ИЧЕГИ ӨТКӨӨЛСҮЗДҮГҮ
ИЧЕГИ ӨТКӨӨЛСҮЗДҮГҮ – ичеги түйүлүп же буралып калганда, ичеги инвагинациясында, б. а. ичегинин бир бөлүгү экинчи бөлүгүнө ки-
рип калганда, ичеги бузулуп же кысылып (бүтөлүп) калганда, чуркунун кысылышы, ичеги глисттер – мите курттар, бөтөн заттар же катыган заңдын туруп калышынан, о. эле ичегинин кыймылдоо функциясы (перистальтика) өтө бузулганда болгон өткөөлсүздүк. И. ө. ич катуу ооруп, курулдап башталат. Ич көөп, жел ж-а заң чыкпайт, оорулуу адегенде ичкен тамагын, кийинчерээк сасык кусунду кусат. Балдардын ичеги инвагинациясында кан аралаш ич өтөт. Ал ичегинин катуу өзгөрүшүнө, жалпы организмдин абалынын оор бузулушуна (уулануу, суусуздануу) алып келет. Ошондуктан дарттын биринчи белгилери билинер замат тез жардам
чакыруу же оорулууну хирург. бөлүмгө жеткирүү
зарыл. Врачка кеч кайрылуу же өз алдынча дарылануу (ичке ысык басуу, клизма жасоо, ич алдырма дары-дармектерди колдонуу ж. б.) өлүм коркунучун туудурат. Алдын алууда аны пайда кылуучу ооруну өз убагында дарылоо ж-а туура тамактануунун мааниси чоң.