ИХТИОЗАВРЛАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИХТИОЗАВРЛАР (Ichtyopterygia) – сойлоочу­лардын тукум курут болгон классчасы. Уз. 15 м­ге жеткен узун тумшуктуу баш сөөгүндө көп­төгөн тиштери бар жырткычтар болгон. Триастан бор дооруна чейин Америка, Австра­лия, Евразияда кургакта жашаган. И-дын кал­дыктары Түн. жарым шардын мезозой заманын­дагы деңиз чөкмөлөрүнөн ж-а Борб. Европа, КМШ өлкөлөрүнүн аймагында табылган 6 ту­куму, 28 уруусу, 80дей түрү болгон. И-дын ки­йинки муундары сууда жашоого ыңгайланып, түзүлүшү өзгөрүп кеткен. Дене формасы дельфин сымал болуп, тумшугу узун, аяктары калакча­га айланган. Куйругунда ж-а жонунда тери сүз­гүч өсүп, омурткалары эки жакка ийилгич бо­луп, көздөрүндө суунун басымына туруштук берүүчү пластинкалар өсүп чыккан. Алар сууда жашоого өткөндөн баштап, баласын тирүү туу­ганга ыңгайланган. Азыгы балык, баш буттуу моллюска болгон.