ИХТИОЛОГИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИХТИОЛО́ГИЯ (гр. ishthys – балык ж-а ...ло­гия) – зоологиянын балыктардын түзүлүшүн, өнүгүүсүн, таралышын, тиричилигин, система­тикасын, эволюциясын изилдөөчү бөлүгү. Ба­лыктардын түзүлүшүн ж-а органдарынын функ­циясын изилдөө биониканын, негизинен био­гидроакустиканын өрчүшүндө чоң мааниге ээ болду. И. б-ча алгачкы изилдөөлөрдү Индия оку­муштуулары жүргүзгөн (б. з. ч. 6-к.). Балык өстүрүү, алардын тиричилиги ж-дөгү туңгуч китеп б. з. ч. 1-миң жылдыкта Кытайда жарык көргөн. Б. з. ч. 4-к-да Аристотель «Жаныбар­лар тарыхы» деген китебинде балыктарды суу­да жашоочу омурткалуулардын өзүнчө тобу деп бөлгөн. И. Европада 15-к-дан баштап өнүгө баш­таган. 20-к-дын ортосунан баштап ихтиологдор балыктардын жашын, өсүшүн, азыктануусун, көбөйүшүн, таралышын ж-а миграциясын изил­дөөнүн жаңы методдорун иштеп чыгышкан. И-нын негизги милдети – тамак-аш ресурста­рын океан, деңиз сууларынан көбүрөөк алуу, промыселдик балык өстүрүүнү өнүктүрүү, алар­дын кунардуулугун рационалдуу пайдалануу ж. б. Кырг-нда И-нын өсүшүнө Ф. А. Турдаков­дун салымы чоң. И-лык изилдөөлөр КР УИАнын Биология ж-а биотехнология ин-тунун лабор­сында жүргүзүлөт.


Ад.: Турдаков Ф. А. Рыбы Киргизии. Ф., 1963; Юдкин И. Ихтиология. М.,1970.