ИЧЕГИ
ИЧЕГИ – көпчүлүк жаныбарлардын оозунан арткы тешигине чейин созулган тамак сиңирүүчү түтүгү; тамак сиңирүү системасынын карындан кийинки бөлүгү. Жаныбарлардын түйүлдүгүнүн өсүү процессинде И. тышкы чөйрө м-н алгачкы оозу (бластопор) аркылуу байланышкан, баштыктай гаструла стадиясында пайда болгон. Омурткасыздардын көбүндө (алгачкы ооздууларда) бластопор оозго айланган. Ичеги көңдөйлүүлөр м-н жалпак курттарда алдыңкы ичегикулкун, жумуру курттар ж-а омурткасыз жаныбарларда арткы ичеги өсүп чыккан. Омурткалуу жаныбарларда тамак сиңирүү түтүгү бир нече бөлүктөн турат. Кургакта жашоочу омурткалууларда ичке ичеги – он эки эли ичеги м-н башталып, ага тамак сиңирүүчү 2 чоң безден – боор ж-а уйку безден жол ачылат. Көпчүлүк балыктарда, жерде-сууда жашоочуларда, сойлоочуларда ичке ж-а жоон И. өтө кыска болот. Сүт эмүүчүлөрдө И. узун болуп, даана бөлүктөргө (ичке ичеги ж-а жоон ичеги) бөлүнөт. Жоон И. чөп жечүлөрдө узун болуп, түз И. м-н бүтөт. И-нин капталы көбүнчө жылма булчуңдан туруп, симпат нерв системасы ж-а жүлүндүн сезгич нервдери м-н тейленет. И-нин былжыр челинде зил бөлүп чыгаруучу көп сандаган майда бездер болот. Адамдын И-си карындан арткы тешикке чейин созулуп, ичке ж-а жоон И-ден турат. Ичке ичеги ич көңдөйүнүн ортосунда жайгашкан, уз. 5–6 мге жетет. Ал анат. түзүлүшү б-ча 3 бөлүккө (он эки эли ичеги, ичке ичеги ж-а майлуу ичеги) бөлүнөт. И-нин керегеси (капталы) үч катмардан турат. Ички былжырлуу катмары майда түктөр (ворсинка) м-н капталган. Бул түктөр тамак маңызын сорот. Алардын түбүндө ичеги бездери жайгашат, ал бездер бөлүп чыгарган зил ж-а ферменттердин таасири м-н карында эрип үлгүрбөгөн белок, май ж-а углеводдор толук ажырайт. Ичке И-нин ортоңку катмары сырткы ж-а ички булчуң талчаларынан турат. Булчуң талчалардын ичкиси шакек сымал тегерек, сырткысы узунунан жатат. Бул 2 түрдүү булчуң талчаларынын жардамы м-н ичке И. толкун сымал жыйрылып ж-а бошоңдоп, И-ни кыймылга келтирет (перистальтика). Ичке И-нин сырткы бети жылтырак катмар м-н капталган. Жоон И. ичке И-ден башталат. Анын уз. 1,5 мдей. Ичке ичегини алкак сымал айланта курчап жатат. Жоон ичегинин башталышы туюк болуп, ич көңдөйүнүн төмөн оң жагынан орун алган. Ошол туюк моюндун ылдый жагында уз. 3–7 смдей урчук болуп, ал сокур ичеги (аппендикс) деп аталат. Ич көңдөйүнүн оң жагындагы мөөндөн жоон И-нин жогору карай кетүүчү, туура жаткан, төмөн карай кеткен ж-а сигма түрүндөгү бөлүктөрү түз ичегиге (көтөн чучук) өтөт. И-де тамак-аштын ажыроо ж-а анын орг. ж-а орг. эмес заттарын, о. эле суу, туз ж. б. сиңирүү процесстери жүрөт. Ичке ичегиде белок, май, углевод, нуклеин к-талары ж. б. ферменттик ажыроого учурайт. Анда аминк-талар ж-а моносахариддер сиңет. Жоон ичегиде негизинен тамак калдыктарынын жылышына ж-а коюулашына жараша заң пайда болот. Анда К ж-а В витаминдери пайда болуп, ичке И-ден калган тамак калдыктарынын суюктугу кайрадан сиңип, канга өтөт.