. Еврей динчилдери өз элин «кудай тандаган эл», ал эми И. аларга кудай­дын өзү тарабынан берилгендигин далилдөөгө далалаттанышат. Чындыгында И. башка дин­дер сыяктуу эле политеизмден монотеизмге ка­рай татаал өнүгүү жолун басып өткөн. «И.» түшүнүгү еврейлердин Иуда уруусунун атынан аталган. Бул уруу бардык еврей урууларына үстөмдүк кылып, алардын Яхве (чагылган, от, суу) кудайы алгач көп сандаган кудайлардын бирине, кийин еврейлердин жалгыз кудайына айланат. Б. з. ч. 13-к-да еврейлер Палестинаны багынтып алгандан кийин Яхве кудайынын урматына Иудей дининин чордонуна айланган Иерусалим храмы курулган. И-дин өнүгүүсүндө төмөнкүдөй үч этапты айырмалоого болот: 1. Б и б л и я л ы к этап – бул мезгилде иудей­лердин Танах деп аталган ыйык китеби калып­танган. Кийин И-ге таянуу м-н пайда болгон христианчылык Танахты эч өзгөрүүсүз кабыл алат да, аны Эски осуят деп атайт. Танахты жазууда Байыркы Чыгыш элдеринин диний ишенимдери, байыркы санжыралар, окуялар, уламыштар, мифтер, ырлар, притчалар ж. б. пайдаланылган. Танахта иудей кудайы Яхве та­рабынан алты күндүн ичинде асман, күн, ай, жылдыз, жаныбарлар ж-а өсүмдүктөр дүйнөсү, о. эле алгачкы адамдардын «жок нерседен» жа­ралгандыгы; Эдемде (жердеги бейиште) жаша­ган алгачкы адамдар Адам м-н Еванын жашоо­турмушу; алардын жасаган күнөөсү, б. а. тур­муштун жашыруун сырын билүүгө далалаттан­гандыгы үчүн бейиштен куулушу; топон суу; Нух пайгамбардын кемеси ж. б. тууралуу сөз кылынат. Эски осуят болуп саналган Танахта диний ишенимдер, адеп-ахлак эрежелери, үгүт­насааттар ж-а ар бир иудей көздүн карегиндей сактоого тийиш болгон 10 насыят чагылдырыл­ган. Өз маңызы б-ча Танах алгачкы жамаат­тык түзүлүштө ж-а эрте кул ээлөөчүлүк доорун­да жашаган адамдардын курчап турган дүйнө тууралуу көз караштарын, б. з. ч. еврейлердин тарыхын, кулк-мүнөзүн, турмуш-тиричилигин фантастикалуу ж-а бурмалаган формада чагыл­дырган диний китеп болуп саналат. 2. Т а л­м у д д у к этапта кул ээлөөчүлүк доордо жа­шаган еврейлердин диний түшүнүктөрү өнүккөн. б. з. 70-ж. Иерусалим храмы римдиктер тарабы­нан талкаланып, еврейлер Палестинадан куу­луп, ар кайсы мамлекеттерде диаспора түрүндө жашоого аргасыз болушкан. Алар синагогалар­да (сыйынуу үйү) чогулуп, Тора (мыйзам) окуп, жаңы шарттарга ылайык анын маани-маңызын чечмелешкен. Торага берилген оозеки баянда­малар, түшүндүрмөлөр кагаз бетине түшүрүлүп, аталган жыйнак Мишна («мыйзамдын кайта­ланышы»), кийинчерээк Гемара («толук түшүн­дүрмө») деп аталган. Мишна м-н Гемаранын биригүүсү Талмуд («окуп-үйрөнүү») деп аталат. Талмудда динге ишенген иудейлердин кылмыш­жаза мыйзамдары, жарандык ж-а үй-бүлөлүк укуктар, адеп-ахлак нормалары, диний догма­ларга берилген түшүндүрмөлөр, культтук иш­аракеттин эрежелери чагылдырылган. 3. Р е­ф о р м а ц и я л о о этабында И-ди модерниза­циялоого болгон тенденциялар күч алат. Учур­да И-де көп сандаган агымдар ж-а секталар бар. И. дини еврей элинин «кудай тарабынан тан­далгандыгына» же мессиянын (кудай тарабы­нан өз бийлигин түбөлүк орнотуу үчүн жерге жиберилген куткаруучу) келишине, жандын өлбөстүгүнө, тиги дүйнөдөгү түбөлүк жашоого, Танах м-н Талмуддун ыйыктыгына ишенүү


түзөт. Иудейлердин пикири б-ча Яхве чыныгы кудай, ал дүйнөнү «жок нерседен» жараткан, ага сыйынуу ар бир еврейдин ыйык парзы бо­луп эсептелет. Танахта Яхвенин душмандарын массалык түрдө өлтүрүү фактылары да сүрөттөл­гөн. И-де тотемизм (мис., чочконун, коёндун, жылкынын этин жегенге болбойт), анимизм (тамак-ашка «дененин кандагы жаны» болуп саналган канды пайдаланууга тыюу салынат) ж-а фетишизмдин (Танахтан алынган үзүндүлөр, цитаталар сакталган кутуча болуп саналган фи­лактерийлерге сыйынуу) саркындылары сакта­лып калган. «Кудай тарабынан тандалган» деп аталган догмага ылайык Яхве еврейлерди ар­тыкча жакшы көрүп, аларды башкалардан жо­гору койгон. Анын белгиси катары кудай ев­рейлер м-н келишим түзөт, ал эми еврейлер баш­калардан айырмалануу максатында сүннөткө олтуруу ырымын кылышат. Яхве еврейлерди коргойт, ал эми еврейлер Яхвеге ишениши аб­зел. Иудейлер акыр заман күнү еврейлердин душмандарын жазалап, дүйнөдөгү жамандык­ты жойгон мессиянын келишине ишенишет. Мес­сиянын келиши м-н дүйнөдө теңдик м-н ади­леттик орнойт. Мессия еврей элине өзгөчө жыр­галчылыктарды тартуулайт. Түркүн жер-же­миштер пайда болуп, оору-сыркоо, согуштар жоголот, еврейлер 1000 ж. чейин жашап, та­тыктуу доорон сүрүшөт. Иудейлер жандын өлбөстүгүнө ж-а тиги дүйнөгө ишенишет. Алар үчүн Танах м-н Талмуд ыйык китептерден бо­луп саналат. Израилде бул китептер мектептер­де окутулуп, алардын текстин жакшы билген­дердин арасында конкурстар өткөрүлөт. Диний жамааттын 10дон кем эмес мүчөлөрүнүн каты­шуусу м-н динчил иудей күн сайын үч маал ку­дайга сыйынып (Яхве кудайына арыз-муң, өтүнүчтөр м-н кайрылуу) ж-а жеген тамагы, ичкен суусу, уйкусу ж. б. үчүн Яхве кудайын мактап турууга тийиш. Иудейлер орозо карма­шат, жаңы төрөлгөн эркек балдарды сегизинчи күнү сүннөткө олтургузушат. 1948-ж. Израиль мамлекети түзүлгөн соң, И. анын расмий дини­не айланган.


Ад.: Краткая еврейская энциклопедия. Иерусалим, 1976–2005. Т. 1–11; Телушкин Й. Еврейский мир. М., Иерусалим, 2006.

Т. Абдылдабеков.