ИЧЕГИ КӨҢДӨЙЛҮҮЛӨР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЧЕГИ КӨҢДӨЙЛҮҮЛӨР (Coelenterata же Radialis) – омурткасыз жаныбарлар бөлүмү. И. к. дээрлик бардыгы деңизде сүзүп жүрөт же кыймылсыз бир нерсеге бекип жашайт. Алар полиптер деп аталат. Түзүлүшү радиал – сим­метрлүү. Аларды эки катмарын – экто­ж-а энто­дермасын мезоглей бөлүп турат. Көпчүлүгүнүн денеси цилиндр түрүндө, баш жагында тинтүүр­лөрү м-н курчалган ачык баштыкка окшош оозу жайгашкан, анда тамак сиңирүү жүрөт, бөлүп чыгаруучу тешиги жок, эрибеген тамак калдык­тары кайра оозу аркылуу сыртка чыгарылат. Көпчүлүк полиптер башында жалгыздан жа­шап, кийин бөлүнүп отуруп жүздөгөн, миңде­ген окшош особдордон турган колония (моно­морфтук) түзөт. Ал эми особдорунун түзүлүшү, аткарган функциялары да ар түрдүү болгон ко­лониялар полиморфтук деп аталат. И. к-дүн 3 классы (гидрозон, сифоид медузалар, коралл полиптери), 900дөн ашык түрү бар.

Ж. Карабекова.